Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Апта: Анклав алмашуу, кыргыз-орус кыймылы...


Өзбекстандын Баткен облусунун ичиндеги Сох анклавынын Хушяр айылы.
Өзбекстандын Баткен облусунун ичиндеги Сох анклавынын Хушяр айылы.

Президент анклавдарды алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн билдирди. Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр өттү.

Узап кеткен аптада мындан сырткары Жогорку Кеңеш өлкөнүн быйылкы бюджетин биринчи окууда кабыл алды.

Чек ара маселеси катаал кризистердин булагы

Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек арасын аныктап бүтө элек. Расмий Ташкен менен 2000-жылдын февраль айынан бери, Тажикстан менен 2002-жылдан бери чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келатат.

Кыргызстан Кытай жана Казакстан менен болгон чек арасын аныктап бүткөн. Бирок алар менен чек араны аныктоодо Кыргызстанга таандык болуп келген жерлердин кошуна мамлекеттерге өтүүсү мамлекетте саясий кризистердин күчөшүнө өбөлгө түзүп келген.
Маселен, 1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай келишими боюнча Кытайга Үзөңгү-Кууштун өтүшү Аксы окуясын, андан ары 2005-жылы март ыңкылабына алып келди.

Казакстан менен чек ара аныктоодо Каркыра жайлоосунун Астанага өтүүсү Курманбек Бакиевдин бийлигин айыптоого негиз болуп, ал дагы 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын себептеринин бирине айланды.

Ошондуктан бийлик үчүн чек араны аныктоо боюнча Тажикстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү өтө татаал. Иш жүзүндө сүйлөшүүлөр бир-эки жылдан бери жүрбөй да калды.

Анклавдарды алмаштыруу мүмкүнбү?

Чек аралар боюнча сүйлөшүүлөргө татаалдыкты анклавдар маселеси да күчөтүүдө. Президент Роза Отунбаева жума башында Баткен облусуна жасаган сапары учурунда анклавдар маселесин аларды алмаштыруу жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн көтөрдү.

Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын мурунку жетекчиси
Саламат Аламанов кошуна өлкөлөрдүн Кыргызстандагы анклавдары тууралуу буларды билдирди:

- Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын төрт анклавы бар, Тажикстандын эки анклавы бар. Тажикстандын бир анклавы кичинекей аймак. Эки чарчы километрге жете турган аймак. Проблема болуп жаткан жер негизинен Ворух. Ворух анклавы боюнча Тажикстандын туруму да Өзбекстанга окшош. Алар дагы жыйырманчы жылдардагы чек бөлүштүрүү материалдарына таянып, Ворух анклав эмес, тилке түрүндө кирип кеткен аймак деп эсептешет.

Кыргызстандын Өзбекстандын аймагында Барак анклавы бар.

Аламановдун айтымында, Кадамжай районунда Өзбекстандын Таш-Дөбө аттуу чакан анклавы бар. Барак менен Таш-Дөбөнү алмаштыруу жагын карап көрсө болот. Ал эми Сох, Шаймардан, Ворух боюнча маселе башка. Аларды алмаштыруу жолу менен чечүү татаал.

Белгилүү болгондой Ташкен Сох анклавына коридор ачып берүүнү сурап, эки өкмөт ортосунда 2003-жылы меморандумга кол коюлган. Коридор ачуу менен Кыргызстан Баткен, Лейлек райондорун, Сүлүктү шаарын мамлекеттен бөлүп алаарын түшүнүп, меморандумда жокко чыгарууга барган. Бирок Ташкен Сохко коридор ачуу идеясынан баш тарта элек.

Чек аралар узундугу

Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр 2009-жылдан бери токтоп турат. Өзбекстан менен болгон 1300 чакырымдай чек аранын 1 миң чакырымга жакыны делимитацияланган. Ал эми Тажикстан менен чек аранын узундугу 970 чакырым, анын ичинен 500 чакырымдан ашууну аныкталган.

Ошентип, жаңы бийлик алдында чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантуу жана андагы татаал маселелерди чечүү милдети турат.

Кыргыз-орус кызматташуусу демденеби?

9-10-февралда Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөрү соода-экономикалык кызматташуу боюнча 12чи жыйынын өткөрдү. Кыргыз тараптын делегациясын биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, орус тараптыкын Орусиянын бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жетектеди.

Кыргызстан Орусияны стратегиялык өнөктөшү катары баалап келет. Ошого жараша Кыргызстан стратегиялык маселелерин Москва менен кеңешип чечүүнү туура көрөт. Анын үстүнө Орусиянын аймактарында жүз миңдеген кыргыз эмгек мигранттары жүрөт. Өлкөнүн 4 млрд. доллардан ашуун тышкы соодасынын 30%га жакыны Орусияга туура келет.

Ошондуктан Кыргызстан Орусия менен ири Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну, “Газпромго” “Кыргызгазды” сатууну, түштүктөгү мунай, газ чыккан жерлерди чалгындоо, бургулоону берүүнү көздөп турат.

Бул долбоорлор мурунку бийлик учурунда башталып, бирок ошол мезгилде эки тараптуу мамиленин солгундашына байланыштуу токтоп калган.

Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстанда туруксуздук күчөп, инвестиция, биргелешкен долбоорлорду аткарууга шарт болгон эмес.

Орус делегациясынын жетекчиси Бельянинов өлкөдө туруктуулук болсо инвестиция көбөйөрүн белгилейт:

Силердин өлкөдө туруктуулук эң орчундуу маселе болуп турат. Инвесторлор узак мөөнөттүү кызматташууга кирерден мурун мына ушул жагдайды абдан иликтешет. Орусия Кыргызстанда саясий туруктуулук болушуна кызыкдар. Туруктуулук болсо инвестиция кескин өсөт. Чындыгын алганда, Орусия Кыргызстандан кеткен эмес. Биздин компаниялар ишин улантып жаткан. Албетте, акча деген абдан назик нерсе, алардын агымы токтоп калган учурлар болгон.

Акча демекчи, Кыргызстан Евразия экономикалык шериктештигинен 200 млн. доллар насыя сураган. Ал берилер, берилбеси айкын боло элек.

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов
жалпысынан эки өлкөнүн сүйлөшүүлөр баштаганын оң баалады:

- Жалпылап алганда сөзсүз алга жылуу болду. Эмнеге дегенде сүйлөшүү башталды. Талкууга маанилүү маселелер коюулуп, аларды чечүүнүн аракети көрүлүүдө. Анан бул жерде баарын карашыбыз керек. Бул комиссияда каралган маселелер казактар менен да каралган. Жакын арада түрктөр коюп кеткен маселе бар. Ошолор кандай чечилди же кандай убадалар берилди? Ошолорду териштирип, ошого жараша жыйынтык чыгарабыз.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынтыгында тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, Орусияга электр энергиясын экспорттоо, өнөр жай, миграция, айыл чарба тармактарында кызматташууларды улантуу макулдашылды.

Мезгили жагынан саясий олдоксон кадамдар

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык сүйлөшүүнүн алдында эки-үч жаңжалдуу жагдай пайда болду. Анын бирөөсү, Кыргыз коомдук телеканалы менен Орусиянын ОРТ телеканалынын жыштыктарын алмаштырууга байланыштуу, экинчиси, Мегаком уюлдук байланышынын айланасында түзүлгөн кырдаал, үчүнчүсү Кыргызстандын мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан орусча аталыштагы жер-суу атттарын кыргызчалатуу демилгесинин көтөрүлүшү болду.

Азимжан Ибраимов
Жыштыктарды алмаштыруу маселесине орус элчилиги киришсе, Мегакомдун 51% орусиялык ишкерлерге таандык экени өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында козголду. Ал эми жер-суу аттарын өзгөртүү демилгеси үчүн тил комиссиянын жетекчиси Азимжан Ибраимовду президент Отунбаева кызматынан алууга аргасыз болду.

Өкмөттөр аралык комиссиядагы басымдан кийин Мегаком боюнча орус тараптын каалоосу орундатууга Бишкек аргасыз болот. Кыязы, кыргыз тарапка бул боюнча басым Бабановдун 8-февралдагы Москвага сапары учурунда да жасалган. Себеби Москва сапарына чейин биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “баары биз айткандай болот” деп жаткан. Бирок сапардан кийин кырдаал өзгөргөнү байкалды.
Маселен, Мегакомдогу Мамлекеттик мүлк министрлиги дайындаган жетекчи Мурзалиев Мегакомдун куулган мурунку жетекчилиги менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип чыкты....


Бюджет тартыштыгы эмнеси менен коркунучтуу?

10-февралда Жогорку Кеңеш биринчи окууда быйылкы жылдын бюджетин кабыл алды. Андагы эң чоң проблема тартыштыктын көптүгү болууда. Белгилүү болгондой өкмөт бюджеттин кирешесин 68 млрд. сом, чыгашасын 89 млрд. сом, тартыштыкты 21 млрд. сом деп белгилеген.

Эксперт Аскар Бешимов тартыштык 33 млрд. сом билдирип жатат. Анын маалыматы боюнча, өкмөт тыштан жардам иретинде алына турган 12 млрд. сомду да кирешенин катарына кошуп койгон. А чындыгында бул тартыштык.

Депутаттар өкмөт мындай параметрдеги бюджетти аткара албайт деген пикирде. Парламенттеги бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт келиши күмөндүү болгон каражаттарды өкмөт
бюджет долбооруна киргизип койду деп айыптап жатат:

- Киреше булагында эле 12-13 млрд. сомдун тегерегинде мыйзамга ылайыксыз, "буйурса түшөт" деген кирешелер көрсөтүлүп калган. Мындан тышкары 22 млрд. сом таңсыктык. Бул жерде дагы көпчүлүгү сырттан "буйурса келет" деген гранттар.

Өз кезегинде өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өкмөттүн бюджеттин киреше бөлүгүн дагы көбөйтүүгө аракет кылаарын, эгерде бюджетти турмушка ашыра албаса өкмөт кызматтан кетүүгө даярдыгын 10-февралда паралментте бюджетти коргоо учурунда билдирди:

- Эгерде биз сунуштаган бюджетти аткара албасак, биз кызматтан кетебиз. Эч ким креслосуна, кызматына жармашпайт. Бирок азыркы абалда, ошол эле Жапаров айтып кеткен, мугалимдерди, дарыгерлерди, башка бюджеттик кызматкерлерди ойлоп туруп, кескин түрдө маяналарын көтөрбөсөк болбойт. Убакыт жок. Керек болсо, мен ойлоп турам, кудай буйурса, экинчи кварталга чейин тобокелчиликтердин баарын жойгондон кийин, Жапаровго ишендиргенден кийин, биз дагы бир кирешеси өскөн бюджет алып келебиз.

Өкмөт башчынын айтымында, өкмөт бюджеттин тартыштыгынын бир бөлүгүн “Кыргызтелекомду” кеминде 100 млн. долларга сатуу, Евразия экономикалык шериктештигинен алына турган 200 млн. доллар насыя менен толтурууну көздөөдө. Ошондой эле буга чейин “бир үй-бүлөгө” иштеп келген мамлекеттин активдери өлкө үчүн иштей башташы да салымын кошот.

Бирок Убактылуу өкмөт жана азыркы өкмөт бир үй-бүлө үчүн иштеген активдерди ушул кезге чейин көрсөтө элек жана аларды бюджетке бурганы байкала элек. Тескерисинче бюджеттик, экономикалык кырдаал татаалдашканын адистер белгилеп жатышат.

Бюджеттин тартыштыгы мамлекетте инфляцияны күчөтүү, акчанын кунун кетирүү жана мамлекеттин тышкы карызын ого бетер көбөйтүү жагынан коркунучтуу экенин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров эскертип жатат.

Айлык акылар көтөрүлгөндөн кийин инфляция өсүп кетсе, анда акчанын куну кетип, маяна көтөрүүнүн натыйжасы болбой калат. Муну Эл аралык валюта кору дагы өкмөткө эскертүүдө.

Бирок өкмөт өз саясатынан баш тартпай, тартыштыгы 30 млрд. сомдон ашкан параметрдеги бюджетти кабыл алууну жактоодо.

Кандай болгон күндө да парламент 10-февралда бюджетти биринчи окууда кабыл алды. Эми экинчи окууда келерки бейшемби күнү, 17-февралда карайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG