Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

АКШ Орусияга жаңы санкция киргизүү маселесин талкуулоодо


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров

АКШ Сириядагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Орусияга кошумча санкция киргизүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер билдирди.

Буга чейин АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эгерде Москва колдогон Башар Асаддын бийлиги Алепподо согуштук аракеттерин токтотпосо, Сирия боюнча кызматташтык үзүлөрүн эскерткен. Өз кезегинде Лавров Вашингтонду Сириядагы оппозициялык жана террордук топторду бири-биринен ажыратып, бөлүү боюнча милдетин аткарууга чакырган. Орусия Тышкы иштер министрлиги Лавров Алепподогу абалды жөнгө салуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүүгө даяр деген позицияны айтканын жарыялады.

Москва менен Вашингтондун ортомчулугу менен 12-сентябрда түзүлгөн тынчтык келишими 19-сентябрда гуманитардык кербен аткылоого кабылгандан кийин бузулган. АКШ бул үчүн орусиялык аскерлерди айыптап, бирок Москва аны четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG