Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоого параллелдүү даярдыктар көрүлүүдө. Шайлоочулардын тизмесин түзүү милдетин Мамлекеттик каттоо кызматына тапшыруу чечими кабыл алынды.

Бир жагынан саясий партиялар биригүү жолдорун издеп жатса, экинчи жагынан шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү жана биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери жүрүүдө.

Президенттик аппараттын башчысы, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча комиссиянын жетекчиси Данияр Нарынбаевдин билдирүүсүнө караганда, шайлоочулардын тизмесин түзүү милдетин Мамлекеттик каттоо кызматына тапшыруу чечими кабыл алынды. Буга чейин ал ишти Борбордук шайлоо комиссиясы аткарып келген. Данияр Нарынбаевдин айтымында, Шайлоо комиссиясынын негизги милдети шайлоону уюштуруу, бюллетендерди эсептеп таратуу, добуш берүүнү уюштуруу жана саноо болуп саналат. Ошондуктан ал мына ушул иштерге негизги көңүлдү буруш керек.

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча комиссия ошондой эле партиялар өтө турган босогону 7 пайыздан 10% көтөрүүнү жактады. Демек партия жеңишке жетишүү үчүн шайлоого катышкан жарандардын 10% добуш алууга тийиш. Мына ушундай өзгөртүүлөр жана кошумчалар парламент тарабынан шайлоо мыйзамдарына киргизилиш керек.

Шайлоо босогосун көтөрүүнүн демилгечилеринин бири, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков анын максаты тууралуу буларды билдирди:

- Көп партиялуулук, албетте жакшы, атаандашуу бар. Бирок партиялар өтө эле майдаланып кетсе, Жогорку Кеңеште туруктуулукту бузарын азыркы кырдаал көргөзүп жатат. Ошон үчүн Жогорку Кеңеште ондон ашык партия эмес, ага жетпеген партия болсо деген ой негизги максаттардын бири. Анан ошол аркылуу майдалануудан, бөлүнүүдөн чыгып кетебизби, партиялар ирилешеби деген тилек.

Оппозициячыл саясатчы Улукбек Ормонов босогону көтөрүү менен бийликтеги партиялар өздөрүнө ыңгайлуу шарт түзүүдө дейт:

- Бул албетте жаш партияларга оор. Бир жагынан жаштар келсин деп кыйкырып жатышат, экинчи жагынан, бул тескерисинче оппозициялык күчтөргө коюлуп жаткан тоскоолдуктардын бири болот. Менин маалымат боюнча, көп эле өлкөлөрдө 5% босого менен шайлоо болуп жатат, а бизде партиялар 10% кантип көтөрүшөт? Экинчи жагынан биометрикалык маалыматсыз шайлоого кирбейт деп, жыландын башын кылтыйтып жатышат. Биометрикалык маалыматты чогултуудан Кыргызстандагы үч миллион шайлоочунун бир миллиону гана өтүп калса кандай болот? Менин оюмча, булардын баары туура эмес. Мунун баары азыркы бийликтин шайлоону өзүнө ыңгайлуу кылып жаткан аракетинин бири.

Улукбек Ормонов ошол эле кезде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп берүүнү туура деп баалады. Бирок биометрикалык маалыматтарды бир жылда топтоп бүтүүгө мүмкүн болбойт деген ойдо.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев шайлоочулардын тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп берүүнү оң баалады:

- 2010-жылга чейин ошондой болчу. Негизи ушулу туура. Тизмени жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары жасачу. 2010-жылы мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоо комиссиясына өткөрүп беришкен. Мен учурунда ага каршы болгонмун. Азыр кайрадан Мамлекеттик каттоо кызматына берип жатканы туура. Анткени биометрикалык система киргени жатпайбы. Ал киргенден кийин кааласак да, каалабасак да ошого өтүш керек.

Акылбек Сариевдин айтымында, шайлоочулардын тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматына берилиши тизмелердин тагыраак болушуна жардам берет.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG