Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Апта: Сүрөө-Таштагы сүр-сүр, укурукка салынган Кадыров...


Кыргыз-өзбек чегиндеги Сүрөө-Таш айылы

Кыргыз-өзбек чегиндеги Сүрөө-Таш айылы

Жогорку Кеңеш депутат Кубанычбек Кадыровдон кол тийбестикти алды. Чек арага жакын кыргыз айылына Өзбекстандын чек арачылары кирип келди.

Сүрөө-Таштагы сүр-сүр жана геосаясия абал

Кыргыз жана өзбек президенттери эгемендик жана башка майрам күндөрү бири-бирине жолдогон куттуктоолордо эки элдин эзелки достугун даңазалап келет. Бирок алар башкарган эки мамлекеттин ортосунда карама-каршылык акыркы мезгилде аскерий тирешүү багытына ооп бараткандай. Маселен, Кыргызстан өзүнүн түштүк танабын коопсуздоо үчүн орус аскердик базасын ачууну көздөп жатса, Өзбекстан Кыргызстан чегине жакын жерге күчөтүлгөн аскердик база курууга киришүүдө.

Андан сырткары Кыргызстан Чек ара кызматын түштүк регионго көчүрүү тууралуу чечим кабыл алып, ал 2010-жылдын май айына чейин ишке ашырыларын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков Чек ара
кызматын түштүк регионго көчүрүү себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биринчи кезекте Пакистан, Ооганстанда түзүлгөн кырдаалга, ошондой эле Өзбекстандын Анжиян облусундагы окуяларга, өлкөнүн түштүк регионунда жоочуларды жок кылуу боюнча операциялар эске алынды. Андан сырткары баңгизаттарын ташууга, ошондой эле өлкөнүн түштүк регионундагы чек ара коопсуздугуна түзүлгөн коркунучтарга байланыштуу Чек ара кызматынын башкы штабын Ош шаарына көчүрүү сунушталды.

Ал эми чек арага жакын жерлерде куралдуу аскерлер катышкан окуялар кайталанууда. Маселен, 16-сентябрда Өзбекстандын куралдуу аскерлери Кыргызстандын Кара-Суу районундагы Сүрөө-Таш айылына кирип келип, жергиликтүү калкты дүрбөлөңгө салган.

Бул окуя иликтенип жатканын кыргыз чек арачылары маалымдашты.

Эки өлкөнүн чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрү болсо өткөн жылдын ноябрь айынан бери токтоп турат. Муну өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов билдирген.

Булардын бардыгы эки мамлекеттин ортосунда чечилбеген татаал маселелер бар экенинен кабар берип турат. Алар ошол эле чек ара аныктоо, суу-энергетикалык маселелер.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров эки өлкөнүн президенттери Москвадагы акыркы жолугушуусунда мындай окуяларды саясатташтырбоого убадалашканын билдирген эле:

- Биринчиден, анча-мынча болуп жаткан окуяларга саясий баа бербөө. Экинчиден, бир чарбалык маселелер пайда болуп калган болсо аларды баарын ыкчам түрдө тийиштүү министрликтер менен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилери менен чогуу эки тарап аракеттенип чечүү. Бул тапшырма резиденттер тараптан аябай катуу берилди.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда түзүлүп жаткан кырдаалды эки өлкөнүн президенттери талкуулаш керектигин билдирүүдө.

Азыркы мезгилде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түштүк региондо аскердик база жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Премьер-министр Игорь Чудиновдун сөзү боюнча, ал сүйлөшүүлөр ноябрь айына карай аягына чыгыш керек. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин атын атагысы келбеген кызматкеринин сөзү боюнча, азыркы кезде эки өлкөнүн министрликтери база боюнча түзмө-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элек. Болгону тараптар база боюнча өздөрүнүн сунуштарын, пландарын даярдап жатышат.

Бул арада Россиянын интернет сайттарында президент Курманбек Бакиевдин уулу жана анын достору Кыргызстандын финансы системасын басып алганы тууралуу макала-маалыматтар жайылтыла баштады. Россия тараптан жасалган мындай маалыматтык чабуул Курманбек Бакиевдин 11-сентябрда "Манастагы" АКШнын Транзиттик борборунда болушу, 17-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы
элчиси Татиана Гфеллерди өкмөт башчы Игорь Чудиновдун кабыл алуусу менен коштолууда.

Бул көрүнүштөр үч-төрт дөөнүн ортосунда Кыргызстан кирген оюн оңой эместигинен кабар берип тургандай.

Кысым астындагы КСДП

Бул арада ички саясий кырдаал бийлик менен оппозициянын каршылашуусунун жаңы баскычка чыгуусу менен коштолууда. Белгилүү болгондой 18-сентябрда “Ак жол” партиясы басымдуулук кылган Жогорку Кеңеш Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду жоопкерчиликке тартууга уруксат берген чечимди кабыл алды.


Кадыровго байланыштуу Башкы прокуратурадан түшкөн талапты Хаджимурат Коркмазов башында турган комиссия окуя болгон Балыкчыга бир барып койбостон, тез арада канааттандырды. Мындай шашылыш чечимге макул эместигин парламенттеги карыя депутат Бейшебек Акунов билдирди:

- Мен буга макул эмесмин. Парламент комиссияга бир ай ичинде иликтеп чыксын деп тапшырма берген. Эмне болгонун иликтеп, коюлган айыптын негиздүүлүгүн иликтесин деген. А силер аны жасаган жоксуңар. Ал эмес Балыкчыга барып койгон эмессиңер. Эки депутаттын сабалганы боюнча маалыматты да текшербепсиңер.

Белгилүү болгондой, Башкы прокурордун Кубанычбек Кадыровдон депутаттык кол тийбестикти алуу талабы 2-сентябрда парламентке түшкөн. 10-сентябрда комиссия түзүлүп, 18-сентябрда ал комиссия иликтөө ишин бүткөнүн жарыялады. Ошол эле күнү депутаттар кол тийбестикти алууга добушун берди.

“Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов Кубанычбек Кадыровго байланыштуу чечим кабыл алуу оңой болбогондугун айтып, анын маселесин сот чечет деген пикирин билдирди.

Ал эми Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев Кадыровго
байланыштуу ишке мындай баасын берди:

- Азыр Балыкчы ишинде коюлган дооматтарга далил таба албай, тескерисинче четке кагылып атат, керек болсо күбөлөр тарабынан дагы. Ошондуктан Кадыровду камап, элди коркутайын деп атат да. Керек болсо мына депутатын да камадык, каалаганыбызды кыла беребиз деген коркутуп-үркүтүү да. Кадыровду камап, зомбулук кылып, андан да бир көрсөтмө алайын деп атабы, балким. Негизги күбөлөр айтып атышпайбы, бизди өлөрчө сабаган, момундай кылабыз деп айткан, ошон үчүн жалган көрсөтмө бергенбиз деп. Бул бийликтин бети жоктугун көрсөтүп атат. Кудайдан да коркпогондугун көрсөтүп атат. Билебиз, эч кандай шайлоо болгон эмес. Баладай болуп шайлоо болот деп ишенгенибизге мен дагы бир жолу өкүнүп атам. Бул бийлик турганда шайлоо эч качан болбойт.

Айрым маалыматтарга караганда, Кубанычбек Кадыровду суракка алуу менен президенттик шайлоо мезгилинде Алмазбек Атамбаевдин штабын жетектеген Бакыт Бешимовго каршы көрсөтмө алууга аракет жасалат. Окуянын дал ушул багытта өнүгүү коркунучуна жана Социал-демократиялык партиянын өзүнүн ичиндеги карама-каршылыктарга байланыштуу Бакыт Бешимов четке чыгып кетүүгө мажбур болду. Акыркы маалыматтарга караганда, Бакыт Бешимов азыркы мезгилде АКШда жана бул өлкөдөн саясий баш паанек суроодо. Буга чейин Кубатбек Байболов, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов сыяктуу оппозициялык саясатчылар АКШдан саясия баш паанек сурап кетүүгө аргасыз болгон.

Социал-демократтарга бурулган атамекенчилер


15-сентябрда “Ата Мекен” социалисттик партиясы жыйын куруп, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы менен биригүүнү иликтөө үчүн атайын топ түздү. Ал топту партиянын лидери Өмүрбек Текебаев баштаарын “Ата Мекен” социалисттик партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Гүлниза Бейшенбаева билдирди:

- Бул эми эки партиянын биригүүсүн тез эле ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан биригүүнүн юридикалык, техникалык маселелерин эске алып, биригүү кандай формада болот, кандай жагдайлар чыгат, ошолордун баарын жана эки партиянын кызыкчылыгын эске алуу менен чечиш үчүн координациялык кеңеш түздүк. Ал кеңешти партиянын лидери жетектейт жана жети региондун өкүлдөрү кирет. Бул кеңеш ошол сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жол-жоболорду иштеп чыгат.

Белгилүү болгондой Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев биригүү идеясын колдоорун, ал эмес лидерликти талашпай турганын билдирген. Ошондуктан өлкөдөгү солчул багыттагы эки ири партиянын биригүү аракети мындан ары практикалык жолго түшө башташы ыктымал. Бул партиялардын биригүүсү ишке аша баштаса, анда азыркы кезде саясий партиялардан четтеп турган Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Топчубек Тургуналиев, Мукар Чолпонбаев сыяктуу саясатчылар кайсы тарапта болуу же өзүнчө кетүү боюнча чечим кабыл алышы керек болот. Бул саясатчылар солчул эмес, улуттук-демократиялык көз карашка жакын экени да маалым.

Бирок оппозиция ичиндеги мындай өз жолун тандоолор Балыкчы окуясы боюнча соттон кийин активдеше башташы мүмкүн. Анткени оппозициялык саясатчылар учурда Балыкчы боюнча моралдык жоопкерчиликти сезип, бийликтин кысымына биргелешип каршы турууну артык көрүп турат.

Бийлик өз кезегинде башкаруу системасын реформалоонун алгачкы этабын ишке ашыра баштоонун алдында турат. Келерки жуманын башында, 22-сентябрда президенттик администрациянын башчысынын орун басары Каныбек Жороев башында турган комиссия президенттик институттар боюнча сунуштарын тапшырыш керек. Ал сунушта Жогорку Курултай, Президенттик кеңешменин курамында канча киши болуш керек, алар кандай түзүлүш керек деген сыяктуу суроолорго жооп берилет.

Ал эми Жогорку Кеңеште реформа аппараттык кызматкерлерди, комитеттерди кыскартуулар менен коштолоору айкын болууда.Күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу парламенттеги коопсуздук жана коргоонуу комитетинин мүчөсү Рашид Тагаев буларды билдирген:

- Мен бир нерсени айтайын деп жатам, азыр биз жаңы структураны киргизип жатпайбызбы. Менин оюмча,бул структура келерки аптада киргизилет. 12 комитеттен 8 комитет түзүлө турган болууда. Комитеттерден мааниси бир топ өзгөрүп жатат.

Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин аппараты жана парламентти каржылоо акыркы кезде көбөйгөнүн белгилейт:

- Бизде жалпы Жогорку Кеңеште иштеген кызматкерлердин саны 960тан ашат. Миңге жетпеген кызматкер бар. Жылдык бюджетибиз 360 миллион сом. 2005-жылы 280 миллион сом болчу, деген Исхак Масалиев реформада булардын саны кыскарыш мүмкүндүгүн белгиледи.

Башкаруу органдарында кыскартуулар болоорун президент Курманбек Бакиев 17-сентябрда билдирген. Мамлекеттик аппараттын эпсиз чоң экенин президент мындайча белгилеген эле:

- Тилекке каршы, азыркы мамлекеттик машина эпсиз чоң болсо да, анын майнабы аз болуп, тышкы жана ички өзгөртүүлөрдүн агымын тескей албай жатат. Ушундан улам мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөн бойдон калып, коррупция кулач жайууда.

Мамлекеттик аппаратын чоңдугу коррупция менен кошо бюджеттик каражаттын ыксыз сарпталышына алып келип жатканы белгилүү. Бюджеттин таңсыктыгы болсо келерки жылы 5% ашып, өлкө аны сырттан карыз алып жабуунун жолуна кайрадан түшүүдө. Дал ушул себептен узап бараткан жуманын башынан тарта эл аралдык финансылык уюмдардын миссиясы Кыргызстанда ишин кайрадан баштап олтурат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG