Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

16-октябрда парламентте өкмөттүк саатта жүрөк-кан тамыр оорулары жана аны дарылоонун абалы талкууланды. Бул дарттан өлкөдө күн сайын 50 киши көз жумуп, Кыргызстан бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө биринчи орунда турары айтылды.

Жогорку Кеңеш акыркы мезгилде саламаттык сактоо тармагына көбүрөөк көңүл буруп, андагы кемчиликтерди айтып чыгып жатат. Маселен, өткөн айда депутаттар төрөттөн энелердин көп каза болуп жатышын көтөрүп чыгышкан.

16-октябрда Жогорку Кеңеште жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу маселе каралып, аны менен бирге үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун натыйжасыздыгы, кадрларды даярдоодогу кемчиликтер, жүрөк оорууларын эмдей турган ооруканалардын жетишпегендиги айтылды.

Бул маселелер боюнча депутаттарга маалымат берген саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов акыркы кезде жүрөк-кан тамыр оорулары жаштар арасында да өскөнүн белгилеп, аны калктын өз убагында медициналык жардам сурап кайрылбаганы жана элет жерлеринде үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун начар иштеши менен байланыштырды:

- Практика көрсөткөндөй үй-бүлөлүк дарыгерлердин жүрөк-кан тамырлар оорусунун курч мүнөздөгү формалары менен күрөшүүгө
мүмкүнчүлүгү жок болуп чыкты.

Бул маселени иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Зулхабира Бекенова жер-жерлерде кардиологдордун, дарылоочу мекемелердин жетишпестигин атап, мисал катары буларга токтолду:

- Баарынан мурда айрым облустарда жана райондордо дарылоо мекемелери түгүл кардиологиялык бөлүмдөрүнүн имараттары да нормативдик талаптарга жооп бербегени өкүндүрөт. Мисалы, шаардык бейтапканынын базасында түзүлгөн Жалал-Абад облустук бириккен оорукананын корпустары 19-кылымда салынган курулуштар.

Депутаттын маалыматы боюнча, түштүк региондогу жүрөк-кан тамыр оорулуулар Өзбекстан облустарына барып дарыланууга аргасыз болуп жатат. Ал эми Бишкектеги борбордук Кардиологиялык оорукананын жабдуулары эскирген. Аны жаңы заманбап жабдуулар менен камсыздоо үчүн кеминде 25 миллион доллар керек.

Мындай кемчиликтер жүрөк-кан тамыр дартынан каза тапкандардын санын көбөйтүүдө. Министр Марат Мамбетовдун маалыматы боюнча Кыргызстанда бул дарттан күнүнө 50 киши, ал эми жылына 18 миң киши каза табат. Бул өлкөдө каза тапкандардын 49 % түзөт. Дүйнөдө болсо жүрөк-кан тамыр оорусунан каза тапкандар 30 % түзөт.

Медик депутат Эрнест Акрамов медицина тармагын коррупция каптап, реформалар тескери натыйжаларга алып келгенин белгиледи. Мындай шартта илгерки системага кайралып келүүнү Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев сунуштады:

- Тилекке каршы турмуш көрсөттү. Чын эле (Үй-бүлөлүк дарыгерлер) ордун таппай жатат. Таппаса сиз эрдик кылып туруп, сунуш бериңиз муну жоготолу. Илгеркидей аймактык- армактык принципке өтөлү. Поликлиникага өткөрсөк болбойбу? Ошол система жаман беле? Айтыңызчы министр катары?

Ага жооп кылган министр бул маселе иликтенип жатканын, кээ бир жерлерде тийиштүү чечимдер кабыл алынып жатканын билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө медициналык адистерди даярдоо маселелери да козголду. Депутаттар жана министр Медициналык академия жана Кыргыз-орус славян университетинде гана медициналык адистерди даярдоого база бар экенин белгилеп, калган башка окуу жайлардагы медициналык кафедраларды жабуу зарылдыгын белгилешти.

Депутат Алишер Сабиров окуу жайын бүткөн жаш адистерди алыскы региондорго жиберүүнү колго алууну, эгерде баруудан баш тартса, андай адисти даярдоого кеткен каражатты төлөтүп алуу маселесин койду.

Талкуунун соңунда токтом долбоору негиз катары кабыл алынып, анда жашоонун сергек түрүн даңазалоо, балдардын кардиологиялык борборун ачуу, кадрларды даярдоого көңүл буруу сунушталды. Бардык кемчиликтерди карап, тийиштүү чараларды көрүү өкмөткө тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG