Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Кыргызстанда шайлоо күнү белгиленди


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана орун басары Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана орун басары Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында.

Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин бири Өмүрбек Текебаев 27-июнда референдум, 10-октябрда парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү белгиленип жатканын 21-апрелдин кечинде маалымдады. Конституциянын жаңы долбоору 25-апрелде жарыяланаары күтүлүүдө.

Убактылуу өкмөт Кыргызстанда парламенттик бийлик системасын курууга багыт алганы белгилүү. Ошондуктан Өмүрбек Текебаев башында турган топ 25-апрелде элдин талкуусуна мына ошол багыттагы Конституциянын долбоорун алып чыгышы күтүлүүдө. Азыркы мезгилде куралып жаткан Конституциялык кеңешменин курамы да 25-апрелге карай даяр болоору белгиленүүдө.

Референдум жана шайлоолор Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өткөрүлөт. Ал эми бул органдын башына “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова дайындалганын Өмүрбек Текебаев кабарларды.

Төлөкан Исмаилова шайлоо жана референдумга даярдык көрүү боюнча БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мундун өкүлдөрү келгенин билдирип, аны менен бүгүн жолугушуу болоорун айтты:

- БУУнун Баш катчысынан белгилүү киши келди. Ошону менен Кыргызстанга шайлоого эмне керектигин сүйлөшүп, анан кийин
маалымат беребиз.

Убактылуу өкмөттө каржы тармагын жетектеген Темир Сариев негизги максат - таза жана адилет шайлоо өткөрүү экенин билдирди:

- Бул жылы референдум, андан кийин шайлоо да өтөт. Буга бир топ каражаттар керек болот. Азыр болжол менен 400 млн. сомдун тегереги делип атат. Азыр тактап атышат. Биз ушул акчаны табуу боюнча донорлордон, эл аралык уюмдардан грант катары сурап атабыз, анткени бюджеттен бере албайбыз. Эгерде бюджеттен берсе, бюджетке абдан чоң оорчулук келет. Биз макулдугун алдык, бул акча табылат, берилет. Таза шайлоо өткөрүш үчүн алар аябайбыз дешти. Биздин негизги максатыбыз - референдумду, шайлоону таза өткөрүшүбүз керек, мурункудай эмес.

Кыргызстанда жүздөн ашуун саясий партия катталган. Ал эми 7-апрелдеги окуядан кийин саясий партиялардын саны ого бетер көбөйүшү ыктымал.

Талдоочулардын пикиринде, күзгө карай шайлоого бардык саясий күчтөр даярданууга мүмкүнчүлүк бар. Ошол эле мезгилде социал-демократтар менен “Ата Мекен” партиясынын мүмкүнчүлүгү күчөп турганы белгилүү. Административдик ресурс такыр колдонулбайт деген күндө да анын кыйыр таасирлери болбой койбойт. Бул жагынан алганда социал-демократтар азыркы мезгилге карай Бишкек, Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын жетекчилигине өз кишилерин коюуга жетишти. Ал эми “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Нарын жана Талас облусун жетектөөдө.

Убактылуу өкмөттөгү башка таасирлүү саясатчылар Исмаил Исаков, Темир Сариев жана Азимбек Бекназаров шайлоого астырттан даярдык көрүшүүдө. Алар өздөрү топ болуп түзүлөбү же башка күчтөр менен байланышабы аны мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG