Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Узап бараткан жумада Кумтөр алтыны үчүн чет өлкөлүк жарандардын катышуусу менен жаңы оюн башталганы маалым болду. Оппозиция Жалал-Абадда курултай өткөрдү.

Кумтөрдөгү жаңы бурулуш

7-апрелде Кыргызстанда апрель ыңкылабынын беш жылдыгы белгиленди. Расмий жетекчилердин катышуусу менен Бишкекте жана жер-жерлерде эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Мына ушул эле күнү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер байлыктарын пайдалануу комитетинде Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы анда Жогорку Кеңеш тапшырган - үлүшү 50-50% бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкана түзүү да, улутташтыруу да Кыргызстанга пайдалуу эместигин айтып, башка жолду сунуштады. Ал жолду Жоомарт Оторбаев дурустап түшүндүрө албай, коомчулук да, депутаттар да “кайдагы лорддордун каты жөнүндө айтып жатат. Кезектеги шылуундар пайда болуптур” деген шек күчөдү.

7-апрелде башталган талкуу 9-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда улантылды. Мына ушул эки күндүк кызуу талкуу жана талаш-тартыштын жыйынтыгында гана маселе эмне жөнүндө болуп жатканы айкындалды.

Иштин маңызына караганда, кыргыз өкмөтүнө дүйнөлүк фондулук биржаларда алчы таасын жеген жети кишиден кат келген. Алардын негизги максаты Кыргызстандын 33% акциясына “Центерранын” дагы 18% акциясын кошуп, 51% акцияга ээ болуу менен “Центерра Голддун” жетекчилигин алмаштыруу экени айкын болууда.

Кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев мына ошолорго ишенип, алар менен биргелешип, “Центеррада” каалагандай бийлигин жүргүзүп келаткан Ян Аткинсонду аттан оодарып түшүүнү көздөгөн:

- Азыркы убакта “Центерранын” директорлор кеңешин жана менеджментин алмаштырууга аракет кылышыбыз керек. Азыркы убакта биз “Центеррадан” кетпешибиз керек. “Центерранын” активдери жакшы. Бирок ал башка мамлекеттерде.

"Центерра голд" компаниясынын президенти Ян Аткинсон "Азаттыктын" студиясында. 22-октябрь, 2013-жыл

"Центерра голд" компаниясынын президенти Ян Аткинсон "Азаттыктын" студиясында. 22-октябрь, 2013-жыл

Бирок Жоомарт Оторбаевдин бул аракети Мүлк фондунун төрагасы Дүйшөнбек Ирсалиев жана “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытовдун каршылыгына дуушар болгон. Алар буга чейин белгисиз чет өлкөлүк адамдар менен кызматташууга барууга каршы чыгышкан. Ирсалиев андан ары кетип, кызматтык сыр катары сакталып турган чет өлкөлүк жарандарын ысымдарын жарыялап жиберди.

Муну менен бул экөө Аткинсондун пайдасына иштеди деп шектегенге да болот. Анткени Жоомарт Оторбаевдин оюндагы ишке ашса, “Центеррада” Кыргызстанды ушунча мезгилден бери алдап келатат делген Ян Аткинсондун доору бүтмөк. Бирок эч кимге жана эч нерсеге ишенбей калган парламент да, коомчулук да Оторбаевдин “лорддорунун катын” бери дегенде түшүнүксүз нерсе, ары дегенде кезектеги коррупциялык көрүнүш катары баалашты.

Оторбаевге кат жазган "лорддор" кимдер?

Өкмөт башчыга кат жазган чет өлкөлүк жарандардын ысымын кызматынан бошотулган Мүлк фондунун төрагасы Дүйшөнбек Ирсалиев таратса, алардын ким экендиги тууралуу маалыматтар интернет булактарынан табылды. "Центерраны" кыргыз өкмөтү менен биргелешип колго алууну көздөгөндөр - британ жарандары, фондулук биржалар боюнча адистер Лорд Клэнвильям жана Мартин Грехэм болуп чыкты. Алардын катарында Канада жарандары Боб Букан жана Мария Черновалова, АКШ жарандары Питер Холодный жана Павел Скитович, Казакстан жараны Дияр Канашев болгон.

Бул жарандардын басымдуу көпчүлүгү Орусия олигархтарына таандык компиялар менен кызматташкан адистер экени аныкталды. Маселен, Лорд Клэнвильям Polyus Gold компаниясынын башкармалыгын мүчөсү. Бул компания болсо учурда Жерүй боюнча конкурска катышып, утуп алуу алдында турган Орусиянын Дагестан чөлкөмүнөн чыккан Сулейман Керимовго таандык экени маалым.

Чет өлкөлүктөр менен бирге “Центерраны” колго алууну көздөгөндөрдүн бири Дияр Канашев. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевге таандык “Алтыналмас” аттуу тоо-кен компаниясынын президенти. Бирок Бишкекте чыккан ызы-чуудан кийин Канашев “Центерра” оюнуна катышуудан баш тартканы айтылды. Кыязы, Нурсултан Назарбаевдин, анын күйөө баласы Тимур Кулибаевдин ысымдары Кыргызстанда чууга аралашуусуна каршы болду шекилди.

10-апрелдеги талкууда Жогорку Кеңеш Жоомарт Оторбаевдин чет өлкөлүк адистер менен “Центерраны” колго алуу сунушу боюнча бир жактуу жыйынтык чыгара алган жок. Депутаттар фракцияларда кеңешип, андан кийин чечим даярдоону ылайык көрүштү. Фракциялардын ичинен “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары Жоомарт Оторбаевге убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү жакташууда. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев аны мындайча негиздеди:

- Жоомарт Оторбаев сунуш кылып жаткан вариант 50-50 дегенди да жокко чыгарбайт, улутташтырууну да жокко чыгарбайт. Дагы бир жол бар. Ошону сунуштап жатат. Биз Кумтөрдү басып албайлык, улутташтыруу деген бул басып алуу деген сөз, биз “Центерраны” басып алалык деп атат. Болобу? Болот!

Өмүрбек Текебаев бул максатты ишке ашыруу үчүн Жоомарт Оторбаевге убакыт берүүнү сунуштады. Ошол эле учурда “Ата Мекен” Кумтөрдү улутташтыруудан кайра тартпасын бышыктады.

Албетте кыргыз өкмөтүнө сунуш менен келген чет өлкөлүк адистер Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жиберишине ишенич аз. Алар биринчи кезекте өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөшөт. Ошол эле учурда алардын 18% акцияны табышы же ошончо өлчөмдө миноритардык акционерлерди өз тарабына тартуусу канчалык реалдуу экенин да айтуу да кыйын. Азыркы учурда Жоомарт Оторбаев гана аны мүмкүн деп, парламенттен ишеним жана убакыт сурап жатат. Жоомарт Оторбаевди өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен вице-премьер-министр Валерий Диль гана бекем колдоп, бул ишке баруу менен Кыргызстан эч нерсе жоготпосун айтып чыкты. Калган өкмөт мүчөлөрү жана тийиштүү адистер бир жактуу болуудан тайсалдап турушат.

Кумтөрдө түзүлгөн бул жаңы кырдаал кайсы тарабына өнүгөрү келерки жумада анык болот. Анткени Жогорку Кеңешке келерки жумада бул маселеге кайрылып, бир жактуу чечим кабыл алат.

Оппозициянын эки өкүлү курултай өткөрдү

Бытыранды болгон Кыргызстан оппозициясынын бир бөлүгү 11-апрелде Жалал-Абадда митинг өткөрдү. Уюштуруучулар ага бир миңдин тегерегинде киши катышканын айтса, милиция кызматкерлери 200дөй киши келгенин маалымдашты. Курултайда негизинен Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринен эки гана саясатчы - УОКтун лидери Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов болду. Жыйында энергетикалык кризис, Кумтөр жана кадрдык саясат маселелери көтөрүлдү.

Кубанычбек Кадыров курултай өз максатына жетти деп эсептейт:

- Курултай максатына жетти. Резолюция кабыл алынды. Улуттук оппозициялык кыймылдын бул биринчи чоң иш-чарасы болуп калды. Бул бизге күч берип жатат.

Бирок оппозиция курултайына азыраак киши чогулганы айкын болуп турат. Андан сырткары оппозициянын башка лидерлери ага барышкан эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Улуттук оппозициялык кыймылдын калган лидерлеринин курултайга барбай калышын кыймыл ичиндеги ыйкы-тыйкы менен байланыштырды:

- Биринчиден, оппозициянын ичинде өткөндө бир аз карама-каршылыктарыбыз пайда болгон. Ошол карама-каршылыктар чечиле элек. Көпчүлүгү ошол себептен көңүл бурушкан жок. Анткени ичибиздеги маселени чечпей туруп, сырттагы маанилүү маселелерди чече албайбыз.

Белгилүү болгондой Улуттук оппозициялык кыймыл лидерин шайлоодо жана чечим кабыл алуунун жол-жоболорун аныктоодо карама-каршылыкка кабылган.

Оппозициянын курултайынын саясий кырдаалга таасир эте турган окуя болбой калышынын башка себеби дагы бар. Ал Улуттук оппозициялык кыймылдын катарында оор салмактуу саясатчылардын калбай калышында. Оппозициялык маанайда болгон оор салмактуу саясатчылардын айрымдары шайлоого даярданып жатса, башкалары соттошуларды башынан өткөрүп жатат, дагы бирөөлөрү президент менен каршылашып алуудан чочулайт.

Мына ошол президент менен каршылашууну ылайык көрбөгөн саясатчылардын бири, “Республика Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Бабанов узап бараткан жумада конституциялык реформа боюнча өзүнүн сунуштары менен чыкты. Ал Кыргызстанга аралаш бийлик системасы туура келбейт, ал жоопкерсиздикти жаратты деп эсептейт. Бабанов өкмөттү президент түз башкарган президенттик башкарууну же өкмөт башчы бардык бийлик ыйгарымдарына ээ болгон таза парламенттик башкарууга барышыбыз керек дейт.

Бирок азыркы шартта андай Конституцияга барууга мүмкүнчүлүк жок деген Бабанов Жогорку Кеңеште жана президенттик аппаратта даярдалып жактан конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча долбоорго сунуштарын киргизди. Анын пикиринде, өкмөт башчынын ролун бекемдөө зарыл.

- Премьер-министр өзү өкмөт мүчөлөрүн дайындаш керек. Өзү өкмөттүн мүчөлөрүн кызматтан бошотуш керек. Ошондо премьер-министр толук кандуу жоопкерчиликти алат.

Өмүрбек Бабанов ошондой эле сот бийлигинин көз карандысыздыгын күчөтүү зарыл деп, бийлик тарабынан сунушталып жаткан Жогорку Соттун төрагасын жана орун басарларын президент жана парламент тарабынан дайындалышына каршы болду.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG