Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Апта: Үч саясатчынын үмүтү, Атамбаевдин жыйыны


Бириккенин жарыялаган Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында.
Бириккенин жарыялаган Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында.

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрдү. Өлкөгө таанымал үч саясатчы бириккенин жарыялады. Алепподо өкмөттүк күчтөр ийгиликтерге жетишти.

1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрдү. Анда беш жыл президенттик мезгилдеги жетишкендиктерден тартып, акыркы мезгилдеги саясий, коррупциялык жаңжалдарга чейинки суроолорго жооп берилди.

Алмазбек Атамбаев беш жылдык мөөнөтүндөгү эң ири жетишкендик катары “элдин ойгонуп” калгандыгын айтты. Ал эми алдыдагы келечек үчүн жакында эмгек өргүүсүнө чыгып, өлкөнүн 2040-жылга чейинки өнүгүүсүнүн стратегиясын жазуу максатын белгиледи. Стратегиялык өнөктөргө келгенде Орусия менен Кытай биринчилерден аталды:

- Стратегиялык өнөгүбүз бул Орусия. Улуу Кытай. Ал Кыргызстандын туруктуу болуп, гүлдөп-өнүгүшүн каалайт. Анткени Борбор Азияда будуң-чаң чыкса, анда Кытайдын Шинжаңына өтөт. Ошондуктан Кытай Борбор Азиянын гүлдөп-өнүгүшүн каалаган өлкө.

Алмазбек Атамбаев коңшу өлкөлөр менен да жакшы мамиледе болууну жактап, айрым учурларда региондогу мамлекеттер арасындагы мамиле бир адамдын жеке маанайына жараша болуп келгенин айтып, маркум Ислам Каримовду кыйыр айыптап өттү.

Атамбаевдин коомдук-саясий абалга баасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:09 0:00

Келерки жылдагы президенттик шайлоо боюнча суроого Алмазбек Атамбаев, учурда системдүү иштеп жаткан “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов же “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин жеңишке жетиши мүмкүндүгүн белгиледи. Ал ошондой эле КСДП да өз талапкери менен чыгарын айтты.

Парламенттеги бул үч партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого да кеңири катышуу менен системалуу иштеген деген аталышка ээ болуп турат. 11-декабрда республиканын 22 шаарында боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо КСДП бардык шаарларга талапкерлерин көрсөткөн. Ал эми “Республика” 21 шаардык кеңешке, “Өнүгүү” 20 шаардык кеңешке катышууда. Канат-бутагын жайып бараткан бул партиялар албетте таасирлүү жана күчтүү. Бирок Кыргызстандын климаты кескин континенталдуу болгондой эле, саясий кырдаалы да өзгөрүлмө экени белгилүү.

Кумтөрдө бурулуш болобу?

Президент Атамбаевдин маалымат жыйынында Акаевдин доорунда калыптанган Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташуудагы коррупцияны жана Кумтөр маселеси козголду. Мамлекет башчы Кумтөр боюнча жаңы келишимге жетишүү алдында турабыз деди:

- Азыр "Центерранын" жетекчилиги менен теңме-тең сүйлөшкөнгө, жолун тапканга бышты да, ачык айтканда. Өзгөчө чоң таасирди референдум берип жатат. Анда Кумтөр боюнча кылмыш мөөнөтү эскирбейт. Кудай буйруса, Кумтөр боюнча эмдиги жылы бир топ жылыштар болот. Мурун эсепке алынбаган, баары берилбеген нерселер "Центерра" тарабынан башкача карала баштады. Албетте, бир топ жаңылык да угабыз деп турам.

Жаза мөөнөтү эскирбейт деген мыйзам менен бардык афералык келишимдерге тиешеси бар “Центарранын” төбөлдөрүн, Канада жарандарын жоопко тартуу эч реалдуу эместигин адистер кайталап келишет.

Кумтөр кени казыла баштагандан бери Кыргызстан үч жолу эң ири кыянаттыкка кабылды. Биринчи жолу өлкө 1993-жылы Кумтөрдө комбинат куруу боюнча келишимде алданды. Кенди эч кандай сынаксыз алган "Камеко" комбинатты 250 млн долларга курабыз деп, бирок анын баасын 460 млн доллардан ашырып жиберген. Натыйжада республика келечек кирешеден дароо эле ажыраган. Андан кийин 2003-жылы республиканын 67% үлүшү таламандын так түшүндө эле 33% айланып, болуп көрбөгөн афера жасалган. Андан кийин ушундай эле көрүнүш 2013-жылы кайталанды. Анда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин Кумтөрдө үлүштөрү 50% болгон биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишими Сатыбалдиевди кызматтан кетирүү менен аяктаган.

Көмүрдөгү көөлөнгөн бизнес

Бишкек ТЭЦине көмүр ташуудагы коррупциялык схемага президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында токтолду. Президенттин маалымат кызматы болсо, 2014-жылдагы көмүр жаңжалында ал кездеги башкы прокурор Аида Салянованын өзү турушу мүмкүндүгүн ачык эле кыйытты.

Аида Салянова өз кезегинде “көмүр бизнесинде” жогорку адамдардын кызыкчылыгы жатканын ырастады:

- 2014-жылы күзүндө Бишкек жылуулук борборунда коррупция болуп жатат, бир эле компания тендерди утуп жатыптыр деген маалымат келип түшкөн. Көп өтпөй эле Атамбаев бул маселе боюнча чогулуштарды өткөрө баштады. Ошондо ал кездеги энергетика министри Артыкбаев Атамбаевдин атынан барып, Бишкек ТЭЦтин жетекчилигин “Прогресс” компаниясы утушу керек деп коркутканы тууралуу айтылды.

Президент Атамбаев менен мурдагы баш прокурор Аида Салянова.
Президент Атамбаев менен мурдагы баш прокурор Аида Салянова.

2014-жылдагы көмүр жаңжалында Башкы прокуратуранын кысымынан ал кездеги “Электр станциялар” акционердик коомунун башчысы Абдылда Исраилов “жүрөгү кармап” ооруканага жатып калган. Борбордук бийлик Башкы прокуратурага каршы УКМКны колдонуп, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Нуртазин Жетибаев баш болгон бир нече адамды камакка алган. Кийинчерээк көмүр жаңжалы боюнча Жетибаев алты жылга, Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Капаров жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Алар колдогон делген “Жезказган энергосбыт” менен келишим бузулуп, көмүр ташуу укугу борбордук бийлик колдогон Александар Машкевич жана Алижан Ибрагимовго таандык “Прогресс компаниге” өткөрүлүп берилген.

Айтмакчы, Алижан Ибрагимов Жерүй алтын кенинин 40% ээлик кыларын "Форбес" жазып чыкты. Демек, Муса Бажаев Жерүйдү аны менен бөлүшкөндөй. Ал эми Бишкек ТЭЦине көмүр ташуудагы коррупциядан бийлик башындагылар Акаев доорунан бери 10 млн доллардан 30 млн долларга чейин пайда көрүп келгенин кыргызстандык эксперттер санап келет.

Үчөөнү бириктерген себеп...

Президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрөрдөн бир күн мурун Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев маалымат жыйын куруп, биригишкенин жарыялашты. Үч саясатчы “Ата Журт” партиясынын базасында биригип, 2017-жылы президенттик шайлоого бир талапкерди алып чыгуу чечимине келишкенин билдиришти.

Камчыбек Ташиевдин айтымында, президенттик шайлоого үчөө тең даярдана берет, кимдин чыгаары кырдаалга жараша чечилет:

- Кырдаалга жараша, убактыга жараша, кудай буйруса, үчөөбүздөн кимибиз чыгып, кимибизди президенттикке сүрөөрүбүздү убагы келгенде айтабыз.

Үч саясатчынын ичинен Акматбек Келдибековдун президенттик шайлоого катышуусуна мыйзам жол бербейт. Анын соттолгондугу бар. Ошондуктан “Ата Журттун” атынан чыккан бирдиктүү талапкер Камчыбек Ташиев же Адахан Мадумаров болушу ыктымал. Эки саясатчынын тең президенттик амбициясы күчтүү болгондуктан биригүүнүн келечегине күмөн санагандар да арбын. Анын үстүнө алар биригишкени жөнүндө буга чейин да жарыялап, бирок анын аягы натыйжалуу болгон эмес.

Бул үч белгилүү саясатчы учурда партия куруу жагынан ошол эле “Республика”, “Өнүгүү” жана “Кыргызстан” партияларына караганда өксүп турат. Өзгөчө финансы жана уюштуруу жагындагы өксүктөр даана байкалат. Мына ошонун натыйжасында алар парламенттен сыртта калып, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго да дурустап катыша албай турушат.

Адахан Мадумаровдун айтымында, үч саясатчынын катарына “Каршылык көрсөтүү” кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев жана башка саясатчылар да кошулууда. Келечекте үчөөнүн күч алышына жараша башка саясатчылар да кошулушу мүмкүн. Ошентип, үч саясатчы келерки жылдагы президенттик шайлоого аттанышканын жарыялашты.

Талпынган талапкерлер

Буга чейин президенттик шайлоого катышарын мурунку өкмөт башчы Темир Сариев жарыялап, айрым даярдыктарды жана эл менен жолугушууларды өткөрүп баштаган. Темир Сариев да “Ак шумкар” партиясы менен парламенттен окчун калып, жергиликтүү кеңештерге шайлоого дурустап катыша албай отурат.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

Булардан сырткары президенттик ат салышта “төгөрөгү төп келип” турган саясатчы Өмүрбек Бабанов. Анда финансы, маалымат каражаттары, канат-бутак жайган партиясы жана өкмөт башчылык тажрыйбасы да бар. Камчыбек Ташиев сыяктуу өнөктөн ажыроо дагы Бабанов үчүн олуттуу сыноо болуп калмакчы.

КСДПнын көзгө сүртөөр кадрлары - Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов. Булар белгилүү саясатчылар. Бирок бийлик алардын кайсы бирине токтолуп, кимисин сүрөөрүн чече электей.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Албетте, Өмүрбек Текебаевдин айланасында да бир топ саясатчылар топтолууда. Канатбек Исаев, Равшан Жээнбеков жана башкалар. Бул күчтүн шайлоодо ресурсу жетишсиз. Муну “Ата Мекендин” Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартуусу да айгинелеп турат. Ошондуктан бул күч шайлоодо эмес, кризистик кырдаал жаралса “байгени эңип” кетүү оңтоюн көздөп турат. Анткени азыркы учурда бийлик менен тикесинен тик туруп күрөшүп, айбатынан тайбаган дал ушул күч болуп жатканы белгилүү.

Алепподо өкмөт ийгиликке жетишүүдө

Эл аралык саясатта узап бараткан жумада бир нече олуттуу өзгөрүүлөр болуп, олуттуу чечимдер кабыл алынды. Сирия фронтунда президент Башар Асаддын күчтөрү Алеппо шаарынын чыгышында олуттуу жеңиштерге жетишти. Алар куралдуу оппозиция ээлеген аймактын 1/3 бошотуп, Алепподон оппозицияны сүрүп чыгууга жакындап калганы айтылууда.

Алеппо.
Алеппо.

Бул Сирияда аскерий операция жүргүзүп жаткан Орусиянын да жеңиши катары бааланууда. Бирок ал жеңиштин курмандыгы эбегейсиз болуп, согуштун айынан Алеппо чоң көрүстөнгө айланып калары эскертилди. Улуттар уюмунун гуманитардык маселелер боюнча координатору Стив О. Брайн БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылды:

- Кагылышып жаткандарга жана аларга таасири бар тараптарга адамзаты үчүн кайрылып суранабыз, тынч жарандарды коргоп, Алеппонун чыгышы чоң көрүстөнгө айланардан мурда ал жерге кирип-чыгууга жол бергиле.

Геосаясий күрөштө Москваны акыркы кезде ийгиликтер көбүрөөк коштой баштаганы байкалат. Буга чейин Болгарияда, Молдовада Орусияга жан тарткан саясатчылар президенттик шайлоодо жеңишке жетишсе, узап бараткан жумада Францияда да ошондой багытта кадам ташталды. Бул өлкөдө өткөрүлгөн праймеризде Республика партиясынан президенттикке талапкерликти мурунку өкмөт башчы Франсуа Фийон жеңип алды. Ал орус президенти Владимир Путин менен жакшы ымаладагы адам катары белгилүү. Май айында өткөрүлө турган президенттик шайлоодо Франсуа Фийондун жеңишке жетүү ыктымалдыгы көбүрөк экендиги да айтылууда. Анткени Республика партиясынын атаандашы, бийликтеги Социалисттик партия бир топ алсырап, анын лидери азыркы президент Франсуа Олланд президенттик шайлоого катышпасын бейшемби күнү жарыя кылды. Калк ичинде кадыры өтө төмөндөп кеткен Олланд Франция тарыхында президенттик биринчи мөөнөттөн кийин экинчи мөөнөткө аттанбашын билдирген биринчи саясатчы катары аталууда.

Түштүк Кореяда импичмент

Түштүк Кореяда президент Пак Кын Хе айым президенттик кызматты таштап кетүүгө даярдыгын билдирди. Анын мындай чечим кабыл алуусуна курбусу Чхве Сун Сил жана эки жардамчысына байланыштуу жаңжал себеп болду. Президенттин жан-жөкөрлөрү бийликти пайдаланып банк жана ири корпорациялардан 65 млн долларды опузалап алган деп айыпталууда.

Президент Пак Кын Хе (оңдо) курбусу Чхве Сун Сил менен.
Президент Пак Кын Хе (оңдо) курбусу Чхве Сун Сил менен.

Прокуратура президент алар менен бирге болгон деп, бирок кол тийбестигине байланыштуу айып кое албай келе жатат. Өлкө борбору Сеулда жүз миңдеген адамдар митингге чыгып, президенттин кызматтан кетишин талап кылууда. Мына ушундай шартта Пак Кын Хе тагдырын парламентке тапшырды. Парламент болсо импичмент боюнча добуш берүү күнүн 9-декабрга белгиледи.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG