Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Молдова: “кылым уурдоосу” мурдагы премьерди абакка cалды


Мурдагы премьер-министр Влад Филат сотто.
Мурдагы премьер-министр Влад Филат сотто.

Молдовада “кылым уурдоосу” деп сыпатталган окуяга байланыштуу алгачкы өкүм чыкты. Кишиневдун соту мурдагы премьер-министр Влад Филатка тогуз жылдык түрмө жазасын чектеди. Бирок Европанын эң жакыр өлкөсү саналган Молдова банктарынан бир миллиард доллар каражаттын чыгарылып кетишине байланыштуу көп жагдайлар али бүдөмүк бойдон калууда.

Молдованын соту 27-июндагы өкүмү менен 2009-2013-жылдардын аралыгында премьер-министрдин кызматын аркалаган Влад Филатты кызматынан кыянат пайдаланган жана коррупцияга аралашкан деп тапты.

Тогуз жылдык түрмө жазасынан тышкары сот өкүмүнө ылайык, мурдагы премьер-министрдин мамлекеттик сыйлыктары алынып, мүлкү конфискацияланышы керек.

Парламенттеги Либерал-демократиялык партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Филат өзү сот өкүмүн айдан-ачык эле саясий жүйөсү бар иш катары баалоодо.

Ушундай эле ойду саясатчынын адвокаты Игорь Попа дагы айтып чыкты:

- Бул иште жыйналган далилдердин көбү колдонууга ылайыксыз. Аларда фактылык каталар толтура жана иш процессуалдык мыйзам бузуулар менен коштолду. Бул кылмыш банктардагы көз боёмочулукка тиешелүү эмес, анда коррупцияга каршы реалдуу да, ыктымал да күрөш жүргүзүлгөн жок. Мен муну сот адилеттигине каршы кылмыш жана саясий соттоо деп атайм.

Премьер-министр кезинде Евробиримдик менен ассоциация келишимине кол коюп, батышчыл багытты карманып, бирок экономикалык кризис жана башкаруучу элитадагы коррупциядан улам калк арасындагы бедели кескин түшкөн Влад Филат былтыр октябрда парламент жыйында камалган. Ал бир миллиард долларды өлкөдөн чыгарып кеткендерден 250 миллион доллар пара алды деп айыпталган.

Башкача айтканда, ал “кылым уурдоосуна” байланыштуу тикелей эмес, кыйыр күнөөлөнүп жатат.

Өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар. Кишинев, 13-январь, 2016-жыл.
Өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар. Кишинев, 13-январь, 2016-жыл.

Бирок кишиневдук саясий талдоочу Игорь Боцан “Азаттык” менен маегинде мурдагы премьердин соту жабык өткөнүнө көңүл бурду:

- Миллиарддын уурдалышы жана бул окуяга байланыштуу сот жараяндарынын жабык өткөнү бизге түшүнүксүз. Молдованын Конституциясында сот жараяндары ачык өтүшү зарыл деп айтылган. Өкмөттөгү расмий адамдардын өз ыйгарым укугун жана бийлигин баюу үчүн кыянат пайдаланган деп айыпталышы эле сот жараяндарын жабык өткөрүү үчүн негиз эмес да. Айтор, күмөн санаткан жагдайлар биртоп.

Игорь Боцан ошол эле маегинде Молдованын учурдагы бийликтери уурдалган милллиардды али табыша электигин да кошумчалады:

- Кролл деген компаниянын иликтөөсү Молдовадан кеткен акчанын маршрутун жана изин даана эле көргөзүп турат. Алар офшордук компанияларга которулган. Азыркы бийлик ушул убакка чейин ошол уурдалды деген акчанын үч пайызын кайтара алганын, издөө тынымсыз уланып, табуу абдан кыйын болуп жатканын айтууда.

Миллиард доллардын өлкөдөн кетишине тиешеси барлардын арасында Кыргызстанда ишкер кызыкчылыгы болгон, атүгүл былтыр мартта президент Алмазбек Атамбаевдин Кишиневго жашыруун сапарын уюштуруп, жеке учагын берген ишкер, азыр Оргеев шаарынын мэри Илан Шордун катышы бардыгы да айтылган. Ал беш күн мурда кайрадан отуз күндүк мөөнөткө камалды.

Илан Шордун ысымы Кыргызстанда да белгилүү.
Илан Шордун ысымы Кыргызстанда да белгилүү.

Молдованын кеминде үч ири банкынан кыска убакытта бир миллиард доллардын чыгарылып кеткени былтыр күздө билинип, мунун арты өлкөдө саясий кризис, миңдеген адамдардын өкмөттүн жана президенттин кызматтан кетишин талап кылган тынымсыз нааразылык акциялары менен коштолгон.

Молдовада быйыл январь айына барып, Павел Филип башындагы жаңы өкмөт куралган болчу. Саясат таануучу Игорь Боцан азыркы саясий туруктуулукту шарттаган өзгөчө жагдайлар бардыгын белгилейт:

- Кырдаал парламент депутаттарынын чейрек бөлүгү өздөрүнүн фракцияларынан чыгышып, белгилүү бир саясий түзүлүшкө кошулушкандан кийин стабилдешти да. Ал саясий түзүлүштүн болсо расмий эмес, бейформал жетекчиси бар. Андыктан, муну легитимдүүлүгү аз, абдан спецификалык стабилдүүлүк деп мүнөздөсөк болот. Дегеле биздин өкмөттүн артында эч кандай коомдук функциясы жок, бирок ошол бийликтин өкүлү болгон координатор турат. Бул утурумдук стабилдүүлүк дагы канчага сакталары түшүнүксүз.

Саясат таануучу Боцан өкмөттүн координатору деп Молдованын эң бай адамы Владимир Плахотнюкту айтып жатат. Азыркы премьер-министр анын кишиси деп саналат.

Молдовада кеминде акыркы 10-15 жылдан бери бийлик үчүн орусиячыл жана европачыл күчтөр атаандашып жүрүшөт. Мыйзам боюнча өлкөдө кийинки шайлоо 2018-жылы өтүшү керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG