Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү электр системасынан чыгарын кабарлады. MGN Groupтун өкүлдөрү Кыргызстандын стратегиялык ишканаларынын жетекчилик органдарына киргени айкын болду.

Ташкенге чуркатып, өпкөлөткөн Өзбекстан

17-октябрдан тарта Өзбекстан Борбор Азиянын бирдиктүү электр системасынан чыгаарын жарыя кылганы кабарланды. Бул маселе кыргыз өкмөтүн терең түйшөлтүп, өкмөт башчы Игорь Чудиновдун Кытайга сапары учурунда көтөргөн негизги темалардан болду. Чудинов Кытай өкмөт башчысы Вэн Цзябао менен 15-октябрдагы жолугушууда Датка - Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн насыя сурады. Ушул эле маселени Игорь Чудинов ошол эле Кытайда Казакстан өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушууда талкуулады. Бул маселени Казакстан менен Кыргызстан өкмөт башчылары өткөн жумада Карим Масимовдун Бишкекке сапары учурунда да карашкан. Анда Казакстан Датка - Кемин жогорку чыңалууда электр линиясын андан ары Алма-Атага карай тартууга кызыкдар деген сөз айтылган.

Өзбекстандын Борбор Азиядагы бирдиктүү электр системасынан чыгуусу менен Кыргызстан менен Тажикстандын катуу жабыркай
турганы айтылууда. Өзгөчө Кыргызстан үчүн жеңил болбошу айкын. Биринчиден, өлкөнүн түштүк да, түндүк да региондорун электр кубаты менен камсыздоо кыйындайт. Анткени түштүк регионго тартылган линиялардын Өзбекстан жери менен өткөн учурлары бар. Андай шартта Өзбекстан аймагынан электр кубатын транзиттөө үчүн эми акы төлөөгө туура келет. Токтогулдан түндүк регионго бир гана линия тартылган. Мындайда кандайдыр бир кырсык болсо жалпы регион караңгылыкта калуу коркунучу туулат.

Мына ушул маселелер жана газ карызы боюнча сүйлөшүү үчүн өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов Ташкенге жума күнү жөнөп кеткен. Анын сапарынын жыйынтыгы боюнча азыр маалымат жоктугун министрдин орун басары Акылбек Түмөнбаев “Азаттыкка” билдирип, бирок Өзбекстан бирдиктүү электр системасынан чыкпайт деген ишеничин айтты.

Жогорку чыңалуудагы электр линияларды башкарган “Улуттук электр тармактар” акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Медет Айткулов азыркы мезгилде алар, эгерде Өзбекстандын бирдиктүү электр системасынан чыгып кетсе, кандай аракет кылуунун үстүнөн иштеп жатышканын билдирди:

- Азыр өзбектер андан чыга элек. Чыкпайт го... Дагы сүйлөшүүлөр болуп атат. Маселе акыр-аягына чейин чечиле элек. Чыкпайт деп турабыз. Азыр баарыбыз ошол маселелердин үстүнөн иштеп жатабыз, иликтеп жатабыз.

Мурунку вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Кыргызстан үчүн негизги проблема Токтогул ГЭСинен иштелип чыккан электр энергиясын Өзбекстан аркылуу Казакстанга берүүдөн чыгаарын айтты:

- Кептин болгону эле 500 киловольт линия менен Өзбекстанга кетип жаткан биздин электр кубатыбызды өзбектер кесип салса, биз ошол линияны Кыргызстандын түндүгүн көздөй тартып алалбай калганыбыз өкүнүчтүү болуп жатат. Калганы баары ордунда эле. Эң эле кыйынчылык казактарга түшөт. Эмне дегенде Токтогулдан нары Өзбекстан аркылуу кеткен биздин электр энергия Өзбекстанды дагы, анан кийин Казакстандын түштүк облустарын 30-40% чейин камсыз кылып турган.

Базарбай Мамбетовдун айтымында, Кыргызстан Датка - Кемин линиясын тартууга эки-үч жыл эртерээк аракет кылганда дурус болмок. Бирок эми болсо да Кыргызстан менен Казакстан аны быйыл тарта баштаары күтүлүүдө жана ал үчүн 1 миллард доллар керек.

Айрым маалыматтарга караганда, Өзбекстан мындай кадамга Кыргызстандын Камбар-Ата ГЭСтерин куруу жана түштүк региондо орус аскердик базасын ачуу аракеттерине жооп иретинде жасап жатат. Белгилүү болгондой, Ташкен Бишкектин мындай максаттарын колдобосун билдирген.


Гуревичтин башкаруусу менен кеңеш берүүсү…

Коңшу өлкө менен мамиленин татаалдашына алып келген Камбар-Ата долбоорлору болсо мамлекеттин колунан чыгып, Өнүктүрүү фонду, андан ары Гуревич, Генкен, Надельдердин MGN Group компаниясынын колуна карай жылмышып баратканы айтылууда.

Россиянын 300 миллион доллары Өнүктүрүү фондуна, фонд аркылуу жогорудагы адамдардын колуна түшкөндөй эле Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн бөлүнө турган 1 миллиард 700 миллион доллар да ушундай схема менен кетип калат деп, Россия насыя бөлүүнү кечеңдетип жатпайбы деген да ой пайда болууда.

MGN Groupтун башчысы, чет өлкө жараны Евгений Гуревич 14-октябрда “Азаттыкка” интервью берип, анда Кыргызстандын
финансылык каражаты бүтүндөй берилип жаткан Өнүктүрүү фондунун активдерин башкаруу укугуна ээ болгонун моюндады:

- Биз Өнүктүрүү фондунун активдерин башкаруу жана кеңеш берүү боюнча тендерин утуп алганыбызга өтө сыймыктанабыз. Биз Өнүктүрүү фондун стратегиялык кардар катары баалайбыз. Анткени аны менен биздин пландар окшош чыгып жатат. Биз ошондой эле жакында Социалдык фонддун активдерин башкаруу боюнча да тендерди утуп алдык. Ошондой эле биз “Азияуниверсалбанк”, "Мегаком" менен да кызмтташбыз.

Мына ушундай ачык билдирүүлөрүнө карабай Гуревич, интервьюсунун башка жеринде Өнүктүрүү фондуна сунуш берүү укугуна гана ээ экенин айткан. Башкаруу укугуна ээ болгон адам өзүнө-өзү сунуш береби деген суроо туулат...

Мына ушундай карама-каршылыктарды айткан жана алеки заматта өлкөдөгү стратегиялык ишканалардын жетекчилигине кирүүгө, миллиарддаган сому бар Социалдык фонддун, жүз миллиондогон доллары бар Өнүктүрүү фондунун активдерин башкарууга жетишкен адамдын президенттин жакындары, баласы менен байланышым жок дегенине канча аракет кылсаң да ишенүү мүмкүн эмес.

Анын үстүнө MGN деген аталышта, ал компаниянын кожоюндарынын баш тамгалары баарын бадырайтып айтып тургандай.

Коммунисттик фракциянын лидерлеринин бири Николай Байло “Камбар-Ата-2 ГЭСи” аралашкан бул иштерди “Кумтөр” аферасына тете афера катары баалады.

Өлкөдөгү мындай иштерге “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин пикири мындай болду:

- Бакиев өз билдирүүсүндө биз мамлекеттин кээ бир функциясын жеке ишканаларга беребиз деген. Мына ошентип Өнүктүрүү фонду бүгүн параллель өкмөт болуп калды. Эбегейсиз чоң акчаларды, пайда түшүп жаткан Кумтөр, "Манас" аба майданын, Жерүйдү башкарууну өзүнө алабыз деп жатышат. Андан башка Өнүктүрүү фондунун жетекчилигине кирген чет элдик жарандар жана компаниялар Кыргызстандын стратегиялык тармактарын,байланыш, алтын тармактарын башкарууларын өзүнө алып жатат. Мына ушунун өзү мамлекеттик функцияларды да менчиктештирүүгө баратканын көрсөтөт. Биз бул саясатка каршыбыз. Бул саясаттын бир көрүнүшү Камбар-Ата ГЭСтерин куруу боюнча мыйзамдын жокко чыгарылышында турат. Ал мыйзам жокко чыккандан кийин бул ГЭС күрөөгө коюулушу мүмкүн, сатылышы мүмкүн. Бул эл аралык финансылык топтордун кызыкчылыгында жасалып жатат. Кыргызстандагы ушул нерсе классикалык мисал, кантип эл аралык жана жергиликтүү мафиялык топтор бүтүндөй өлкөнү менчиктештирип, анын саясатын аныктап калганын көрсөткөн.

Ошентип өлкөнүн финансы тармагы менчик колдорго берилип, коррупциянын азайтуу үчүн өкмөттү финансыдан ажыратуу боюнча президенттин реформасы ишке ашып турат. Эми Курманбек Бакиев 20-октябрда башкаруу системасын реформасын кандай жүзөгө ашырарынын жол-жобосун жарыялашы күтүлүүдө. Анткени 20-октябрга Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийлик башчылары өкмөт үйүнө чакырылды.

Жүрөк түшүргөн жүрөк оорулары

Бул арада өтүп бараткан жумада Жогорку Кеңеште калктын ден-соолугуна байланыштуу маселе козголуп, жүрөк-кан тамыр оорулары Кыргызстанда коркунучтуу деңгээлге өсүп жеткени айтылды. Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовдун маалымдоосуна караганда, Кыргызстанда күн сайын жүрөк-кан тамыр ооруларынан 50 киши каза табат. Бул өлкөдө күн сайын каза болгондордун 49% түзөт. Натыйжада жүрөк-кан тамыр оорусу менен көз жумгандар боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыгып олтурат.


Кыргызстанда бул дарттын күчөшүнүн себеби катары калктын өз ден-соолугуна кам көрбөшү, медициналык тейлөөнүн начардыгы аталды. Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов калктын ден-соолугун карай турган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу системасы иштебей калганын белгиледи:

- Практика көрсөткөндөй үй-бүлөлүк дарыгерлердин жүрөк-кан тамырлар оорусунун курч мүнөздөгү формалары менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү жок болуп чыкты.

Мындай абалдан чыгуунун жолун Исхак Масалиев мурунку системага кайра келүүдөн көрөт:

- Тилекке каршы турмуш көрсөттү. Чын эле (Үй-бүлөлүк дарыгерлер) ордун таппай жатат. Таппаса сиз эрдик кылып туруп, сунуш бериңиз муну жоготолу. Илгеркидей аймактык- тармактык принципке өтөлү. Поликлиникага өткөрсөк болбойбу? Ошол система жаман беле? - деген сунушун айтты министрге Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу үчүн Бишкекте балдардын кардиологиялык борборун, түштүк региондо кардиологиялык оорукана курууну, кардиолог дарыгерлерди даярдоону көбөйтүүнү сунушташты. Азыркы мезгилде Кыргызстанда жылына 10 кардиолог даярдалат экен. Ал эми суроо-талап 25 кардиолог.

Албетте, маселенин баары акча каражатына барып такалат. Ошол эле Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы кардиологиялык борборду жаңы жабдуулар менен камсыздоо үчүн 25 миллион доллар керек. Мынча каражатты Россия берген 150 миллион доллар гранттан түздөн-түз бөлүп берүү мүмкүн эместигин, гранттын бир бөлүгү бюджет аркылуу саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөнүн каржы министри Марат Султанов билдирди:

- 150 миллион доллар бюджеттин тартыштыгын каржылоого кеткен. Ошондуктан гранттын бул бөлүгү тигил жака кетти, аркысы бул жака кетти деп айтканга болбойт. Бухгалтерия боюнча киреше жагы болот, анан чыгаша жагы бар. Ошондуктан бир бөлүгү сөзсүз медицинага кетти. Ал эми гранттын бир бөлүгүн медицинага жумшай турган механизм бизде жок.

Каражат болсо чындыгында медицинага эле эмес башка тармактарга да жетишпейт. Маселен, келерки жылдын бюджетинде таңсыктык 12 миллиард сом, Социалдык фонддо 2 миллиард 100 миллион сом болоору белгилүү. Долларга айлантканда бул сумма 350 миллион доллардын айланасындагы сумма болот. Бул таңсыкты жабуу үчүн тыштан активдүү карыз суралууда. Ал эми тышкы карыз азыркы мезгилде 2,5 миллиард долларга жеткени белгилүү.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG