Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Апта: “Центерранын” ультиматуму. Бир доордун аягы ...


"Центерра Голд" компаниясынын президенти Ян Аткинсон "Азаттыктын" студиясында. 22.10.2014
"Центерра Голд" компаниясынын президенти Ян Аткинсон "Азаттыктын" студиясында. 22.10.2014

Узап бараткан жумада "Манастан" Транзиттик борбор чыгып кетти. “Центерра” Кумтөрдө ишти токтотууга барарын билдирди. Алайда кырдаал жөнгө салынган жок.

База жабылды. Тышкы саясаттагы көп векторлуу мезгил да аяктады...

Узап бараткан жумада Кошмо Штаттар "Манастагы" Транзиттик жүк ташуучу борборду жапканын расмий жарыялады. Мына ошону менен АКШнын аскерлеринин кыргыз жеринде 2001-жылдан бери туруусу соңуна чыкты. Кыргызстан тышкы саясатында көп векторлуулук өкүм сүргөн бир доор аяктады. Орусиянын геосаясий максаты орундалды. Москва Вашингтон Кыргызстанда биротоло орун-очок алып калат деп чочулап, Транзиттик борборду чыгарууну Бишкектен көп мезгилден бери талап кылып келаткан. 2009-жылы Курманбек Бакиев базаны чыгарууга убада берип, Орусиядан 150 млн. доллар грант, 300 млн. доллар насыя алып, Камбар-Ата-1 ГЭСин кура баштоону макулдашкан. Бирок сөзүнөн кайтып, 2010-жылы Апрель ыңкылабына туш болду...

Ошентип, Транзиттик борбордун чыгышы менен Орусиянын геосаясий тилеги орундалды. Кыргызстан болсо бюджетке туруктуу түшүп турган каражаттан, АКШ жана Европаны эсептешүүгө мажбур кыла албаса да алардын көңүлүндө туруу, “токочтуу бала сүймөнчүк” болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. “Манас” аба майданынын каржылык жоготуусу да эбегейсиз. Анын кенемтесин толтура турган "Манасты" эл аралык хабга айлантуу идеясы болсо реалдуу сүртүмдөргө ээ боло элек.

Транзиттик борбор Кыргызстанды АКШ жана Батыш менен байланыштырган, расмий Бишкектин демократия, адам укуктары боюнча айрым кемчиликтерин “көз жаздымда калтырганга” жардам берип келген эле. База чыккандан кийин да АКШ Кыргызстанда демократиялык жараяндарды колдой берет деп расмий түрдө айтылды. Бирок ошол эле мезгилде адам укуктарына, демократиялык жараяндарга байланыштуу маселеде Вашингтондун үнү эми өктөмүрөөк чыгары күтүлөт. Азыртан эле Аскаровдун иши, өкмөттүк эмес уюмдар, сөз эркиндигине байланыштуу мыйзамдар боюнча курч сын расмий Бишкекке карата айтыла баштады.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым бир жуманын ичинде "Манаста" американын аскерлери калбайт деди:

- Биз “Манастагы” Транзиттик борборду жабуу боюнча кыргыз өкмөтү кабыл алган чечимди түшүнүү менен кабыл алабыз жана урматтайбыз.Транзиттик борбор жабылганга чейин биздин жасала турган аскердик багытта бир канча иштерибиз калды. Бүгүн Транзиттик борборду расмий жабуу боюнча иш-чара болду. Менимче, бир жумадан кийин бардык аскерлер чыгып кетет.
Транзиттик борборду жабуу иш-чарасы. Бишкек.
Транзиттик борборду жабуу иш-чарасы. Бишкек.


Транзиттик борбордун чыгыш мезгили Орусия менен АКШ баш болгон Батыштын Украина боюнча карама-каршылыгы өрчүп турган мезгилге туш келди. Кыргызстан Орусия жетектеген Бажы биримдигине кирүүгө чечүүчү кадам таштады.

Транзиттик борбордун чыгышы менен Ооганстандан келе турган коркунуч көбөйөт деген пикирлер айтылып келет. Анткени ал жерде туруктуулук орногону байкалбайт. Бирок президент Барак Обама АКШ аскерлери Ооганстанда 2016-жылга чейин кармалаарын, андан кийин да 9800 аскер туруктуу каларын билдирди. Бул Ооганстан Ирактагыдай абалга калтырылбайт, Кошмо Штаттар көзөмөлдү улантат дегенди билдирет.

Кумтөр үчүн чечүүчү күрөш башталдыбы?...

Кыргызстанда Кумтөрдүн айланасында кара туман кайрадан айлана баштады. Президент Алмазбек Атамбаев “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамга кол коюудан баш тартып, “Центерранын” ишин жеңилдеткендей болду. Бирок Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү аракетинин аксап жатышы, “Кыргызалтындын” башчысы Дилгер Жапаровдун 200 млн. доллар боюнча камакка алынышы, кыргыз өкмөтүнүн “Центерранын” Кумтөрдү иштетүү боюнча быйылкы техникалык планын бекитүүнү кечеңдетиши жана “Центерранын” директорлор кеңешин, анын төрагасын шайлоодо Кыргызстандын каршы добуш бериши, соңунда “Центерранын” жетекчилигинин Кумтөрдү иштетүүнүн техникалык планы тез арада бекитилбесе, 13-июндан тарта ишти токтотушарын жарыялашы эки ортодо келишпестиктин канчалык терең жана татаал экенинен, чечүүчү кармаш жакын калганынан кабар берет.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев техникалык иш планын бекитүүнүн кечеңдөө себебин экологияга байланыштырды:

- Долбоорго үч макулдук алыш керек. Үч экспертизадан өтүш керек. Экөөнү Мамлекеттик геология агенттигинен өтөт, үчүнчүсүн Экология агенттигинен алыш керек. Экологиялык агенттик бере албай жатат. Анткени ал мөңгүгө барып такалууда. Булар мөңгүгө бермейинче биз да бере албайбыз. Баарынын байланышы бар.

Зилалиевдин айтымында, “Центерранын” жетекчилигинин шарт коюу мүнөздөгү талаптары туура эмес, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилиш керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамга коюлган президенттин ветосун ашып түшүүгө даярдык көрүүдө. КСДП фракциясынын мүчөсү, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Эркингүл Иманкожоева:

- Үчүнчү окууда бир дагы депутат каршы болгон эмес. Азыр, менин оюмча, депутаттар ветону басып өткөнгө макулдугун берет. Анткени көп депутаттар менен сүйлөшсөм, муну басып өтүш керек деп жатышат. Биз эми “Центерранын” жетегинде барбашыбыз керек деп жатышат. Себеби бул жерде саясат ошол жакка баратат. “Центерра” айтып жатат, бул мыйзамды кабыл алсаңар биз иштебейбиз, жер астынан кенди казбайбыз деп жатат. Алар барбагандай ким экен? Ошондуктан биз өзүбүздүн принципте турушубуз керек.

Иманкожоеванын айтымында, алар дүйшөмбү күнү мыйзамды тийиштүү комитетке сунуштап, парламенттин кароосуна алып чыгууга аракет жасайт. “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамды президенттин каршылыгына карабай кабыл алууну “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да жактоодо. Фракция Кумтөрдө быйылкы жылдын иш планын бекитпөөнү өкмөткө сунуштады. “Эгерде “Центерра” ишти токтото турган болсо, анда кенди консервациялоо керек” дейт фракция лидери Өмүрбек Текебаев:

- Алар уруксатты 13-июнга чейин бербесеңер жаап коебуз деп жатат. Алар жөн эле жаап кете алышпайт да. Биз айтпадыкпы, таштап кете турган болсо, диверсия кылганга тете деп, кармап камап туруш керек. Консервациялап, баарын сакташ керек. Ага чейин улутташтыруу да болуп калат.
Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени


Текебаевдин мындай демилгесине президент Алмазбек Атамбаев таптакыр карама-каршы пикирди айтып, Кумтөрдү токтотуу катастрофага алып келерин эскертип, өкмөттүн иш планды бекитпей жатышын сынга алды. Мамлекет башчысы "Парламент жана өкмөттө кызмат орундарын соодалоо гана жүрүүдө, алар эч нерсеге жооп бербейт, мындай системанын эмне кереги бар?" деген маселени койгон.

Мына ошентип, азыркы бийликтин туткасы болуп турган негизги стратегиялык өнөктөштөр Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы бул карама-каршылык Кумтөрдүн эле эмес, саясий коалициянын тагдырында дагы чечүүчү мезгил келатканын кабарлайт.

Белгилеп кете турган нерсе, “Кыргызалтындын” жетекчилигине мурунку вице-премьер-министр Токон Мамытов дайындалды. Бул Кумтөр, алтын тармагында президент Атамбаевдин таасири канчалык күчтүү экенинен кабар берет.

Парламентке кийинки жумага вице-премьер-министр Валерий Дил да чакырылды. Ал Кумтөр боюнча жаңы келишимдин аткарылышы боюнча маалымат берүүгө тийиш. Белгилүү болгондой Жогорку Кеңеш Кумтөрдө 50%-50% үлүш бөлүнгөн биргелешкен ишкана ачуу боюнча келишим түзүүнү февраль айында колдоп берген. Андан кийин тараптар 7-8 келишим түзүүгө тийиш болгон. Бирок ал белгисиз себептер менен кечеңдеп келатат.

Алайда жол ачылган жок

Алайда 27-майда жабылган жол ачыла элек. Жол тоскондор арасында беткапчан атчандардын пайда болушу жана алардын агрессивдүү жүрүш-турушу кырдаалдын опурталдуу жагына оошунан кабар берет. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары маселени Коргоо кеңешинде талкуулап, тийиштүү чечим кабыл алууну сунуштады. Түркияда сапарда жүргөн Коргоо кеңешинин төрагасы, президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу өкмөткө жүктөлгөнүн айтып, маселени өкмөткө оодарды. Ал эми өкмөт жол тосуудан келген экономикалык жоготууларды санап, бирок өзү Сопу-Коргонго барып сүйлөшүүгө даай элек. Болгону Алай районунун акими жол тоскондор менен жолугушуп, сүйлөшүүгө аракет жасады. Бирок андан натыйжа чыккан жок. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өкмөт түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө дейт:

- Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мыйзам бузгандарга кылмыш иши козголду. Прокуратура эскертүү жасады. Күч колдонуу боюнча чара көрүлө элек. Менин оюмча, жолду тосууну уюштургандар түшүнүп калды окшойт. Жакынкы күндөрү тарайт.

Алай. Депутат Келдибековдун жактоочулары бууган жол.
Алай. Депутат Келдибековдун жактоочулары бууган жол.


Акматбек Келдибеков жол тоскон тарапкерлерине кайрылып, жолду ачууну өтүндү. Бирок өтүнүч аткарылган жок. Түркияда сапарда жүргөн президент Алмазбек Атамбаев жол тоскондор мыйзам чегинде жазасын аларын билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал эми Акматбек Келдибековдун ишине токтолгон президент “Келдибеков өзү кылмыш иши менен таанышуудан жыл бою баш тартып, аны создуктуруп жатат” деген.

Акматбек Келдибековдун адвокаттарынын бири Азимбек Бекназаров бул маселе тууралуу Алайда жол тоскондор менен жолугушууда буларды билдирген:

- Ошентип, Акматбек Келдибековдун үч ишинин тең тергөөсү бүткөн. Кечээ күнү парламентте каралганда Бекмамат акемин уулу айткан турбайбы (Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу) адвокаттар кармап жатат, ошолор кечиктирүүдө деп. Жок, андай эмес. Ишти бүтүрүп, таанышкыла деп бизге бергенине бир жума болду. Чильникина деген адвокат таанышып жатат. 12 том иш. Адвокаттар да иш менен таанышып, даярданышыбыз керек. Акмат өзү иш менен таанышпаймын деп койду.

Алайдагы кризиске Ош, жалпы эле түштүк регионун газ менен камсыз кылуу маселеси чечилбей жатканы кошул-ташыл болууда. Регион 14-апрелден бери газсыз олтурат. Токтогулда суунун аздыгынан аймакка Тажикстандын электр энергиясы берилип жатат. Депутат Азамат Арапбаев түштүктө электр энергиясынын да үзүл-кесил, сапатсыз берилгенинин себебин импорттук электр энергия менен байланыштырды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG