Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Парламентте кышка даярдык каралды. Президентке башкаруу системасында жасалчу реформанын долбоорлору тапшырылды.

Оорудан чыкпаган отун-энергетика тармагы

Жума күнү парламентте өкмөттүк саат болуп, анда өлкөнүн кышка даярдыгы талкууланды. Талкуу учурунда отун-энергетика тармагынын абалы өтө начар экени ачыкталды. Бюджеттин киреше бөлүгүнө 5 миллиард сом түшпөй калуусунан бюджеттик мекемелердин кышка дурустап даярдык көрө албаганы да ачык болду. Маселен, Саламаттык сактоо министрлиги 75 %, Билим берүү министрлиги 40 % гана кыш камын көргөн.

Кыргызстандын энергетикасынын арка-бели болгон ГЭСтердин абалына кызыгуу Россиянын Саян-Шуша ГЭСиндеги кырсыктан кийин артканы да жашыруун эмес. Парламенттеги жыйында "Улуттук электр станциялар" акционердик коомунун төрагасынын орун басары Жолдошбек Назаров ГЭСтердин абалы начар экенин жашырган жок:


- ГЭСтердин бүгүнкү абалы чынында начар. Бишкек жылуулук борборунун жабдууларынын жешилиши 100% ашып кетти. ГЭСтерде болсо жешилүү 50% ашып калды. Бирок бүгүнкү күндө биз аларды жаңы жабдуулар менен камсыздоого каржылык мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Бул жетекчинин сөзүнө караганда, Улуттук электр станциялар акционердик коому быйылкы жылы 1.5 миллиард сом чыгаша менен баратат. ГЭСтер тапкан киреше негизинен Бишкек жылуулук борборун көмүр, газ менен камсыздоого жумшалары да белгилүү. Азыркы мезгилде да "Улуттук электр станциялар" ишканасынын жетекчиси Сапарбек Балкыбеков Астанада көмүр, кара май сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабановдун сөзүнө караганда, электр энергетика тармагында абал кыйла дурус. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12.5 миллиард кубметрге жетти. Энергетикадагы жоготуулар 25 % болуп калды. 3.5 миллиард сомдук дебитордук карыз 700 миллион сомго кыскартылды.

Бирок газ тармагында абал кескин начарлап кеткен. “Кыргызгаз” быйылкы жылдын сегиз айында Өзбекстандан 47 миллион долларга 212 миллион кубметр газ алып, анын 25 % ашуунун же 52 миллион кубметр газды жоготкон. Муну биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов парламентте ачыктады:

- Газ маселеси боюнча айта кетсек, күнөө бизде да бар. 48 миллион долларга газ сатып алып, 18 миллион долларга карыз болуп отурабыз. 18 миллион доллардын ичинен 13 миллион доллар жоготуу болгон. Бул табылбай турган акча.

Өткөн жылы “Кыргызгаздын” жоготуусу 13 % болгон. Бир жылда жоготуунун эки эсеге көбөйүшү ишканадагы коррупциянын ошончо гүлдөшүнөн кабар бергенин адистер белгилешет.

Албетте, Өзбекстан газ үчүн 19 миллион долларлык карызды төлөөнү талап кылууда. Дал ошол карыздын айынан 24-сентябрдан тарта Ош шаарына газ берүү токтотулду. Мына ушул маселелер жана келерки жылга газ сатып алууну сүйлөшүү үчүн “Кыргызгаздын” башчысы Саламат Айтикеев Ташкенге кеткени маалым болду.

Жалпы ушундай абалга карабай өлкө быйылкы кышка жетиштүү даярдык менен кирерин Өмүрбек Бабанов белгиледи. Депутаттар мындай ишендирүүнү көңүлгө алып, декабрь айында бул маселеге кайрадан кайрылуу чечимин кабыл алуу менен тарашты.

Өлүм жазасы өмүрлөрдү сактоо үчүн керекпи?

Узап бараткан жумада коомчулуктун көңүлүн бурган нерсе Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров 23-сентябрда өткөргөн жыйында өлүм жазасын кайра киргизүү демилгесинин көтөрүлүшү болду. Диний фанатизмге жол бербөөгө арналган жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов кээ бир кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү керектигин билдирип чыкты. Коопсуздук кеңештин катчысы ал сунушту колдоп чыкты.

Кайсы кылмыштарга өлүм жазасын киргизүү мүмкүндүгү жыйында ачык айтылган жок. Бул маселеге байланыштуу Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровго кайрылганыбызда анын жообу мындай болду:


- Мүмкүн кандайдыр бир профилактикалык багытта өлүм жазасын калтырып коюш керек. Мисалы, өтө жаш, ымыркай балдарга мыкаачылык менен жасалган кылмыш үчүн. Бир эмес бир нече адамды өлтүрүп кеткен үчүн. Мына жайында ушундай бир окуя болгон. Бир жигит эки сааттын ичинде төрт өлүмгө алып келген. Ар бир инсан кылмыш жасаардын алдында өзү билиш керек, мамлекет тарабынан, коомчулук тарабынан, эл тарабынан. Бизде кыргызда улуу сөз бар, каргышка калып кетесиң дегендей. Мына ушундай учурда мамлекет сени өмүрүң менен кош айттырып коюшу мүмкүн деген сезим көкүрөгүндө уюп туруш керек. Өтө оор кылмыштуулук бул мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жасалган кылмыш, өтө көп адамдардын өмүрүнө зыян келтирген кылмыштуулук, жаш балдар, наристелерге жасалган кылмыштуулуктар.

Мадумаров ошондой эле бизди курча турган реалдуулуктан алыстабай, ошого жараша чечим кабыл алуу зарылдыгын да белгиледи.

Өлүм жазасын киргизүү демилгесине өлкөдөгү белгилүү укук коргоо уюмдарынын лидерлери каршы чыкты. Маселен, “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова, “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова мына ошондой пикирин билдирди.

Азиза Абдырасулова сот системасы жана тергөө тармагы начар өлкөдө өлүм жазасы оңдоого болгус катачылыктарга алып келерин белгилеп, өлүм жазасына кыйуу менен мамлекет кылмышкер менен теңделип калат деген пикирин билдирди:

- Өмүрдү адамга кудай тартуулагандан кийин-ошол качан ичээр суусу качан түгөнгөндө өз ажалынан өлгөн эле жакшы. Ошол кылмыш жасаган адамды кылмышкер деп атып салган мамлекет өзү да кылмышкер болуп калбайбы.

Өлүм жазасына каршы пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Дербишова да билдирип чыкты:

- Мен ойлоймун, бул абдан туура эмес. Коомдо да, элдин ичинде да өлүм жазасын кайрадан алып келиш керек деген сөз болбош керек. Анткени биз көп жылдар бою, катуу кыйынчылыктар менен өлүм жазасын алып салууга жетишкен элек.

Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров өлүм жазасын киргизүү демилгеси көтөрүлөр замат эле киргизилип калбайт, ал маселе коомчулукта талкууга коюлуш керек деген пикирде:

- Өтө оор кылмыштар жасалган учурда өлүм жазасына тартылыш керек деген маселени талкуулашыбыз керек. Аны окмуштуулар, саясатчылар, күч структураларынын өкүлдөрү, эксперттердин катышуусу менен, бир сөз менен айтканда коомчулук менен кенен акылдашыбыз керек. Ал теманы талкуулабайбыз деген эч кандай тыюу болбош керек. Ар кандай маселени кенен-кесири коомчулук менен талкуулап көрүш керек. Мамлекеттин келечеги үчүн, жалпы калайык-калктын тынчтыгы, амандыгы үчүн кимдир-бирөө ошол маселени көтөрүш керек. Сөзсүз түрдө көтөрүш керек. Бул деген сөз бүгүн-эртең эле киргизе салды дегендик эмес. Муну талкуулайлы. Акылдашып көрөлү.

Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий 1998-жылы киргизилген. 2006-жылы кабыл алынган Конституцияда өлүм жазасы алынып салынган. 2007-жылы өлүм жазасын алып салууга байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизилген. Азыркы мезгилде өлкөдо өлүм жазасынын ордуна оор кылмыш жасагандар өмүр бою абакка кесилет. Андай мөөнөткө кесилгендер саны Кыргызстанда 196 киши экени маалым. Бирок өлкөдө өлүм жазасына кесилгендерди кармай турган атайын абак жок.

Башкаруу системасынан мурда реформалана баштаган тармак...

Өтүп бараткан жумада кыргыз коомчулугу башкаруу системасы реформалоонун башталышы жана ири кадрдык өзгөрүүлөрдү күттү.
Реформа президенттик администрациядан башталаарын Курманбек Бакиев 1-сентябрда парламентте билдирген. Ал реформалардын алкагында Жогорку Курултай, Президенттик кеңешме жана башка бийлик органдары түзүлөөрү кабарланган.

Бул бийлик институттарын түзүү жана алардын иш регламентин аныктоо боюнча президенттик администрациянын башчысынын орун басары Каныбек Жороев башында турган комиссия сентябрь айынын башында түзүлүп, ал комиссия өзүнүн долбоорлорун 21-сентябрда президентке тапшырган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов 22-сентябрда билдирген эле:

- 4-сентябрда 11 кишиден турган жумушчу топ түзүлгөн. Ошол жумушчу топ президенттин буйругу боюнча 22-сентябрга долоорлорду иштеп чыгыш керек болчу. Андай долбоорлор иштелип чыгып, кечээ мамлекет башчысына тапшырылды. Учурда мамлекет башчысы аны менен таанышып жатат.

Президент долбоорлор менен таанышып бүтөөр замат, аларды ишке ашыруу үчүн Конституция жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорлор парламентке жолдонору кабарланган. Андай долбоорду кароого даярдыктар бар экенин Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Табылды Орозалиев билдирди:

- Даярбыз. Бизде да комиссия иштеп жатат. Биз ал маселени алдын-ала фракцияда да талкуулаганбыз.

Азырынча президентке сунушталган долбоорлордун маани-мазмуну жана анын парламентке качан жолдонору тууралуу ачык маалымат бериле элек. Президент болсо жума соңундагы Ысык-Көл облусуна сапарында реформаларды сөзсүз аягына чыгарарын дагы бир жолу билдирди.

Бирок Президент айтып жаткан реформанын эң башкы өңүрү болгон президенттик өнүктүрүү институттардын эң маанилүү бутагы Өнүктүрүү фонду ишке кирише баштады. Бул фондко Россиянын 300 миллион доллар насыясы берилди жана келечекте өлкөдөгү ири ишканалардын акциялары берилери кабарланды. Мына ошентип, президент айткан чиновниктердин колунан акчаны алып коюу иштери турмушка ашырыла баштады.

Мамлекеттин эсебинен алынган миллиондогон доллар карыздар, мамлекеттик ишканалардын активдери колуна берилген Өнүктүрүү фондунун кеңешчиси катары 2008-жылы түзүлгөн MGN аттуу жабык компания тандалып алынды.

Ошентип, президент Курманбек Бакиев айткан структуралык өзгөрүүлөр, реформалар башталганга чейин эле финансы жана активдердин агымы башка нуктарга бурула баштады.

Бул жерде бир гана чочулоо бар. Ал чочулоо өлкөнүн жаңы тарыхында жакында эле болгон окуяга байланыштуу. Белгилүү болгондой
мурунку президент Аскар Акаев кызматынын башында Борис Бирштейн жана "Камеконун" торуна түшүп, өлкө катуу күйүп калганы көпчүлүктүн эсинде.

Дал ошондой окуя азыр кайрадан кайталанып, Бирштейндин ролун эми Елисеев, Гуревич, Надель жана MGN компаниясы ойноп калбаса экен деген коркунуч жана чочулоо бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG