Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Президент өзгөрүүнү администрациясынан баштайбы?..


Президент башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртөөрүн жарыялады. Ал өзгөрүүлөр кандай болоору 1-сентябрда парламенттин жыйынында ачыкталат.

26-августта президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевди кабыл алып, 1-сентябрда парламентте сөз сүйлөөрүн билдирди. Күтүлүп жаткандай Жогорку Кеңеште президент башкаруу системасын реформалоо тууралуу өзүнүн сунушун ачыктайт. Айрым маалыматтарга караганда, реформа президенттик администрациядан баштап, министрлер кабинетинин жаңы структурасын түзүү менен коштолот.
Президенттик администрация жоюлуп, президенттин катчылыгы калаары белгиленүүдө.

Президент жарыялаган түп-тамыранан бери өзгөрүүдө президенттик администрация жоюлуп, президенттин катчылыгы калып, документтер менен иштеген канцелярия түзүлүшү белгиленүүдө. Өкмөт үйүндө бир аппарат болот. Ал аппарат президенттин да ар кандай суроо-талаптарын канааттандырууга пайдаланылат. Андан сырткары министрликтердин санынын кыскарышы күтүлүүдө.
Мындай өзгөрүүлөр жүргүзүлсө, анда Конституцияга да өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Анткени Конституциянын 46-беренесинин 6-бөлүгүндө президенттик администрациянын кандай түзүлүшү каралган.

Президенттик администрацияны жоюу жолу менен КМШ мамлекеттеринин ичинен Украина президенти барганы белгилүү. Азыркы мезгилде Украина президентинин ишин президенттин катчылыгы камсыз кылат.

Оппозициялык “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев өлкөнүн башкаруу системасын реформалоодо кечигүү болуп
жатканын билдирди:

- Административдик реформа - бул учурдун талабы. Чынын айтканда биз абдан кечиктик. Бүгүнкү базар шартына башкаруу системасы толук жооп бере албайт.Экинчиден, биз үч тепкичтүү башкаруу системасына өтүшүбүз керек. Үчүнчүдөн, биз өкмөткө мүмкүнчүлүк берип, аларды чакан, кесипкөй кылып, аларга чарбалык, экономикалык тармакта Конституцияда бекитилген укуктарын аткарууга мүмкүнчүлүк бериш керек.

Саясат таануучу Марат Казакпаев президенттик администрациянын жоюлуш мүмкүндүгүнө карата мындай пикирин билдирди:

- Дүйнөлүк тажрыйбада ошондой негизи. Ыйгарым-укуктарды көбүнчө өкмөткө бериш керек. Ошондуктан андай жол туура эле. Катчылык менен канцелярия сыяктуу орган калып, калгандары өкмөткө берилиш керек.

Курманбек Бакиев жыл башында жаңы багытын, же акыл менен калчанган саясат жүргүзөрүн жарыялаган. Көпчүлүк, айрыкча өкмөттүк эмес уюмдар жана саясатчылар президенттин жаңы курсу менен өлкө демократиялык жараянга, адам укуктарын урматтоого кайра бурулат деп үмүттөнүп калган.

“Бирок оппозицияга жасалган кысымдар, акыркы мезгилде Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловду мамлекеттик абакта кылмыш дүйнөсүнүн колу менен кысымга алуу, аларды сабатуу өзгөрүү болбосунан кабар берет”,- дейт оппозициялык саясатчы Исмаил Исаков.

Азыркы мезгилде жаңы багыт эмес, жаңы башкаруу системасы тууралуу сөз боло баштады. Ал канчалык терең жана канчалык кеңири болоору 1-сентябрда ачык болмокчу. Азыркы мезгилде болсо реформанын акыркы чекит, үтүрлөрү макулдашылып, иштелип жатканы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG