Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

17-сентябрда Жогорку Сотто И.Исаковдун судья Ж.Бектемировго ишеним көрсөтпөө боюнча арызы каралды. Сот арызды канааттандырган чечим кабыл алды.

Исмаил Исаковдун жана анын адвокаттарынын арызын Жогорку Соттун үч судьясы карады. Арызда Бишкек гарнизондук сотунун судьясы Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтүлбөй турганы билдирилген.

Адвокат Мукар Чолпонбаевдин соттук жараяндагы айтымына караганда, ишеним көрсөтпөөгө судья Бектемиров тараптан Исаковдун коомдук коргоочуларынын пикирин укпай коюшу, прокурордун сөзүнөн чыкпай калышы жана судья менен айыпталуучу, адвокаттардын ортосунда чатак чыгышы себеп болду.

Соттук териштирүүгө айыптоочу тарабынан катышып жаткан прокурор судьянын ишинде айрым кемчиликтер кетирилген менен, ал ишеним көрсөтпөөгө негиз болбосун, ошондуктан Бектемиров ишти кароону улантыш керек деген пикирди билдирди.

Жогорку Сот судьялары тараптарды уккандан кийин кеңешүүгө тарады. Көп өтпөй судьялар Исмаил Исаковдун арызын канааттандырган чечимди жарыялашты:

- Жогорку Сот чечим чыгарды: адвокаттар Чолпонбаев жана Бекназаровдун арызы боюнча Бишкек гарнизондук соту тарабынан 2009-жылы, 28-мартта жана Аскердик сот тарабынан 2009-жылы, 15-апрелде чыгарылган чечимдер четке кагылсын. Адвокат Чолпонбаев жана Исаковдун арызы канааттандырылсын.

Адвокат Мукар Чолпонбаев соттун чечимине ыраазы болуп, эми Исаковго байланыштуу иш башка судьяга берилиш керектигин
билдирди:

- Мындан кийин эми башка судья карайт. Иш Бишкек гарнизондук сотундагы башка курамга өткөрүлөт.

Исмаил Исаков да Жогорку Соттун чечимине ыраазылыгын жашырган жок:

- Мен Жогорку Сот ушундай туура чечим кабыл алат деп ишенгем. Себеби деген мырза Бектемиров тараптан бир топ мыйзамдар бузулганы ачык болуп калды. “Кылмыш-жазык” кодексинин 16, 18, 250 беренелери бузулду. Эң негизгиси Конституциянын 83-беренеси караштырган соттун көз каранды эместиги бузулуп, ал бийлик, прокуратура тараптан көз каранды экендигин көрсөтүп койду. Мына ошонун негизинде Жогорку Соттун судьялары мыйзам чегинде туура чечим кабыл алды.

Азыркы кездеги оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков өткөн жылы 10-октябрда Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу арызын президент Курманбек Бакиевге жазып берген. Арыздын себеби катары президенттин ички жана тышкы саясатына макул эместик билдирилген. Мына ошол арыздан кийин Исмаил Исаковго каршы кылмыш иши козголуп, ал коргоо министри кезинде кызмат абалынан кыянат пайдаланган, мамлекеттик каражатты ыксыз сарптаган деген айыптар коюлган.

Бул айыптоолор боюнча Бишкек гарнизондук сотунда соттук жараян быйыл март айында башталып, апрель айында үзгүлтүккө учураган. Соттун токтоп калышына Исмаил Исаков жана анын адвокаттары Азимбек Бекназаров, Мукар Чолпонбаевдин ишти карап жаткан судья Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөө тууралуу арызы себеп болгон.

Аскердик сот судья Бектемировго ишеним көрсөтпөө тууралуу арызды карап, бирок аны канааттандыруудан баш тартып, өз чечимин акыркы жана өзгөрүлбөй турган чечим катары атаган. Исмаил Исаков жана анын адвокаттары мындай чечим Конституция жана мыйзамдарга каршы келерин билдирип, Конституциялык Сотко кайрылган. Конституциялык Сот арызды 23-июнда карап, Исмаил Исаковдун Жогорку Сотко кайрылуу укугун калыбына келтирген.

Жогорку Сот өз кезегинде судья Бектемировго ишеним көрсөтпөө тууралуу арызды 17-сентябрда карап, аны канааттандарды. Эми Мукар Чолпонбаев белгилегендей, Исмаил Исаковго байланыштуу кылмыш ишти Бишкек гарнизондук сотунун башка судьясы кароого тийиш.

Исмаил Исаков Жогорку Сотто ага козголгон кылмыш иш саясий себептерге байланыштуу экенин дагы бир жолу белгилей кетти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG