Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Апта: Президенттик реформа, бюджет...


Президент башкаруу системасы реформаланарын билдирди. Кыргызстанда чочко тумоосу катталды. Өкмөт келерки жылдын бюджет долбоорун кабыл алды.

Эгемендүүлүктүн эртеңи реформа менен коштолобу?

31-августта Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнүн 18 жылдыгын белгилейт. Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин айтуусуна караганда, майрамдык иш чаралар жер-жерлерде, Бишкекте борбордук аянтта, парктарда оюн-зооктор уюштурулат. Президент катышкан салтанаттуу жыйын 31-августта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Эгемендүүлүк майрамдын эртеси, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин сессиясы ачылып, ал жерде президент жума башында жарыялаган өлкөнүн башкаруу системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү кандай болоорун ачыктайт . Ал өзгөрүүлөр кандай болоору тууралуу азырынча расмий түрдө айтыла элек. Ал эми бейрасмий алынган маалыматка караганда, президент реформаны өзүнүн администрациясынан баштайт. Тагыраак айтканда президенттик администрация жоюлат. Президенттин алдында канцелярия түзүлөт жана азыркы кездеги катчылык сакталып калат. Президент өз администрациясында баштаган өзгөрүүнү калган мамлекеттик структуралар улантып кетүүгө тийиш.

Бийликтеги “Ак жол” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Табылды Орозалиев президенттин реформасы кандай болоору тууралуу айтуу азырынча эртелик кылаарын, аны 1-сентябрда президент Жогорку Кеңешке келгенде угууга чакырды:


- Президент өзү келгенде өз оозунан угалык. Документ менен тааныш болбогондон кийин алдын-ала айта бериш кыйын го. Президент өзү келгенде угабыз.

Бирок президенттин башкаруу системасын түп-тамырынан бери реформалоо аракети Конституциянын өзгөрүүсүнө да алып келиши ыктымал. Муну “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев белгилейт:

- Администрацияны жоюп, канцелярия кылыш үчүн Конституцияны өзгөртүш керек. Анткени Конституцияда белгиленген президенттин укуктарында жазылып турат, президент өзүнүн администрациясын түзөт жана аны дайындайт, анын укуктарын бекитет деп. Ошон үчүн эртең канцелярия болуп калат деш, Конституцияны өзгөртмөйүнчө кыйын болуп калат. Мүмкүн администрациянын аты калып функциясы өзгөрөт. Бул башка маселе.

Саясат таануучу Марат Казакпаев президенттик администрациянын жоюлуш мүмкүндүгүн эл аралык практикага ылайык иш катары баалады:

- Дүйнөлүк практикада ошондой негизи. Көбүнчө ыйгарым-укуктарды, механизмдерди өкмөткө бериш керек. Ошондуктан президенттин көздөгөнү туура. Канцелярия жана кандайдыр бир баш ийген орган калыш керек. Калган ыйгарым-укуктарды өкмөткө берип коюш керек.

Өкмөт өз ролун аткарууда

Мамлекеттин башкаруу системасында чоң өзгөрүүлөр күтүлүп жатканына карабай өкмөт күндөлүк чарбалык иштердин үстүнөн кадимкидей ишин улантууда. Маселен, акыркы жумада кышка даярдык, дыйкандардан буудай түшүмүн сатып алуу, чочко тумоосуна байланыштуу жыйындар байма-бай өткөрүлдү. Жума күнү кечинде өкмөттүн кеңейтилген жыйыны болуп, анда келерки жылдын бюджети талкууланды. Күтүлгөндөй эле бюджеттин параметрлери тууралуу каржы министри Марат Султанов маалымат берди:

- Биздин эсеп боюнча, келерки жылы экономика 3.1% өсөт. Анын ичинен айыл чарбасы 1.6%, тейлөө тармагы 4.9%, курулуш 6%, ал эми өнөр жайы бир аз 0.8% төмөндөйт, деген Марат Султанов келерки жылы бюджеттин кирешеси 46 миллиард 434 миллион, ал эми чыгаша 59 миллиард 88 миллион сом, ошону менен таңсыктык 5.1% же 12 миллиард сомдон ашык болоорун кошумчалады.

Быйылкы жылдын бюджетиндеги тартыштыкты өкмөт Россиядан алынган 150 миллион грант менен жапканы белгилүү. Ал грант келерки жылы кайталанбайт. Ошондуктан өкмөт ашып бараткан чыгымдарды жабуу үчүн кайрадан эл аралык финансы уюмдардын оозун кароого аргасыз болуп турат. Марат Султановдун айтымында, келерки жылы эл аралык каржы уюмдардан алына турган карыздардын көлөмү 100 миллион доллардын тегерегинде болот. Алына турган карыздар жана Россиянын 300 миллион доллар насыясы өлкөнүн тышкы карызын кескин көбөйтүп, анын 2.5 миллиард доллардан ашуусуна алып келип жатат. Муну менен президент Курманбек Бакиевдин тыштан карыз албоо тууралуу чечимдери бузулууда.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Табылды Орозалиевдин айтымында, бюджет долбоору парламентке келгенде өзгөрүшү ыктымал. Маселен, 2009-жылдын бюджетинин кирешесине депутаттар 600 миллион сомдой кошумча тапкан. Тышкы карыздын көбөйүшүнө карата Орозалиев мындай пикирин билдирди:

- Карыз деген инвестиция түрүндө болсо биз эмнеге андан баш тартышыбыз керек. Азыр өнүккөн өлкөлөр өзүнө инвестиция кылып жатышат. Мисалы үчүн америка 800 миллиард доллар инвестиция кылды. Дүйнө жүзүндө карыз алуу кадимки көрүнүш. Азыр Жапонияда карыз ар бир киши башына 32 миң долларга, АКШда 24 миң долларга туура келет.

Ошентип өкмөттө таңсыктыгы 5% ашкан келерки жылдын бюджети жактырылды. Эми ал парламенттин кароосуна жиберилиш керек. Бул өкмөттүн финансы-экономикалык иштерди өз убагында бүтүрүү аракетинин ишке ашып жатканынын да белгиси. Белгилүү болгондой ыңкылаптан кийинки жылдары бюджетти кароо кечигип, жаңы жылдан кийин кабыл алынып келген.

Чочко тумоосу

Узап бараткан жумада өкмөт көңүл бурган дагы бир маселе-бул Кыргызстанда чочко тумоосунун катталышы болду. Чочок тумоосу же

N1H1 вирусунун жайылуусу быйылкы жылы апрель айында Мексикада башталып, анда бери дүйнө жүзүнүн бардык жерлеринде катталууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, азыркы мезгилге карай 255 миң 716 киши чочко тумоосуна кабылып, анын ичинен 2627 киши көз жумган. Дарыгерлер күз-кыш айларында, кадимде тумоо күчөгөн мезгилде пандемия башталат деп чочулашууда.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматовдун билдирүүсүнө караганда, чочко тумоосуна каршы 8 миңден ашык кишини дарылоого тамифлю дарысын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга берген. Эгерде тумоо каптап кетпесе бул дары жетиштүү дейт Зуридин Нурматов:

- Бизде бүгүнкү күндө 8 миңден ашыгыраак кишиге жете турган тамифлю дарыбыз бар. Ал Дүйнөлүк саламаттык уюмунун жардамы менен келген. Ал азырынча жетиштүү. Эгерде ооруу массалык түрдө жайылып кетпесе.

Чочко тумоосун жуктуруп алган кыргыз жарандары тууралуу айта кетсек, алар жубайлар. Алардын бирөөсү 10-14-августта Дубайда ишкерлик менен болуп, ал жактан учак менен Алматыга келип конгон. Андан Бишкекке унаа менен келген. 18-августта жубайлар ооруп калып, ооруканага кайрылышкан. Текшерүүдө аларга чочко тумоосу жукканы айкын болгон. Тилекке жараша алар дарыгерлерге эрте кайрылып, өз убагында дарылануу курсунан өтүп, айыгып чыгышкан.

Бул адамдар менен байланышта болгон алты киши дарыгерлердин көзөмөлүндө турат дейт Зуридин Нурматов:

- Алты киши байланышта болгон деп эпидемиологдор чечим чыгардык. Ал алтоонун артынан тең медицина кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп турат. Бүгүнкү күндө алардын ден-соолугу жакшы. Тумоонун белгилери жок.

Чочко тумоосунан кандай сактануу тууралуу элге дарыгер Нурматов мындай кеңешин берди:

- Пандемия дегенибиз бул оору дүйнө жүзү боюнча таркады. Тумоо азыр көбүнчө чет өлкөлөрдө болуп жатат. Биздин өлкөдө эки учур катталды. Ошон үчүн көп болуп жаткан чет өлкөлөргө, өзгөчө Европа өлкөлөрүнө ашыкча, өтө зарыл жумушу болбосо барбай эле койсо деген кеңешти айтабыз. Экинчиси, эгерде ал жакта болуп келген болсо, келгенден кийин сасык тумоонун белгилери байкала башталса, анда дароо дарыгерлерге телефон чалып эле кабарлаш керек. Ооруканага келбеш керек. Медициналык кызматкрелер үйүнө барып, дарылайт. Бул башка элге таркабаш үчүн жасалат.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG