Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Найзанын учундагы, бычактын мизиндеги саясат


ЖК депутаты Санжар Кадыралиевди эшигинин алдынан атып кетишкен. 2009-жылы 14-апрель
ЖК депутаты Санжар Кадыралиевди эшигинин алдынан атып кетишкен. 2009-жылы 14-апрель

Өткөн жылы Кыргызстанда бир катар саясатчы, журналисттер киши колдуу болду. Март айында Президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов жана анын эки шериги табышмактуу жагдайда каза тапкан. Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиев атылды. Жыл соңунда журналист Геннадий Павлюк өлтүрүлдү.

Кыргызстандагы айрым оппозициялык саясатчылар өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын жана өлүм-житимдер болуп калса, ага бийлик күнөөлүү болоорун 2009-жылдын башында эле эскерткен. Алардын катарында Исмаил Исаков жана Азимбек Бекназаров болгон.

Оппозициялык ишмерлердин калк ичинде иш жүргүзүүсүнө да коопсуздук маселеси тоскоол болуп келатканы белгилүү. Маселен, өткөн жылы Түп районунда оппозициянын курултай уюштуруу аракети чагымга кабылып, айрым лидерлер жулмаланып, аз жерден сабалбай калган. Таласта да ушундай окуя орун алган. Мындай чабуулдар саясатчылардын активдүүлүгүн басаңдатып, алардын коопсуздугуна коркунуч олуттуу экенин далилдеп турат.

”Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында
, мындай коркунучтар жер-жерлерде иш жүргүзүүгө залакасын тийгизип жатат:

- Биринчиден, партияга ачык жан тарткандардын саны азайып, алар көмүскөгө кетүүдө. Ачык жан тартып, материалдык колдоо көрсөткөндөрдүн саны катастрофалык түрдө азайган. Албетте, өкмөттүн жана тартип коргоо органдардын колдоосу менен ээнбаштык кылып жаңжал салгандар коркутуп кое албаса дагы, жолугушуулар өткөрүүгө бир топ эле тоскоолдук кылып келатат.


Ал эми БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров телефон аркылуу эскертүүлөр, коркутуулар көнүмүш болуп калганын, бирок акыркы кездери балдары үчүн кооптонуп
жүргөнүн белгиледи:

- Мен өзүмдөн анча деле коркпой калдым. Ушул бала-чакага зыяны тиеби деген коркунуч бар. Окуудан келатканда бирөө жарымын уурдап кетеби же башка болобу деген коркунуч бар.




Коопсуздук тармагында көп жылдар бою иштеген генерал-майор Мирослав Ниязов коопсуздуктун начарлашы, кылмыштуулуктун күчөшүнө карата мындай пикирин айтты:

- Кыргызстанда, албетте коркунуч бар. Кылмыштуулук өтө оор деңгээлге жетти. Бир жагынан же бийликтин, тартип коргоо органдарынын колунан эчтеке келбейт. Же болбосо бул бийлик ошол кылмыш жасаган адамдар менен биригип, коркутуп-үркүтүп, ошентип кыргыз элди басынтып, эч ким башын көтөрбөй, эч ким үнчыкпай калсын деген ой менен жасап атат деймин.


Кыргызстанда мына ушундай коркуу атмосферасынын калыптанышына карата суроого бийликтеги “Ак жол” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Бегалы Наргозуев мындай жообун берди:

- Мен эми маселени андай койбойт элем. Мен маселени. Дегеле ушул акыркы журналисттерге көп салуулардын болуп жатышы, ушул фактынын өзү мен үчүн коркунучтуу маселе. Бул маселе мени аябай ойлонтот. Бул багытта мамлеккеттик органдар, өкмөт өтө терең ойлонуш керек.

Бийлик өкүлдөрү журналисттер биригип, коркунучка каршы туруш керек дейт. Бул дагы керектир. Бирок мамлекеттин коопсуздук системасы бир адамга байланып, андан башка сурап алаар орган жок болуп турган чакта акыйкатка жетүү, кылмышкерди жазалоо күмөндүү экендигин талдоочулар белгилеп жатышат.


"Азаттыктын" архивинен:

ЖК депутаты Санжар Кадыралиевди атып кетишти


Депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG