Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Президент башкаруу системасын реформалоонун жол-жобосун жарыялады. Балыкчыда кармалгандардын баш-коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралды

Президенттик реформабы же бийлик оодарыштыруубу?

Президент Курманбек Бакиев башкаруу системасын реформалоонун жол-жобосун 1-сентябрда жарыялады. Ал реформа президенттик бийликтен башталып, президенттик бийликтин күчөөсү менен коштоло турган болууда. Андан сырткары азыркы бийлик структураларына кошумча жаңы структуралар түзүлөт. Маселен, Жогорку Курултай, Президенттик кеңешме, Президент алдында Кыргызстанды өнүктүрүү институту түзүлөт. Өнүктүрүү фонду, Өнүктүрүү агенттиги, Улуттук долбоорлор да Президентке байланып, алар Президенттин катчылыгына баш ийет. Бул структуралар ири экономикалык, саламаттык сактоо, билим берүү, коммерциялык долбоорлорду тейлейт. Демек президент айткандай, финансы каражаты өкмөттүн чиновниктеринин колунан алынып, башка колго тапшырылат. Бул коррупцияны кыскартуунун жолу экенин Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештеги сөзүндө белгилеген:


- Шайлоо маалында, ага чейин эле коррупция менен күрөшүү тууралуу көп сөз жүрдү. Улуттук коопсуздукка чындап коркунуч туудуруп жаткан бул көрүнүштүн масштабдары тууралуу мен президент катары жакшы кабардармын. Жазалоочу чараларды четке какпай туруп, мен чиновниктердин кызматынан кыянат пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жоюуну коррупция менен күрөштүн башкы багыты катары санаймын. Өкмөттү чарбалык функциялардан бошотуу алгачкы кадам болууга тийиш. Эгер чиновник акча бөлүштүрбөсө анда ага пара берүүнүн мааниси кетет эмеспи?.

Жогорку Курултай жана Президентик кеңешме ишке кирсе, жыл башында түзүлүп, бирок ушул кезге чейин ишин уюштура албай турган Коомдук палатанын, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы сыяктуу уюмдардын тагдыры кандай болоору белгисиз.

Реформа өкмөттүн функцияларын, структурасын да камтыры айкын болууда. Бирок ал боюнча азырынча ачык айтыла элек. Президенттин сөзүнө караганда, өкмөткө күндөлүк иштер тапшырылып, ал эми өлкөнү өнүктүрүү жагы катчылыкка баш ийген структураларга берилет.

Мындай шартта экономикалык, коммерциялык, улуттук долбоорлорго коомчулук жана парламент тараптан көзөмөлдүн жоголушуна алып келиши ыктымал. Анткени катчылык президенттен башка эч кимге баш ийбейт. Мындай мүмкүнчүлүктү Жогорку Кеңештеги коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев четке каккан жок:

- Балким ишке ашырыла баштаганда ошондой маселе пайда болушу мүмкүн. Жок андай болбойт дей албаймын. Себеби каражат, акча бөлүү, акчаны иштетүү эгерде президенттин алдында болсо бир топ маселе чыгышы мүмкүн. Мен ойлоп атам, азырынча так ошондой болот деп айтыш кыйын. Себеби реформаны баштагандан кийин ага каршы болгон ошол эле кызматкерлер болот. Президентке кимиси кирип, кимиси кандай түшүндүрөт. Азыр айтыш кыйын. Башкача айтканда, бүгүнкү айтылган сөздөр кагазга түшүп бизге жеткенге чейин бир топ өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Ал эми “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Табылды Орозалиев Жогорку Курултай, Президенттик кеңешменин түзүлүшү менен бийлик элге жакындай турганын белгиледи.Ал эми өнүктүрүү структуралары президенттин катчылыгына гана баш ийип, анын натыйжасында ири суммадагы акча жумшалган долбоорлор парламент, коомчулуктун көзөмөлүнөн чыгып калбайбы деген суроого мындай жооп берди:

- Менин оюмча чыкпайт деле болуш керек. Жанагы курултай, президенттик кеңешме бар. Алардын астында көзөмөлгө ала турган аппарат болот деп турам. Ошондуктан ал жагынан дурус эле болот болуш керек.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев функциясы аябай күчөп жаткан президенттин катчылыгынын милдеттери Конституцияга киргизилиш керек дейт:

- Бул конституциялык орган болуп калып жатат.Президенттин көп маанилүү багыттагы сунуштарын ишке ашыруу катчылыкка
өтүп жатат. Катчылык бул эми өзүнүн протоколдук функцияларынан өйдө чыгып кетип жатканына байланыштуу бул жөнүндө мыйзам кабыл алынышы керек. Аны бир укуктук нормаларга алып келиш керек. Кийин алардын жоопкерчилиги боюнча кандай талаптар коюлуш керек, анкетни тапшырмалардын аткарылганы, аткарылбаганы болот. Алар боюнча, финансылык туура эмес иштер болсо, ким жана кандай жооп бериш керек деген маселелер чыгат да. Андан кийин мына бу Президенттин алдындагы кеңешме, Жогорку Курултай кандай функцияда болот? Жогорку Курултай деген конституцияда жок. Ал Ооганстандагы Лоя жиргадай уруулардын жетекчилердин функциясында милдет берилеби? Же Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын функциясы ага өтүп калабы? Алар эмне жөнүндө, кайсы маселелерди талкуулаш керек. Булар бир эксперттердин ролун аткарып калып жатат. Бирок ошол кызматты аткарганга алар жөндөмдүүбү деген да маселе чыгат. Же бир “дежурный” аксакалдардын кызматы болуп калабы
, деген Орозбек Молдалиев реформалар боюнча суроолор көп экенин кошумчалады.

Президент болсо жарыяланган өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн жана жаңы органдарды түзүүнүн үстүнөн иштей турган комиссия түздү. Аны президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Каныбек Жороев жетектей турган болду.

Ошентип жыйынтыктап айтканда, реформанын натыйжасында өкмөт күндөлүк турмуштук маселелерди чечүүнүн, ишкерликке шарт түзүүнүн үстүндө иштей турган болсо, ири ишкерлик, өнүктүрүүчү долбоорлор президенттин алдына топтолот. Ал эми анын натыйжасын мезгил көрсөтөт.


Чабуул астындагы социал-демократтар

Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште башкаруу системасын реформалоону жарыялап жатканда парламентте социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү болгон жок. Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев анын партиялаш депутаттары бул күнү Балыкчы окуясында кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотто болоорун билдирген:

- Фракция сессияга барбай, сотко бармак болду. Кийинки күндөрү болсо сессияга катыша берет. Анткени эл шайлаган. Эл менен кеңешпей эле кетүү туура эмес.Албетте ар кандай сөздөр бар.Бирок биздин оюбузча катышып турганы туура. Анткени өздөрү эле барып отуруп алган жок. Эл шайлаган да.Калган депутаттарды билбеймин. Биздин депутаттарды эл шайлаган. Керек болсо БШКнын мурунку башчысы качып жүргөндө балдар барып, жолукканда Москвада айткан социал-демократтар да жеңип өткөн деп.

Белгилүү болгондой айрым саясат таануучулар Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоону легитимсиз деп атагандан кийин социал-демократтардын парламентте андан ары калышы логикага туура келбейт деген пикирди айтышкан эле. Бирок партия лидерлери парламентте ишти улантуу чечимин жактап турушат.

Жогорку Кеңештеги жалгыз оппозициялык күч болгон социал-демократтарды алсыратуу иши уланып жатат. Алардын катарынан белдүү депутаттардын бири Мурат Жураев депутаттык мандатын тапшырып, партия катарынан да чыгуу тууралуу арызын бергени маалым болду. Ага чейин Рахат Ирсалиев, Осмон Артыкбаев, Жусупжан Жээнбеков социал-демократтардын катарынан чыккан. Партия лидери Алмазбек Атамбаев буга мындай баасын берди:

- Мурат Жураевге жазында эле айтканмын, сени кыйнайт го, бизнесиң бар деп.Көрүп жатпайбызбы, кичине бизнеси бар адамдардын оппозициялык партияда жүрүшү кыйын. Бабанов болобу, Артыкбаев болобу, Жураев болобу-булардын биз менен жүрүш кыйын. Адамды күнөөлөш кыйын. Адам деген адам. Кыргызстанда абал оор. Мыйзамды тааныбаган, элди сыйлабагандар башкарып жатат. Азыркы мезгилдеги ар бир нерсенин чыныгы себептери, чыныгы негиздери дагы кийин, бир канча жыл өткөндөн кийин чыгат ко. Ошондо билебиз.

Азыркы мезгилде социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов ден-соолугуна байланыштуу партиянын да, фракциянын
да, Бириккен Элдик Кыймылдын да жыйынына келбей жүрөт. Ошондуктан шайлоо мезгилинде Атамбаевдин штабын башкарган Бешимовдун мындан аркы саясий кадамдары кандай болоору белгисиз.

Ал эмес жалпы оппозициянын күзгү кадамы да белгисиз бойдон.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG