Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:49

Камбар-Ата ГЭСтерин сатууга жана күрөөгө коюуга жол ачылды. К.Сарбаев АКШда, С.Нарышкин Бишкекте болду.

Тизгини колдон чыккан Камбар-Ата...

Жогорку Кеңеш Камбар-Ата ГЭСтерин сатууга жана күрөөгө коюуга тыюу салган мыйзамдын күчүн жоготуу чечимин чагылгандай тездик менен кабыл алды. Алгач жума башында парламенттин Отун-энергетика жана жер байлыктары боюнча комитети маселенин татаалдыгын моюндап, акыл калчап көрүүгө он күндөй убакыт сураган эле. Бирок күчтүү басымдан улам ошол эле күнү 6-октябрда кечинде кайрадан жыйынга чогулуп, өкмөт талап кылган чечимди кабыл алып беришти.

Өкмөт Камбар-Ата ГЭСтерин сатууга жана күрөөгө коюуга тыюу салган мыйзамды жокко чыгарууну талап кылган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсунбек Турдумаматов мындай чечим Камбар-Ата-2 ГЭСине Өнүктүрүү фондунан насыя алыш үчүн керектигин билдирди.

7-октябрда Социал-демократиялык фракциянын жыйынына бул маселе коюлуп, фракция депутаттары бул тагдыр чечүү маселе боюнча өкмөт башчы, президенттин пикирин билүү зарыл деген чечимге келишти. Коммунисттик фракция болсо аны талкуулашка үлгүргөн эмес. “Ак жол” фракциясы жарыяланбаган жыйын өткөрүп, анда өкмөттүн сунушун колдоо тууралуу чечим кабыл алганы кийин маалым болду.

Мына ошону менен Камбар-Ата ГЭСтерин күрөөгө коюуга жана сатууга жол ачуу маселеси парламенттин 9-октябрдагы жыйынында биринчи маселе болуп коюлду. Төрага Айтибай Тагаев эрте менен дароо бул маселени талкуулабай туруп эле добушка коюуга үндөдү:


- Урматтуу депутаттар бул маселе фракцияларды аябай талкууланган. Маселерибиз көп. Ошондуктан суроо-жоопсуз эле добуш берүүгө коюп салбайлыбы. Каршылык жокпу? Суроо үчүн сөз депутат Сейтказиевде. “Ак жол” фракциясы силер баарын карап чыктыңар... Дагы эмне маселеңер бар?

Төраганын демиткенине карабай кыска талкуу орун алып, анда Коммунисттик жана Социал-демократиялык фракция өкмөттүн аракетине кескин сын айтты. “Ак жол” фракциясынын ичинен да Камбар-Ата ГЭСтери боюнча шашып чечим кабыл алууга каршы пикирлер айтылды. Маселен, фракциянын мүчөсү Алишер Мамасалиев:

- Биз бүгүн өтө маанилүү маселени карап жатабыз. Ал Камбар-Ата ГЭСтеринин иши жана курулушуна байланыштуу мыйзам. Жакында эле Өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елисеев мырза корпоративдик кызыкчылыктарга байланыштуу улуттук долбоорлорду каржылоого болбосун билдирген. Бул жерде улуттук кызыкчылык четте калып калганы түшүнүксүз болуп турат. Мен “Ак жол” фракциясынын чечимине каршы чыга албаймын. Бирок биз мындай маанилүү маселеде шашпасак. Мүмкүн биз парламенттик угуулар өткөрүп, мына ошол жерде көз карандысыз эксперттердин сөзүн угуп, биздин чечим эмнеге алып келерин билип алсак оң болот эле.

Албетте кескин сын социал-демократтар тарабынан айтылды. Бул фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева Өнүктүрүү фонду Камбар-Ата ГЭСтерин менчиктештирүү үчүн түзүлгөн деген пикирди айтты:

- Өнүктүрүү фонду Камбар-Ата ГЭСтерин менчиктештирүү үчүн түзүлгөн. Ал менчик акционерлер алда качан эле биздин суубузга көз салып коюшкан. Биз буга каршыбыз жана мындай чечимдин себептерин президент, өкмөт башчы парламентке келип түшүндүрүп бериш керек.

Мына ушундай талкуунун соңунда маселе добуш берүүгө коюлуп, ал 65 добуш менен кабыл алынды. Белгилүү болгондой “Ак жол” фракциясы парламентте 70 депутаттык орунга ээ. Ошондуктан Коммунисттик жана Социал-демократиялык фракциянын каршы добушу чечим кабыл алууга эч кандай таасир эте алган жок.

Оппозициялык депутаттарды негизинен Россиядан кыргыз мамлекетинин эсебинен алынган 300 миллион доллар насыяны мамлекет эмне үчүн түздөн-түз өзү Камбар-Ата-2 ГЭСине жумшай албайт? Эмне үчүн ортого жүрүш-турушу белгисиз “MGN group” кеңеш бере турган Өнүктүрүү фонду кыпчылыш керек деген суроо тынчсыздандырды. Аз сандагы депутаттары бар оппозициялык фракциялар жергиликтүү өтө таасирлүү адамдар артында турган бул уюмдар насыяны да, ГЭСтерди да менчиктештирип, натыйжада Кыргызстан Кумтөр сыяктуу кезектеги аферага илинет деп чочулашууда. Коммунисттик фракциянын лидерлеринин бири Анаш Сейтказиев ошондуктан муну кезектеги афера катары атады.

Өкмөт өз кезегинде Өнүктүрүү фонду да мамлекетке тиешелүү экенин айтууда.

Бирок Камбар-Ата-2 ГЭСи Өнүктүрүү фондунан алына турган 100 миллион доллар менен курулуп бүтүп калбайт. Ал үчүн дагы 11 миллиард 456 миллион сом керек. Бул курулушка акыркы жылдары эле мамлекет 100 миллион долларга чейин каражат салганы маалым. Ошондуктан каржылоону мамлекет жүргүзүп, карыздар мамлекеттин мойнуна илинип, ал эми Камбар-Ата ГЭСи күрөөгө коюлуп олтуруп, акыр аягында менчик колго түшүп калышы толук ыктымал.

Нарышкин насыя маселеси менен келдиби?

Кыргызстандын ички саясатында мына ушундай чечим кабыл алынган жумада тышкы саясатка байланыштуу орчун окуялар орун алды.


6-октябрда Кыргызстанга Россиянын президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин келип кетти. Ал күнү мугалимдер күнүнө арналган салтанатка катышып жүргөн президент Курманбек Бакиев Дмитрий Медведевдин өкүлүн түштөн кийин кабыл алды. Бирок жолугушууда каралган маселе тууралуу эч кандай маалымат берилген жок. Жолугушуунун өзү жабык эшик артында өттү.

Россиянын жогорку деңгээлдеги чиновниктери, вице-премьер-министр Игорь Сечин менен коргоо министри Анатолий Сердюков да 8-июлда Кыргызстанда ушундай эле жабык мүнөздөгү сапар менен болуп кеткен. Ал сапардын артынан кийин Россия Кыргызстан түштүгүндө аскердик база куруу максаты бар экени тууралуу сөз чыккан. Бул түкшүмөл август айынын башында Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведевдин меморандумга кол коюп, ноябрь айына чейин Кыргызстан түштүгүндө база ачуу боюнча келишимге жетишүүнү белгилеши менен чындык экени айгинеленген.

Бул ирет Сергей Нарышкиндин сапарынын алдында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үчүн убада кылынган каражат бөлүнбөй жатканын кыргыз тарап айтып, түштүктөгү база боюнча келишим аксап жатканы тууралуу күбүр-шыбырлар чыга баштаган.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев кыргыз-орус мамилесинин абалы тууралуу буларды билдирди:

- Бул жерде маселенин баары акчада болуп жатат. Мисалы үчүн Камбар-Атага бөлүнгөн акчанын гранттары бир аз келип, анан эле калган 1 миллиард 700 миллион доллар бөлүнбөй туруп калбадыбы. Ошол боюнча маселе жылбай токтоп калды. Анын ортосунда бул жерде Транзиттик борбор ачылды деп орус тарапта нааразычылыктар болуп калды. Россия өзү транзиттик жүктөргө, аскер жүктөргө да жол ачып, өздөрү ташып берип жатпайбы. Мындан алар пайданы алып жатат. Эми Нарышкиндин сапары боюнча, бул жерде дагы бир маселе чыгып жатат. Алар Оштогу аскердик бөлүктөрдүн базаларына көчүп келели деп жатышат. Биздикилер болсо Баткенге келип, ошол жерге базаны ачкыла деп жатат. Ушул маселе да жакшы чечилбей жатпайбы.

Дагы бир саясатчы Марс Сариев Сергей Нарышкиндин 6-октябрдагы сапарын 9-октябрда Жогорку Кеңештин Камбар-Ата ГЭСтери боюнча чечим кабыл алышы менен байланыштырат:

- Сергей Нарышкин күтүүсүз жерден келди. Ал Бакиев менен сүйлөшкөндөн кийин иштер жүрүшкөнү
сезиле баштады. База маселеси жыла баштады. Камбар-Ата ГЭСтерин күрөөгө коюп же сатканга жол ачылды. Ошону менен Кыргызстанды кармаш керек. Кыргызстанды, суунун башын кармагандан кийин Казакстан менен Өзбекстандын батышка оомой аракети токтолуп калат.

Саясат таануучу Сариев Нарышкиндин сапарынын алдында түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттери Нахичеван шаарында чогулганын эске алып, түрк өлкөлөрүн бириктирүү боюнча АКШнын долбоору алдыга жылып жатканын, мындай шартта Россия дипломатиясы утула баштаганын байкап, өзүнүн аракетин көрө баштады деген пикирин кошумчалады. Россиянын утула баштаганын Сариев Молдовадагы КМШ саммитине Курманбек Бакиевден башка Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери барбай коюшунан да көрүп турат.

Нарышкин Бишкекте, Сарбаев Вашингтондо

Сергей Нарышкиндин ачыкталбаган сапарынын алдында, 5-октябрда Кыргызстан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин АКШга үч күндүк сапары башталды. Ага чейин эле Игорь Чудинов Кошмо Штаттарда болуп келген. Бул сапарлардын максаты 22-июнда Кыргызстан менен АКШ Манас аба майданында Транзиттик борбор ачуу боюнча макулдашууга жетишкенде АКШ Кыргызстанга убада кылган жардамдарды алууга байланыштуу экени да белгилүү.

Маалым болгондой келишимге ылайык АКШ "Манастын" ижара акысына 60 миллион доллар төлөйт. Андан сырткары 36 миллион 600 миң доллар учактардын турагы үчүн аянттарды жана жүктөр үчүн кампаларды курууга, 30 миллион доллар "Манас" аба майданын жаңы аэронавигациялык жабдуу менен камсыздоого, 21.5 миллион доллар баңгизаттарын ташууга каршы күрөшкө, дагы 10 миллион долларды терроризмге каршы күрөшкө бөлөт. Кыргызстандын экономикалык өнүктүрүү фондуна да АКШ өкмөтү 20 миллион доллар бөлө турган болгон.

Кадырбек Сарбаевдин сапары учурунда мына ушул жетишилген келишимдерди аткаруунун жолдору каралды деп эсептейт Орозбек Молдалиев:

- Сарбаевдин барганына келсек, баягы убада кылынган долларлар кайда деген сөздөрдүн ар жагы, бер жагы жөнүндө болуп жатат. Ошол каражаттар кандай келип түшөт? Себеби убада кылынган долларлар накталай болбой, аскердик-техникалык жардам иретинде келип калышы мүмкүн.

Кандай болгон күндө да, Сергей Нарышкин сапарынын жыйынтыгы кыргыз-орус тарап аткарууга белсенип жаткан долбоорлордун андан аркы тагдыры, эки өлкөнүн мамилесинин өнүгүшүнөн айкын болот. Ошондой эле Кадырбек Сарбаевдин АКШ сапарынын жыйынтыгы АКШ менен Кыргызстан Транзиттик борбор түзүү боюнча келишим менен бирге жетишкен экономикалык макулдашууларды турмушка ашырылышынан айкын болот.

Ал эми келерки жумаларда президент убада кылган башкаруу системасын реформалоо ишке ашырыла башташы күтүлүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, президенттик администрация менен өкмөт аппаратынын биригүүсү боюнча маселелер практикалык мүнөзгө өтө баштады.

"Азаттыктын" архивинен: Камбар-Ата - Кыргызстандын үмүтү

Кыргызстан 2009-жылы декабрда Камбар-Ата -2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүүнү максат кылууда. Биринчи агрегатты ишке киргизүү өлкөгө жылына кошумча 400 млн. кВт. саат электр кубатын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. BD.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG