Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Д.Үсөнов: Өкмөттүн “MGN GROUP” менен байланышы жок


Премьер-министр Данияр Үсөнов, 2009-жылдын 22-октябры.

Премьер-министр Данияр Үсөнов, 2009-жылдын 22-октябры.

15-мартта өкмөт башчы Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, анда электр энергиясына тарифтер, нарындыктар менен жолугушуу, ири ишканалардын сатылышы жана Гуревич жаңжалы боюнча пикирин билдирди.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов акыркы мезгилде маалымат каражаттары менен көбүрөөк байланышып, электр энергиясына тартифтердин көтөрүлүш себеби, “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомдун” сатылышы жана башка маселелер боюнча өкмөттүн көз карашын маалымат каражттары аркылуу элге жеткирүүгө аракеттенүүдө.

Мына ошондой максатта 15-мартта Данияр Үсөнов өкмөт үйүнө журналисттерди чогултуп, үч саат бою маалымат берди.

Бул жолугушууда Үсөнов электр энергиясына тарифтер негиздүү көтөрүлгөнүн жана ал боюнча артка кайтуу болбосун билдирди. Андан сырткары өкмөт башчы тарифтердин көтөрүлүшү менен элге 200 сомдон кошумча акча берилиши эсепке жараша иш болду деди.

Нарын митингисин уюштуруучулар менен жолугушууда 4 саат бою түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтып, митингдин
уюштуруучулардын айрымдарын чагымчылар катары баалады:

- Маңызын алып караганда, алардын кээ бири чагымчы. Андан башка сөз менен айта албаймын. Кээ бир базарда отурган аялдардын чыгышын түшүнөм. Кээ бирөөлөр нагыз эле чагымчылар.

Өкмөт башчы “Кыргызтелеком” жана “Түндүкэлектронун” сатылышын туура болду деп атап, “Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро” жана “Чыгышэлектро” саттыка коюлганын, каалоочулар болсо 1 долларга сатып алууга чакырды.

Евгений Гуревич жаңжалына байланыштуу суроого Данияр Үсөнов мындай жооп берди:

- Мен өкмөт башчы катары өкмөттө кабыл алынган чечимдерге жеке жооп беремин. Ошондуктан айтарым, Гуревич менен да, “MGN GROUP” менен да өкмөттүн эч кандай байланышы жок. Ал эми Гуревич директорлор кеңешине кирген акционердик коомдордун иши ал ишканалардын акционерлеринин апрель, майдагы жыйынында каралат.

Ал ошондой эле “MGN GROUP” менчик компания экенин, ал эми менчик компанияларды өкмөт текшерүүгө албасын айтып чыкты. Бирок эгерде менчик компания мамлекетин бүт каржылык активдерин башкарууга алган учурда ал кантип текшерилбей калат деген сурообузду өкмөт башчы жоопсуз калтырды.

Социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү Гуревичтин жанжалы тууралуу буларды билдирген:

- Биз эбегейсиз эл аралык деңгээлдеги жаңжалга кабылдык. Бакиевдин бийлиги көтөрмөлөгөн финансылык гений Италия мафиясынын эсепчиси болуп чыкты. Бул мафия биздин өкмөттө отуруп мамлекетибизге эпсиз зыян алып келүүдө. Биз Улуттук коопсуздук боюнча кызматты жоюшубуз керек. Анткени алар биздин ичибизге эл аралык “Коза ностра” мафиясынын киришине жол берди.

Данияр Үсөнов “Азаттык” радиосунун бир нече күндөн бери обого чыкпай жатышы тууралуу суроого мындай жообун берди:

- Силер эмне болуп жатасыңар? Чыгып жатасынарбы, чыкпай жатасыңарбы билбейт экенмин. Премьер-министрге кайрылсаңар, мен бүгүн тапшырма берип изилдейт элем. Эмне үчүн чыкпай жатасыңар? Эмне себептен, ким тоскоолдук кылып жатышын иликтейт элек. Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар, мындан ары дагы болот.

Ошону менен өкмөт башчынын маалымат жыйыны соңуна чыгып, эми ай сайын журналисттер менен жолугушуп турууга убадасын берди.

Айтмакчы, 15-мартта ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүн алдына “Азаттыктын” угармандары, саясатчылар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, “Азаттыктын” угузулбай жатышына нааразылыгын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG