Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Оппозиция бийликти ийри отуруп, түз сүйлөшүүгө чакырууда


А. Бекназаров президентке кайрылып, оппозицияга байланыштуу соттордо адилеттүүлүктү өтүндү. Бийлик ал иштерге сот чекит коерун билдирген.

13-октябрда Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров жана Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева маалымат жыйынын өткөрүп, анда Балыкчы окуясы боюнча соттун жүрүшү жана президентке кайрылуу тууралуу маалымат беришти.

Роза Отунбаеванын айтымында, Балыкчы сотунда сотко жети жолу ишеним көрсөтпөө жарыяланганына карабай сот улантылып келди:


-Балыкчы сотунун башталганына бир ай болду. Ошонун ичинде жети жолу сотко ишеним көрсөтпөй турганыбызды билдиргенбиз. Анткени сот көп нерселерди мыйзамга каршы жасап жатат. Абдан көп нааразылыгыз бар. Эми гана ошентип сотко ишеним көрсөтпөө маселеси Ысык-Көл облустук сотуна кетти.

Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү ошондой эле фракция лидери Бакыт Бешимов коркутууларга байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткенин жана азырынча ошол жакта болоорун белгиледи. Кысымдарга карабай фракция депутаттары мандатын таштап кетпей турганын Р.Отунбаева ачыктады:

- Кеткенге көп акылдын кереги жок. Бир паста эле кетсе болот. Бирок биздин аркабызда электоратыбыз бар. Каршы пикирлүү абдан калың электоратыбыз бар. Ошолордун көз караштарын билдирип, биз азыр кыйналып, ошого карабай иштеп турабыз.

Ал эми президентке кайрылуунун мазмуну тууралуу Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

- Балыкчыда, Петровкада, Бишкекте саясий куугунтуктоолор менен козголгон Исаковдун, Бөлөкбаев, Аргынбаев, Рыскуловдун, 19 адамдын үстүнөн сот болуп жатат. Мына ошол сот жараянында бул иштер саясий жагдайда токулганы, эч кандай далилдер жок экени тим эле оркоюп чыгып атат. Мына ошолорду далилдеп көрсөтүп, анан К.Бакиевге бул иштер мындай болуп жатат, ошондуктан ага пикириңизди билдир деп кайрылуу жасадык.

Белгилүү болгондой, социал-демократиялык фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов президент Курманбек Бакиев Роза Отунбаеваны кабыл алууга сөз бергенин маалымдаган. Отунбаеванын айтымында, ал бейрасмий иш-чаралардын биринде президент Курманбек Бакиев менен бет келип калып, аны менен сүйлөшүүгө жетише алган:

- Мен бир иш-чарада жолугуп, президент менен сүйлөштүм эле. Сизге барып, сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле десем, өзү абдан жакшы кабыл алып, макул деди. Мамлекеттеги биринчи адам өзү кабыл алам деп айтса, ал дайыма сөзүн кармайт. А бул жерде президент башкарып жатабы же анын үстүндө дагы аппарат турабы, мен түшүнбөй калдым, - деген Роза Отунбаева макулдашылган жолугушуу болбой калганын белгиледи.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Досалы Эсеналиев оппозиция менен жолугушууга башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен ал өзү жөнөтүлгөнүн, бирок ал жолугушууга оппозиция келбей койгонун билдирди.

Ал эми “Ак жол” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев Балыкчы окуясы боюнча маселеге сот чекит коерун билдирген.

Оппозиция өкүлдөрү буга карабай президент менен жолугушуп, ийри отуруп, түз сүйлөшүүнү көздөп турат. Эгерде бийлик оппозицияны кысымга алууну күчөтө берсе, келечектеги оппозиция диний оппозиция болот дейт Роза Отубаева:

- Бизди ушинтип уруп-токмоктоп, өлтүрүп жоготсо мисалы, бизден кийин сөзсүз диний оппозиция келет деген тыянакка келип атам. Ошол диний оппозиция экстремисттик түрдө, террористтик түрдө азыр деле башын чыгарып жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG