Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Оппозиция жаңылана баштаарын билдирди. Дэвид Петреус Борбор Азия регионуна сапарынын алкагында Өзбекстанда маанилүү жолугушуулар өткөрдү . Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу качан башталат?

Оппозиция БЭКти партияга айлантабы?

Президенттик шайлоодо ийгиликке жетише албаган кыргыз оппозициясы жаңылануу жана өз катарында тартипти чыңдоо маселесин койду. Тартипти чыңдоо үчүн эки жол сунушталды. Анын биринчиси, оппозициялык күчтөрдүн башын кошуп келаткан Бириккен Элдик Кыймылды саясий партияга айлантуу сунушу болду. Экинчисине ылайык кайсы бир саясий партиянын айланасында оппозициялык күчтөрдүн баш кошуусу сунушталды. Азырынча оппозиция мына ушул жолдордун экөөсү менен тең жыла бере турган болууда. Ал үчүн бир жагынан Бириккен Элдик Кыймылда тартипти чыңдоо үчүн анын жаңы жобосу иштелип чыга турган болсо, экинчи жагынан “Ата Мекен” социалисттик партиясы менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын базасында солчул күчтөрдүн биригүүсү сунушталды.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппозициянын биригүүсү саясий партиялардын базасында болуш керектигин
жактайт:

-“Ата Мекен” партиясы 1990-жылдан бери келатат. Биз социалисттик багыттагы партиябыз. 1994-жылдан бери Социал-демократиялык партия келатат. Ал дагы биз менен бир багытта. Таптакыр жаңы партия түзүп кетебиз деген алабарман сунуштар да болушу мүмкүн. Бирок тарыхты, көп жылдан бери тандап алган багытты таштап кетүү бул өзү саясий жеңил ойлуулук болуп калат. Ошондуктан мен ойлоймун, БЭКтин мүчөлөрү бүгүнкү партияларга өздөрү тандап кириш керек. Негизинен биз Социал-демократиялык жана “Ата Мекен” партиясы келечекте бир партия болобуз деген багытты тандап алганбыз.

Ошентип солчул күчтөр “Ата Мекен” жана Социал-демократиялык партиянын айланасында баш кошуусу күтүлүүдө.

Ал эми Бириккен Элдик Кыймылдын катарында солчул эмес, улуттук-демократиялык көз карашка жакын саясатчылар да бар. Ал ошол эле Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Эмил Каптагаев, Топчубек Тургуналиев жана Мукар Чолпонбаевдер.Ошондуктан бул саясатчылар үчүн Бириккен Элдик Кыймылдын алкагында иш жүргүзүү көбүрөөк керектей болуп турат. Бириккен Элдик Кыймылды партияга айлантуу демилгеси да ошондуктан ушул саясатчылар арасынан чыгып, бирок ал демилге кыймылдын жаңы жобосун иштеп чыгуу менен чектеле турган болду. Жаңы жобону жазуу Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топко тапшырылды.

Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев жетектеген партиялардын жакын арада биригип кетүүсү кыйын болуп турат. Мүмкүн ал кезектеги парламенттик шайлоонун жакындашы менен ылдамдайт. Анткени партиялык тизме менен 2007-жылы болгон парламенттик шайлоо оппозициянын биригүүсүнө олуттуу түрткү бергени белгилүү.

Саясат таануучу Марс Сариев оппозициянын жаңылунуу аракетин туура кадам катары баалады:

- Оппозиция туура маселе көтөрүп жатат. Менин оюмча, оппозиция программасын, стратегия, тактикасын өзгөртүш керек. Анан бийликке талапкерликке жаңы лидерлерди жылдырыш керек. Менин оюмча, оппозиция бийликке саясий технология боюнча утулуп калды. Ошон үчүн аналитикалык борбор түзүш керек.

Финансы каражатынын аздыгы, өз телеканалдарынын жоктугу, жер-жерлерде уюмдарынын алсыздыгы оппозициянын шайлоодо аксоосуна алып келди. Бул кенемтенин жакынкы келечекте түзөлүп кетиши күмөндүү. Анын үстүнө оппозициядагы чөнтөктүү адамдар бийлик тарапка өтүп кеткен.

Ташкен Вашингтонго, Бишкек Москвага...

Кыргызстанда күзгү саясий сезондун алгачкы эпкиндери байкала баштаган учурда АКШнын Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Дэвид Петреус Бишкекте болуп кайтты. Ал Кыргызстанда тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев менен жолугушканы маалым болду. Президент Курманбек Бакиев эмгек өргүүсүндө болгондуктан аны менен жолугушуу болгон жок.

Бирок Дэвид Петреус Өзбекстанда олуттуу жолугушууларды өткөрө алды. Ташкенде америкалык генералды президент Ислам Каримов
баш болгон жетекчилер кезеги менен кабыл алып, эки тарап кызматташуу боюнча меморандумга кол коюуга жетишти.

Талдоочулар Өзбекстандын АКШ менен жакындашуу багытындагы бул кадамын Россиянын Кыргызстан түштүгүндө аскердик база орнотуу аракетине жооп катары баалап жатышат. Белгилүү болгондой Ташкен, Бишкек менен Москванын Кыргызстандын түштүк регионунда база ачуусуна каршы пикирин билдирген. Ташкен Кыргызстан менен Россиянын Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу аракетине да терс мамилесин ачыктаган. Андан сырткары Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ылдам аракеттенчү күчтөрү боюнча келишимге кошулуудан да баш тарткан. Бир эсе дал ушул Өзбекстандын айынан ЖККУнун ушул жумага белгиленген Казакстандагы машыгуулары да кийинки мөөнөткө жылдырылып жатат дейт саясат таануучу Орозбек Молдалиев:

- ЖККУнун жакында Казакстанда машыгуусу башталмак. Ага Өзбекстан катышууга макул болбой коюп, мөөнөттөрү которулуп жатат. Бул маселени Беларусь да чечпей жатат. Ошон үчүн Өзбекстан тышкы саясатта кадамдарды жасап, демарш жасагынын көрсөтүп жатат.Бул- мына биз Америка менен эле ыңгайлашып кетип калабыз деген сөз.

Молдалиев өзбек- америка жакындашуусу жана Кыргызстан түштүгүндө аскердик база ачуу маселесине мындай көз карашын билдирди:

- АКШ Өзбекстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Ошондуктан өзүнүн орбитасына Өзбекстанды тартып алууга аракет кылып жатат. Беш миллион Кыргызстанга караганда, 20-25 миллион калкы бар Өзбекстандын геосаясий салмагы чоң. Өзбекстан түштүктө Россиянын базасын ачтырбайбыз деген кадамдарды жасап жатат. Бул маселе өтө кыйын маселе. Ал боюнча Кыргызстан менен Россия ушундай татаал маселелерди чечип туруп, андан кийин базаны ачыш керек. Ал эми Россия күчкө салып ачып койсо, Өзбекстан мындан да алыстай баштайт. Ошон үчүн ушул ыңгайлуу шартты Кошмо Штаттар пайдаланып, генерал Дэвид Петрэус келип кетти. Мунун артынан эми Мамлекеттик департаменттин делегациясы келиши мүмкүн.

Кыргызстан болсо Россияны башкы стратегиялык өнөктөшү катары тандап алып, ошого жараша саясий чечимдерди кабыл алып жатат. Ал Канттагы базанын турушун 49 жылга узартуу, Россиянын жаңы аскердик базасын түштүк региондо жайгаштырууга макулдук берүү чечимдери.

Ал эми Кыргызстан менен Россиянын экономикалык кызматташуусунун негизи боло турган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча эки тараптуу кандай иштер жүрүп жатат? Белгилүү болгондой ГЭСти курууга Россия 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлө турган болуп, эки тарап февраль айынын башында Москвада келишимге кол койгон. Ошол мезгилден бери ГЭСти куруу боюнча кандай иштер жүрүп жатканы коомчулукка белгисиз.

Бирок Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча орус тарап менен тийиштүү иштер жүрүп жатканын “Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков билдирди. Анын айтымында, эки тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча биргелешкен ишкананы түзүп, аны Бишкекте каттоодон өткөрүштү. Биргелешкен ишкананын директорлор кеңеши түзүлдү. Анын курамына орус тараптан үч өкүл, кыргыз тараптан Сапарбек Балкыбеков жана Автандил Сыдыков кирди. Эми биргелешкен ишкананын аткаруу башкармалыгын түзүү иштери жүрүп жатат. Курула турган ГЭСтин техникалык экономикалык негиздемесин да франциялык компания түзүп жатканын Сапарбек Балкыбеков белгиледи:

- Техникалык экономикалык негиздемеси мындай болуп жатат: ал боюнча француздардын эки этаптагы отчетун алдык. Эми үчүнчү этаптагы отчету калды. Ал отчетто Камбар-Ата-1дин экологияга кандай таасири болору көрсөтүлөт. Ошону күтүп жатабыз.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу качан башталышы мүмкүн деген суроого Балкыбековдун жообу мындай болду:


- Биз сүйлөшкөн план боюнча ушул жылдын күзүнөн баштап Камбар-Ата-1ди куруунун алгачкы чаралары көрүлө баштайт. Биринчиден жолдорду куруу, инфраструктура жана базаларды түзүү. Эмки жылдын ичинде долбоорду түзүшүбүз керек. Анан 2010-жылдын аягынан баштап түздөн-түз куруу иштери башталат.

Россиянын 300 миллион доллар жеңилдетилген насыясы болсо апрель айында эле Кыргызстанга келип түшкөн. Бишкек аны кайсы долбоорлорго жумшоону ушул кезге чейин ойлонуп жатат. Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине насыяны пайдалануу боюнча 200дүн тегерегинде долбоор түшкөнү бейшемби күнү айтылды. Ал долбоорлорду каржылоо, каржылабоону Алексей Елисеев башында турган Өнүктүү фонду чечет. Анткени 300 миллион доллар мына ошол фондунун карамагына берилген.

Башкаруу системасы реформаланабы?

24-августан тарта мамлекеттик органдардын жайкы эс алуудан ишке өтүшү күтүлүүдө. Анткени дал ушул күнү президент Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Игорь Чудиновдун эмгек өргүүсү соңуна чыгып, кызмат ордуларына келиши белгиленген. Андан бир жумадан кийин 31-августа Эгемендүүлүк майрамы белгиленип, 1-сентябрдан тарта парламент да күзгү сессиясына чогулат.

Көпчүлүктө президенттик шайлоодон кийин өкмөт жаңыланат деген күтүү болгон. Эми мына парламенттин ишке кириши менен өкмөт алмашат деген божомолдор бар. Бирок Конституцияда президенттик шайлоодон кийин өкмөттүн алмашуусу каралган эмес. Белгилүү болгондой өкмөт башчылыкка талапкерди парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партия көрсөтөт. Ошондуктан азыркы мезгилде өкмөттүн кызматтан кетүүсүнө саясий эле болбосо, укуктук негиз жок.

Президент болсо башкаруу жана билим берүү системасында реформа жүргүзөөрүн ачыктаган. Бул убада кылынган реформалар кандай болоорун саясат таануучулар да, саясатчылар да так элестетип айта албай турат.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков башкаруу системасын реформалоо маселесине мындай оюн айтты:

-Менин оюмча, кайсы бир структураларды, райондорду же облустарды жоюп, кандайдыр бир катуу “төөнү шыйракка чапкандай” нерселер күтүлбөйт. Анткени бизге окшогон өткөөл мезгилде турган өлкөлөрдө бул дайым эле жакшылыкка алып келе бербейт. Ошон үчүн кошуна мамлекеттер Россия, Казакстан бийликти күчтөндүрүп жатат. Бизде да бийликтин көп структураларын күчтөндүрүш керек. Башка маселе, эгерде бири-бири кайталаган, бирин-бири толуктабаган, чачыранды кандайдыр бир структуралардын жоюлушу, кызматкерлердин кыскарышы мүмкүн.

Дагы бир саясат таануучу Орозбек Молдалиев бизде реформа деген түшүнүктүн деформацияланганын белгилейт:

- Эми бул маселе... Реформалоо дегендин ар кандай жактары бар. Кандай түрдө реформа болоору ачык айтылган жок. Бизде мындай болуп жатат да, кадрларды кыскартканды эле реформалоо деп түшүнүп жатабыз. Ал реформалоого кирбейт. Реформалоо деген башкаруу системасын өзгөртүп түзүү. Бизде реформалап жатабыз деп, бирин-бири кайталаган органдарды кыскартабыз деп койгону бул эми чала-чарпык иш. Бул реформа эмес.

Бийликке жакын адамдардын сөзүнө караганда, президенттин айланасындагы күчтөр президенттин экинчи мөөнөтүн өзгөрүүлөр менен баштоого кам уруп, өздөрүнүн долбоорлорун даярдап жатышат. Ал күчтөр көмүскөдөгү күчтөр болгондуктан,алар кандай өзгөрүүлөрдү сунуштаары азырынча табышмак болуп турат.












  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG