Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Түркия президенти Абдуллах Гүл Кыргызстанда


Шейшемби күнү Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түркиянын президенти Абдуллах Гүл 27-майда кыргыз президенти менен өкмөт үйүндө сүйлөшүүлөр өткөрдү. Бейшемби күнү Абдуллах Гүлдүн кыргыз парламентинде сөз сүйлөөсү белгиленүүдө.

Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Түркиянын мурунку президенти мындан тогуз жыл илгери Бишкекке расмий сапар менен келген. 2006-жылы сентябрь айында президент Курманбек Бакиев Анкарада расмий сапар менен болгон.

Тогуз жылдан кийин Кыргызстанга келген түрк президентин Бишкек жогорку деңгээлде тосуп алды. Салтка ылайык 27-майда өкмөт үйүнүн алдына ардак кароол тизилип, эки өлкөнүн туулары желбиреди.

Расмий тосуп алуулардан кийин президенттер Курманбек Бакиев менен Абдуллах Гүлдүн көзмө-көз сүйлөшүүсү болду. Анын соңунда делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңиртилген курамда сүйлөшүүлөр орун алды.

Белгилей кете турган нерсе, түрк президенти менен сүйлөшүүлөр башынан аягына чейин мамлекеттик тилде өттү.

Президент Бакиев көзмө-көз сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу буларды билдирди:

- Жаңы эле биз президент Абдуллах Гүл мырза менен эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкууладык. Кыргызстан Түркиянын чыныгы жана ишенимдүү өнөгү экенин белгилеп кетким келет. Саясий, экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулар мындан ары да тереңдей бермекчи.

Түрк президенти эки тарап Ооганстан маселесин да талкуулаганын билдирди:

- Өзгөчө Ооганстанда туруктуулук маселесин талкууладык. Ал өлкөдөгү абалды жакшыртуу үчүн колдоо көрсөтүү керектигин да айтып өттүк, деген Абдуллах Гүл аны менен кошо түрк ишкерлеринин жоон тобу келгенин, алар Кыргызстанга инвестиция салуу жагын иликтешерин кошумчалады.

Эки президенттин сүйлөшүүсүнүн соңунда декларацияга кол коюлду. Декларацияда Кыргызстан Түркиянын Европа Биримдигине кирүү аракетин кубаттаса, Түркия Кыргызстандын региондогу суу-энергетикалык маселелерди эки тараптуу жана көп тараптуу форматта чечүү аракетин кубаттаган.

Ошондой эле тараптар Ооганстан боюнча эл аралык коомчулуктун программасына катышууну жакташып, ооган чатагын жөнгөрүү боюнча Кыргызстандын “Бишкек демилгесин” Түркия колдоого алаары декларацияда белгиленди.

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда айлана-чөйрөнү коргоо багытында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Түрк президент ошондой эле Чыңгыз Айтматов жалпы түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу экенин белгилеп, “Ата Бейитте” болоорун билдирди.

Абдуллах Гүлдүн сөзүнө караганда, эки тарап Кыргыз-түрк "Манас" университетинде жогорку технологиялардын “Технопаркын” уюштурушат.

Эки президенттин маалымат жыйынында Курманбек Бакиев түрк президентинин сапарына өзгөчө маани берип жатканын айтуу менен буларга токтолду:

- Кыргызстан Түркияны башкы тышкы саясий өнөктөрүнүн бири катары карай турганын канааттануу менен белгилегим келет. Буга биздин окшош салттарыбыз, тилибиз, маданиятыбыз түрткү болот, деген Курманбек Бакиев түрк ишкерлерин кыргыз тарап сунуштаган долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.

Тараптар быйыл Түркияда Кыргызстан күндөрүн, ал эми келерки жылы Кыргызстанда Түркия күндөрүн өткөрүүнү белгилешти.

Түрк президенти Абдуллах Гүл ошондой эле Кыргызстанда президенттик шайлоо ийгиликтүү өткөрүлүп, өлкөнүн демократиялык багытын бекемдешин каалап кетти.

Түрк президентинин 28-майда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөөрү белгиленген.




  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG