Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

2005-жылдагы март ыңкылабында Курманбек Бакиевдин ролу кандай болгон? Ыңкылаптан кийин кайсы мезгилден тарта үй-бүлөлүк башкаруу кайрадан калыбына келе баштаган? Мына ушул сыяктуу суроолорго март ыңкылабынын негизги лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров жооп берди.

“Азаттык”:- Азимбек мырза, март ыңкылабында Курманбек Бакиевдин ролу канчалык?

А.Бекназаров: - Эми ролун айтканда, биринчиден тарых үчүн айтыш керек, саясат үчүн эмес. Ошол учурдагы, 2005-жылдагы март
айындагы окуяда Курманбек Бакиевдин ролу абдан чоң. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, тарыхый чындыкты айтыш керек. Эмне үчүн чоң дегенде ал кездеги жагдайларды эске алыш керек.

Ошол убакта Акаевдин командасындагы адамдар бир ууч оппозициядан үч-төрт эле киши калды деп, азыр оппозицияны жамандагандай саясат жүрүп жаткан. Ошондо радикалдуу оппозициянын катарында калыш, КЭКтин төрагасы бойдон туруш мурдагы премьер-министрге, депутат болуп ат салышып жаткан кишиге тарыхый чоң роль. Ошол убакта ал ачык түрдө ошол кездеги президент Акаев кетсин деп эл алдында ачык айта баштаган.

14-мартта КЭКтин мүчөлөрү Жалал-Абадка түндөп келишкен. Ошондо аксакал деп биринчи сөздү Үсөн Сыдыковго бергемин. "Үсөн Сыдыкович, мына эл 4-марттан 15-мартка чейин отурат. Он миңдеген кишилер отурат. Губернатор жок. Акаев түштүктөн ажырап калды. Бирок унчукпай отурат. Эмне кылалы?",-деп суроо салдым. Биз Координациялык кеңеш элдик губернаторду шайлайлы деген чечим чыгарганын айттым.

Үсөн Сыдыкович, чү дегенде эле айтты: “бийлик деген бийлик. Ага күчүбүз жетпейт.Элди таратыш керек. Элди кыйнабаш керек”,- деди. Анын жанында отурган Досбол Нур уулу дагы Үсөн Сыдыковду колдоп, элди таратыш керек деди. Ишенгүл Болжурова, Роза Отунбаева, Бектур Асанов жана башкалар элдик губернаторду шайлоону жакташты.

Жети-сегиз кишиден кийин Курманбек Салиевичке кезек келди. Ал айтты: "Эгерде Координациялык кеңеш чечсе, эл эмне десе биз ошону кылышыбыз керек. Мен дагы эл эмне десе ошону колдоймун. Азыр аянтка чыгабыз, элге айтабыз, эл жактырып губернаторду шайлайбыз десе, анда шайлап кетишибиз керек”, -деди. Мына бул 15-марттагы болгон иш. Ошондогу Курманбек Бакиевдин тарыхый ролу. Ал эл тарабында туруп, чечкиндүүлүктү көрсөттү.

Бирок экинчи тарабын дагы айтып коелу. Курманбек Бакиевдин ролу чоң болгон менен аны нары жагында, дегеле оппозиция менен жүрүп элдин талабын аткаруу, коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу Кыргызстанды муунтуп жатканы тууралуу ою да жок экен. Биз ошону билбеппиз, сезбеппиз. Эмне айтылбасын "мен эл тараптамын, көпчүлүктү колдоймун" деп жүрө берсе, аа бул түшүнөт турбайбы, түшүнүп макул болуп жатат деп жүрүппүз. Көрсө ал түшүнбөй эле макул экен. Түшүнбөй эле эптеп бийлик башына келип алсам деген максаты бар экен. Биз ошону сезбеппиз.

“Азаттык”:- Азимбек мырза, мына 24-мартта Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин Курманбек Бакиевдин жоголуп кеткени тууралуу сөз көп. Акаев качып кеткен учурда ал манты жеп отурган деген сөздөр чыккан. Анын канчалык чындыгы бар?

А.Бекназаров: - 24-мартта Ала-Тоо аянтында боло турган митингге биз 23-мартта түнү бою даярдандык. Курманбек Салиевич отурду. Ал убакта Акылбек Жапаров бизге келип кошулган. Координациялык кеңештин штаб башчысы болуп калган. Равшан Жээнбеков кошулган. Бир эле КЭКтин мүчөлөрү эмес, башка күчтөр дагы биригип калган.

Курманбек Бакиев 24-мартта аянтка келген учурда кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөштү дагы мага келип айтты, “Азимбек баары бир өзүң башкарып жатасың. Менин кан басымым көтөрүлүп кетти. Мен бара берейин”,- деди. Мен жок дедим. "Сиз лидерсиз. Мына бул жерге турган элге сүйлөп коюп анан кетиңиз" дедим.

Макул деп, 3-4 минута сүйлөдү. Анан жан сактагычтарынын коштоосу менен кетти. Ошол боюнча бул кишини көрбөй калдык.

Акаев качып, Ак үй алынгандан кийин, баары бүткөндөн кийин ал кишини издеп таппай аттык. Ак үйдүн алдындагы БТРдын жанында туруп издетип жаттым. Анан телефон менен байланыштырды. Мен айттым: "Курманбек Салиевич, Акаев качып кетти. Биз келбесек болбойт. Жоопкерчиликти Кыргызстан элдик кыймылы алыш керек, анткени жарым Кыргызстанда биздин адамдар бийликте болуп калды."

“Болушу мүмкүн эмес,”- деди. "Андай эмес, тез келиңиз. Келбесеңиз башка кишилер жоопкерчиликти алат. Анткени өлкө бийликсиз калганы болбойт",- дедим.

Исмаил Исакович Коргоо министрлигине барып отурду. Анткени курал таркатылып кетпеш керек . Топоев качып кетти. Ошондуктан Исаковду жөнөттүк деп айттым. “Жакшы анда”,- деп, жарым сааттан кийин келди. Ошондо кайда жүрөсүз десем, түштөнүп жаткамын деди. Манты жеп жатканын кийин өзү айткан. Аны биз айткан эмеспиз.

“Азаттык”: - Мына ошол ыңкылап учурунда Курманбек Бакиев үй-бүлөлүк башкарууну жоготом деп убада берген эле. Мына ошол убада качан бузула баштады?

А.Бекназаров:- 24-мартта түндөп биз бул кишини премьер-министрликке эки палата аркылуу алып өттүк. Эртеси күнү 25-мартта эсиңерде болсо керек Жогорку Кеңешти талкалайбыз деп эл барган. Анан биз чыкканбыз. Мени менен Дооронбек Садырбаев чыккан. Биз элди ээрчитип Ала-Тоо аянтына алып келгенбиз. Мына ошондо элдер “биз Бакиевге ишенбейбиз. Ал Акаевден айырмасы жок” деп кыйкырган. Башкача айтканда, бир күнгө жетпей эле эл кыйкыра баштаган. Анан мен Курманбек Бакиевди таап, аянтка чакырганмын. Анан мен ага сөз берип, бул киши айткан, “мага ишенбей жатыпсыңар, мен бала-чакамды алып келбеймин. Туугандарымдын бирөөсү да бийликке жолобойт. Мен силерге убада берем” деп ушул борбордук аянтта убада берген.

Ошол күндүн эртеси элде эмес, ал кишинин оң колу болуп жүргөн менде да ишенбөөчүлүк пайда боло баштады. Анткени Бакиевдин
айланасында Жумагулов, Баекова, Акаевдин алдында иштеп жүргөн иниси Марат Бакиев, анан Акаевдин Нарынбаев, Укушев дегендери туруп калыптыр. Ошондо 26-мартта мага айтышты, аны башка адамдар курчап калды, башкача оюн жүрө баштады деп. Анан ал 27-мартта иш жүзүндө укуктук жолго түштү. Башкача айтканда, ал ыңкылапчыл үзөңгүлөштөрүн, элди, бизди унутуп, ошол эле Акаевдин командасына өтө түштү. Соода жүрдү. “Алга Кыргызстандан” келген жаңы парламент айтты: биз сиз менен иштейбиз, жаңжал чыгарбайбыз, биз менен иштеңиз. Эски парламентти таркатыңыз, деп чыкты.

Азаттык”: - Баласынын саясатка аралашканы кандай болгон?

А.Бекназаров: - Ал убакта баласы аралаша элек болчу. Ошол убакта Алматыдан Данияр Үсөнов келип калган. Баласы мына ошону менен болгон. Ошол 27-март күнү менен Үсөнов менен жолуксам, ал айтты “мен кеңсемди бердим. Миллион доллар коштум” деди. Ошону баласына берсе керек. Кеңсем баланча көчөдө, ал жерде Курманбек Салиевичтин республикалык штабы жайгашат деди. Шайлоо жөнүндө сөз боло баштаган эле. Андан аркысы белгилүү.

“Азаттык”: - Сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG