Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Кыргызстанда жогорку технологиялуу өндүрүштү колго алууга аракет жасала баштады. Бир жыл мурда дайынсыз жоголгон депутаттын сөөгү табылды.

Технопарктар академиктерге коркунучпу?

Кыргызстанда жогорку технологиялуу өндүрүштү, тагыраак айтканда программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүүнү колго алууга аракет жасала баштады. Президент Курманбек Бакиев 29-сентябрда Инвестициялык кеңештин жыйынында бул тармакка мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүн убада кылды. Өкмөт өз кезегинде Улуттук илимдер академиясынын имаратында программалык камсыздоо боюнча иштерди баштоо жана тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууга киришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Каримов “Маалыматтык технология жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал парламенттин кароосуна коюла турганын билдирди:

- Технопарктарды өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоордун үстүнөн бир жылдан бери иштеп келатам. Жакында ал Жогорку Кеңешке
келет. Бул долбоор технопарктарды өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Дүйнөлүк базарда азыркы убакта бул тармак 1 триллион 48 миллиард долларды түзөт. Ошонун арасында Кыргызстан жок. Технопарктарды өнүктүрүү мыйзамдык жана мамлекет тараптан чоң колдоого алыныш керек. Андан сырткары мамлекет тараптан салыктан жеңилдиктер берилип, бажы маселеси чечилүүгө тийиш жана интернет өнүктүрүлүп, экспорт жолго коюлуп, ички рынокту да өстүрүш керек.

Кыргыз өкмөтү колго алууну көздөгөн тармак компьютердик программаларды түзүү жагына тиешелүү болууда. Тийиштүү шарттар түзүлсө чет өлкөлөрдөгү кыргыз программа түзүүчүлөр мекенине кайтып келери айтылууда. Кыргызстан илимдер академиясынын төрайымы Шарипа Жоробекова программачылардын иши кандай болоору түшүнүксүз болуп жатканын айтып, алдыңкы технологияларды өндүрүшкө киргизүү жагына көңүл бурууну жактап чыкты.

Чындыгында Кыргызстанда заманбап продукцияларды өндүрүү же нанотехнологияны өнүктүрүү, алдыңы технологияларды өндүрүштө пайдалануу, чыгаруу боюнча алгылыктуу иштер жок. Бирок кечигип болсо да программалык камсыздоо тармагына көңүл буруу жаман эмес. Технопарктын алгачкы саамалыктары болгон программа түзүүчүлөр Илимдер академиясына жайгаштырыла турган болууда. Өз кезегинде академиянын окмуштуулары келечекте программачылар бизди сүрүп чыкпайбы деп чочулай баштаганы айтылууда.

Кыргыз депутаттары: Камбар-Ата боюнча үн катып койсоңуздар!

Кадимки өндүрүш тармагында болсо Кыргызстан өзгөчө үмүт артып жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимди турмушка ашыруу, кыязы аксап турат. Белгилүү болгондой кыргыз жана орус өкмөттөрү быйыл февраль айында ГЭСти куруу боюнча келишимге жетишкен. Орус тарап ал долбоорго 1 миллиард 700 миллион доллар насыя бөлүүгө убада кылган. Февралда жетишкен башка келишимдерди, маселен 300 миллион доллар насыя, 150 миллион доллар грант боюнча макулдашууларды Кремль дароо аткарып, тийиштүү каражаттар көп узабай Кыргызстанга келип түшкөн.

Бирок Камбар-Ата боюнча келишимде андай тездик байкалбай турат. Дал ошол себептен 29-сентябрда кыргыз жана орус депутаттарынын Чолпон-Атадагы жолугушуусунда кыргыз депутаттары Камбар-Ата-1 боюнча келишимди турмушка ашырууга өзгөчө көңүл бурууга орус коллегаларын чакырды. Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Юрий Данилов келишимде каралган каражат Кыргызстанга түшө электигин белгилеп, бул маселени Россиянын Мамлекеттик Думасынын өзгөчө көңүлүнө алуусун өтүндү.

Белгилүү болгондой, келишимдин алкагында кыргыз жана орус тарап биргелешкен Камбар-Ата-1 акционердик коомун жана анын директорлор кеңешин түзүшкөн. Бирок ГЭСтин курулушун жүргүзө турган Башкармалык түзүлө элек жана башка иштер аткарыла элек. Эң негизгиси аларды жүргүзүүгө каражат бөлүнбөй турат.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, “Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев Камбар-Ата-1 боюнча келишимди аткаруунун кечигип жатышын мындайча түшүндүрөт:

- Бүгүнкү күндө Россия жана Казакстанда башка региондорго караганда кризис капсалаңы абдан күч алды. Мен бирден-бир себеби ушул болушу мүмкүн деп эсептеймин. Экинчи себеби, саясий жактан болушу мүмкүн. Биринчиден, Россия менен биз келишим түзгөндөн бери коңшу Өзбекстан мамлекети ачык дагы, кыйытып дагы Камбар-Ата-1 долбооруна каршылыгын билдирип келет. Үчүнчүдөн, "Манас" аба майданындагы маселелер кайрадан калыбына кайтып келип, мурда кабыл алынган чечимдер кайра жокко чыгарылып, америкалык база калгандан кийин дагы кандайдыр бир саясий кырдаал өзгөрүп, ал дагы таасирин тийгизиши мүмкүн.

Саргайган социал-демократтар...

Өлкөнүн саясат талаасы узап бараткан жумада салыштырмалуу тынч болду. Оппозиция Балыкчы окуясы боюнча сот алып келген
мүшкүлдүү абалдан чыгуунун жолун издеп, жардам сурап президентке кол сунууга аргасыз болду. Президент тараптан болсо силер менен “прокурор” сүйлөшөт деп символикалуу түрдөгү жооп берилди.

Оппозицияны Балыкчы окуясы боюнча 19 адамдын узак мөөнөткө кесилип кетүү коркунучу катуу убайга салууда. Дал ошол себептен социал-демократтар президент менен жолугушууга жол издеп, ал кабыл алса, жолугушууга даяр экенин билдирүүдө. Бул тууралуу социал-демократиялык фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов билдирди:

- Эгерде президент кабыл ала турган болсо биз жолугушууга барабыз. Себеби бүгүнкү күндө Балыкчыда камалып жаткан балдардын тагдыры жана ошондой эле шайлоодон кийинки куугунтуктар тууралуу айта турган көптөгөн сөздөр бар. Көп нерсени чечүүгө барышка биз милдеттүүбүз. Себеби булардын бардыгы шайлоодо болгон нерсе. Мындан тышкары мен ойлоймун, биздин фракция эмес, Кыргызстандын ар бир жараны биздин президентке кирип жолугууга укугу бар.

Президент Курманбек Бакиев социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаеваны 28-сентябрда кабыл алууга макулдугун берген. Бирок ал жолугушуу ишке ашпай калган. Андан кийин бийлик социал-демократтар менен жолугушууга Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Досалы Эсеналиевди жөнөткөн. Бирок социал-демократтар чиновниктер эч нерсе чечпейт деп, президент менен түзмө-түз көрүшүүнү көздөп жатышат.

Жалпы оппозициялык Бириккен элдик кыймыл президент менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген. Бирок Президент жеке өзү ал сунушту кабыл алып, оппоненттерин угууга жетинчи кабаттан түшөр-түшпөсү белгисиз болуп турат.

Күнү-күнүнө тушталып табылган сөөк


Мындан бир жыл мурун 30-сентябрда социал-демократиялык фракциянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев дайынсыз жоголгон эле. Аны Бишкектеги “Майкл” кафесинде отурган жеринде кимдир-бирөөлөр чакырып чыгып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Ага чейин социал-демократиялык фракциянын дагы бир мүчөсү Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыяр Амражанов белгисиз бирөөлөр тарабынан күч менен кармалып кеткен.

Бактыяр Амражановду күч менен кармап кетүүгө жана андан кийин өлтүрүүгө тиешеси бар экенин 23-июлда Чымкентте кармалган Жумабек Зикирбаев мойнуна алган. Кылмыштуу топтун башчысы деп эсептелген Зикирбаев кармалгандан эки айдан ашык убактан кийин, Руслан Шаботоевдин киши колдуу болгонуна туура бир жыл болгондо, анын кайсыл жерде атылганын көрсөтүп олтурат.

Кайгылуу окуянынын бетин туура бир жылдан кийин, Шаботоев уурдалган 30-сентябрда ачууну Зикирбаев эп көрдү бекен же Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ушундай чечим кабыл алды бекен деген суроо туулбай койбойт экен. Эгерде ал Ички иштер министрлигинин чечими болсо, анда анын артында кандай сыр же белги турат деген ой келет...

Күйүткө малынган Руслан Шаботоевдин жакындары 30-сентябрда табылган сөөктүн кимдигин аныктай турган экспертизаны күтпөстөн эле 3-октябрда сөөктү жерге коюшту. Алар үчүн сөөктүн колундагы саат жана башка белгилер сөөк Руслан Шаботоевго таандык экенин билүүгө жетиштүү болгону кабарланды.

Жаңы күчтөр саясий талаага чыгууга умтулууда

Бийликке кескин оппозиция болгон Бириккен элдик кыймыл соттук териштирүүлөрдөн, кайгылуу окуялардан жүдөп турган чакта саясий аренага чыгууга умтулган жаңы күчтөр бар экени ачыктала баштады. Маселен, кезинде өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган генерал-майор Мирослав Ниязов өзү да жаңы партия түптөп, саясатка аралашууну ойлоп жатканын билдирди. Азыркы мезгилде саясий талаага чыгууга умтулган башка да саясатчылардын аракети бар экенин Ниязов белгиледи:


- Бүгүнкү бийлик легитимдүү эмес. Бирок факт түрүндө бул бийлик турат. Ал эми радикалдуу оппозиция менен жалкоо бийликтин ортосунда таза саясий талаа калды. Мына ошол талаага жаңы күчтөрдүн чыгуусуна элдин баары муктаж болуп турат. Ошол талаага чыгуу үчүн көп жерлерде уюштуруу иштери жүрүп жатат. Маселен, белгилүү Касым Исаев деген аксакалыбыз бар. Ал өзү жазуучу, публицист, тажрыйбасы мол киши.Ошол киши аракет кылып, “Эл арманы” деген партияны түзүп жатат, деген Мирослав Ниязов бирок Юстиция министрлиги ал партияны каттабай жатканын кошумчалады.

Албетте, жаңыдан уюшулуп же түптөлүп жаткан күчтөрдөн сырткары “Жаңы Кыргызстан”, “Ар намыс” сыяктуу партиялар конструктивдүү оппозициянын ролун аткарууга даяр турат. Бирок алар азырынча бийлик сересине чыга албай турушат. Өзүнүн саясий жолун жана позициясын бекемдөөнүн үстүнөн “Ак шумкар” партиясы да иштөөдө.

Саясат таануучулардын пикиринде, бул партиялар кезектеги парламенттик шайлоого үмүт артып турушат. Президенттик Жогорку Курултай сыяктуу жаңы структуралардан аларга орун берилген болсо, анда алардын келечектеги парламенттен орун алуу үмүтү жандана баштайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG