Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Реформа башталды, Конституция сакталдыбы?


Kyrgyzstan -- Inauguration of re-elected President Kurmanbek Bakiev, Bishkek, 02Aug2009
Kyrgyzstan -- Inauguration of re-elected President Kurmanbek Bakiev, Bishkek, 02Aug2009

Мамлекеттин башкаруу системасын реформалоо башталды. Аны аткарууда Конституциянын талаптары сакталдыбы?

Башкаруу системасын реформалоо башталганы тууралуу президенттин 20-октябрдагы сөзүнөн кийин эки күндүн ичинде өкмөттүн жаңы структурасы түзүлүп, курамы дээрлик бекитилди. Бул иштерди аткарууда же реформаны жүзөгө ашырууда Конституциянын талаптары бузулганы айтылууда.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Курманбек Бакиев 20-октябрда “Ак жол” партиясынын
саясий кеңешине төрагалык кылуу менен эле Конституциянын 45-беренесин бузганын билдирет:

- Конституциянын 45-беренсинде президент эч кандай партияга жана башка саясий уюмдарга мүчө боло албайт, алардын иш аракетине катыша албайт деген. Муну июль айында биздин Конституциялык Сот дагы так ушундай болот деп бекемдеген. Ошондо “Ак жол” партиясынын өкүлү Курманбек Бакиев мыйзамды сыйлайт, ал партиядан эбак эле чыгып кеткен, биздин ишке аралашпайт деп ант берген Конституциялык Сотто. Кечээ президент Конституциялык Соттун чечимин, конституциялык жобону дагы сыйлабастыгын эл алдында көрсөтүп, саясий бюрону өзү алып барды. Бул Конституцияны сыйлабагандык деп эсептейм.

Белгилүү болгондой “Ак жолдун” мына ошол жыйынында премьер-министрликке Данияр Үсөновдун талапкерлиги тандалып алынган.

Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев президент “Ак жолдун” катарынан формалдуу түрдө чыкканын, ошондуктан анын мыйзам бузуусуна документалдуу далил жоктугун белгилейт:

- Эми бул жерде кызыктуу нерсе бар, ооба ал (президент) саясий кеңешке катышты. Сүйлөдү. Негизи ошол киши сүйлөдү. Бирок ал кагазга жазылбагандыктан, аны болгон эмес деп эсептеш керек. Эгерде ошол жерде саясий кеңештин кагазына президент кол койгондо, ошондо мыйзам бузуу болот эле.

Бирок коммунисттер лидери өкмөттү түзүүдө Конституциянын талаптары бузулганын ачыктады:

- Конституцияда жазылып турат: Өкмөттүн курамы министрлерден жана мамлекеттик комитеттен турат деп. Жанагы кызмат деген түшүнүк жок да. Ошондуктан мен сессияда айттым, ушул Конституцияны тездетип, сунуш бербейсиңерби деп. Бул жерде радикалдуу деле өзгөрүүлөр жок го.

Конституциянын 46-беренесинде президенттин ыйгарым-укуктары жазылган. Берененин 6-бөлүгүндө “Президент Мамлекеттик катчыны дайындайт. Анын ыйгарым-укуктарын аныктайт; Президенттик Администрацияны түзөт” деп жазылган. 7-бөлүктө болсо “Коопсуздук кеңешти түзөт жана аны жетектейт” деп белгиленген.

Ошондуктан бул конституциялык органдар Конституциядан алынып салынганга чейин аларды жоюп салуу, алардын ордуна президенттик аппаратты түзүү, Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигин, Коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча Мамлекеттик кеңешчисин жана тышкы иштер боюнча Мамлекеттик министрин дайындоо канчалык мыйзамдуу болоору белгисиз. Дал ошол себептен бул органдарга дайындоолор созулуп жаткандай.

Мына ошондуктан реформалар Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн башталыш керек эле дейт Исхак Масалиев.

Бирок ошол эле учурда Конституциянын 46-беренесинин 9-бөлүгүндө “ Президент мамлекеттик органдарды түзөт, жоет жана кайра түзөт” деп да белгиленген. Дал ошонун негизинде президенттик Катчылык түзүлүп, иштеп жатканы да маалым.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ажыбай Калмаматов Конституциянын бузулушу тууралуу айыптоолорго мындай жооп берди:


- Биринчи комитеттер агенттик болуп, же болбосо Коопсуздук кеңеши өзгөртүлүп, андан кийин Конституцияны ошого туура келтирип койсок болот. Бул жерде мамлекетке бир коркунуч келтире турган иш болгон жок. Иш токтоп калбасын деген негизде, иштин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат.

Өлкөдөгү белгилүү юристтердин бири Мукар Чолпонбаев реформалар жүргүзүүдө Конституция бузулуп жатканын белгилеп, бирок алар боюнча кийинчерээк кеңири маалымат берерин билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG