Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58

Апта: Айлампа...Бажаевдин “Бориси”


Ак үй алдына пикетке чыккан укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова жана Асия Сасыкбаева. Алар 2009-жылы 29-июлда шайлоодон кийин акцияга чыккан адамдарды камоолорго каршылыктарын билдиришкен. Бул шайлоодо Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевге башкы атаандаш болгон. 31-июль, 2009-жыл

Ак үй алдына пикетке чыккан укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова жана Асия Сасыкбаева. Алар 2009-жылы 29-июлда шайлоодон кийин акцияга чыккан адамдарды камоолорго каршылыктарын билдиришкен. Бул шайлоодо Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевге башкы атаандаш болгон. 31-июль, 2009-жыл

Узап бараткан жумада президент менен айрым өкмөттүк эмес уюмдардын каршылыгы күч алды. УКМКнын мурунку башчысынын үнү делген аудио саясий жаңжал пайда кылды. Казакстанда 21-майда журналисттер жана жарандык активисттер кармалды.

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришүү аземинде ант берип жатып, мындан ары Кыргызстанда бардык маселелер сүйлөшүү жана диалог менен чечилет деген эле. Демек, мамлекетти тирешүүлөргө, соңунда кыйратуучу ыңкылаптарга алып келген жосундар токтоп, республика цивилдүү бир жолго түшөт деген үмүт жаралган.

Бирок республикадагы кайра жанданган айыгышкан тирешүүлөр, келишпеген позициялар жана бири-бири жаманатты кылуулар Кыргызстан баштапкы түшкөн айлампасынан чыга электигин көрсөтүүдө.

Президент Атамбаевдин кызматка киришүү учуру. 1-декабрь, 2011-жыл

Президент Атамбаевдин кызматка киришүү учуру. 1-декабрь, 2011-жыл

Президент Атамбаев ант бергенден кийин, тилекке каршы бир дагы оппозиция өкүлдөрү менен диалогго отурган жок.

Жогорку Кеңеш да саясий диалогдун чордону болуудан алыстады. Анын биринчи себеби, чыныгы оппозициялык маанайдагы, бийликке каш кайрый ала турган саясатчылардын парламентке келбей калышы болсо, экинчи жагынан шайлоо учурундагы массалык сатып алуулар парламенттин беделин бир топ кетирди.

Акыркы кезде бийлик менен оппозициялык маанайдагы саясатчылардын тирешүүсүнө белгилүү укук коргоочулар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да тартылды. Бул жараян президент Алмазбек Атамбаевдин энелер күнүндө “Элдик парламент” менен кошо абройлуу укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулованы “грант актоочулар” деп атап, аларды акаевчи, бакиевчи жана “Ислам мамлекети аталган” террордук уюмдун жактоочусу менен кошо айыптагандан кийин өзгөчө күчөдү.

Өздөрүнүн кесиптик милдетин аткаруу үчүн “Элдик парламенттин” жыйынына барган укук коргоочулар президенттин мындай сөзүнө катуу ызаланып, кечирим суроону талап кылышты. Ал болбогондон кийин сотко кайрылышты.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова президент менен соттошууга барарын билдирди:

Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова.

Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова.

- Биздин доо арыз бергенибиздин себеби -ооздукташыбыз керек. Президент болобу, карапайым адам болобу, башка бирөөнүн кадыр-баркын тебелегенге эч кимге уруксат берилбейт. Адам төрөлгөндө өзүнүн кадыр-баркы, бедели менен төрөлөт.

Укук коргоочулар президентке каршы доо арызында моралдык зыяны үчүн 2 млн сомдон төлөп берүүнү талап кылышты.

Укук коргоочулар менен президенттин карама-каршылыгына чейин, апрель айында маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоо комитети түзүшкөн. Анын курамында Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Азамат Тынаев жана башка журналисттер, саясатчылар кирген. Алар бийлик тараптан куугунтукка алынган журналисттердин укуктарын коргоону колго алуу максатын жарыялашкан.

Мына ушундай кырдаалда оппозициялык саясатчылар, айрым өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык активисттер азыркы бийлик экономиканы катастрофалык абалга алып келди, реформалар токтоду, кошуна мамлекеттер менен мамиле туңгуюкка кептелди деп, президент Атамбаев кеткенден кийин гана кандайдыр бир реформа жөнүндө сөз кылуу мүмкүн деген жыйынтыкка келүүдө. Алар мына ушундай аталышта атайын форум дагы өткөрүштү.

Бул “Бишкек форумунун” жетекчиси Адахан Мадумаров өлкөнүн тышкы жана ички саясатындагы кемчиликтерди сынга алды:

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров

- Кошуналар менен жылуу пикирде болбой калдык. Ушул күнгө чейин стратегиялык кошунабыз болгон Өзбекстанга расмий да, жумушчу да сапар уюштурула элек. Алты жыл болду. Экинчиден кыргыз бийлигине ишеним жоголду. Мына кечээ күнү 98 уйгурдун Стамбулда кыргыз паспорту менен кармалышы биздин күч структуралардын бетине түкүрүү болду. Биздин атайын кызматтардын баары Абдирасулова, Исмаилованын артынан, мүмкүн Мадумаровдун артынан жүрүп калды. Өзгөчө журналисттердин артынан көп жүрүп калышты.

Адахан Мадумаров Орусия менен энергетикалык келишимдерди одоно түрдө бузуу, кошуналардын дарегине ойлонулбаган сөздөрдү айтуу мамлекетке өтө оор зыяндарды алып келгенин кошумчалады. Ал эми Бусурманкул Табалдиев УКМКнын башчысы кезинде Орусиялык ишкер Муса Бажаев менен сүйлөшүүсүнүн жарыялануусун өлкө коопсуздугу үчүн өтө коркунучтуу коңгуроо экенин белгиледи.

Бажаевдин "Бориси"

Жогоруда айтылган Бусурманкул Табалдиев менен Муса Бажаевдин Жерүй алтын кенин кантип иштетүү, Таласта элдин каршылыгына кандайча каршы туруу боюнча сүйлөшүүсү делген аудио жазуунун интернетке чыгуусу Кыргызстанда чоң жаңжалды пайда кылды. Сүйлөшүүнүн мазмунуна караганда, ал өткөн жылы жай айларында Бусурманкул Табалдиев УКМКнын төрагасы кезинде болгон. Ошол кызматын колдонуу менен Табалдиев Муса Бажаевге Жерүй алтын кенин иштетүүгө жардам берүүгө убада кылган.

Муса Бажаев Табалдиев менен сүйлөшүүсү болгонун Knews маалымат агенттигине тастыктады. Бул маалымат агенттиги “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабановго же ага өнөктөш адамдарга таандык экени белгилүү. Бажаев менен Бабанов ишкер өнөктөрдөн. Ошондуктан Бажаевдин Knеws маалымат агенттигине чыгуусу түшүнүктүү.

Мына ошол Муса Бажаев менен сүйлөшүү делген аудио тасмада өзүн “Борис” деп атоону сунуштаган Бусурманкул Табалдиевге үнү окшош адам президент Атамбаев Жерүй алтын кенин иштетүүгө Муса Бажаевге жардам берүүнү тапшырганын билдирген:​

Президенттин кеңешчиси, УКМКнын мурдагы төрагасы Бузурманкул Табалдиев.

Президенттин кеңешчиси, УКМКнын мурдагы төрагасы Бузурманкул Табалдиев.

- Муса Юсупович, президент сиздин долбоорго көз салууну мага тапшырды. Мен эми ага көп көңүл бөлө баштайм. Дароо эле коопсуздук кызматын түзүүнү сунуштайм. Президенттин тапшырмасынан кийин ал жактан күн сайын кабар ала баштадым. Ал жерде митингдерди уюштурууну көздөп жаткандар бар экендиги мага маалым болду. Ошондуктан мен коопсуздук кызматын түзүп, анын башына УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Мусаевди дайындоону сунуштайм.

Муса Бажаев өз кезегинде ыраазычылык билдирип, эгерде анын колунан иш келе турган болсо, жакшы болот эле деген тилегин айткан.

Улуттук коопсуздук кызматынын башчысыныкы делген мына ушул сүйлөшүүнүн жашыруун жаздырылып алынышы Кыргызстанда бери дегенде таңданууну, ары дегенде улуттук коопсуздуктун абалына түңүлүүнү жаратты.

УКМКнын мурунку генералдарынын бири Артур Медетбеков Табалдиев менен Бажаевдин сүйлөшүүсүн Табалдиев менен бирге иштегендер же чет өлкөлүк атайын кызматтар жаздырып алышы мүмкүн дейт. Анын айтымында, Табалдиев өз иш кабинетинен кадимки эле шаар аралык байланыш телефон менен Бажаевге коңгуроо кылса керек. Ошондуктан аны жаздырып алуу жеңил болгон.

Артур Медетбеков бул жерде чекилик Табалдиев менен Бажаевдин сүйлөшүүсүн жаздырып алууда эмес, УКМКнын кайсы бир ишкерге кызмат кылуусунда дейт:

- Биздин УКМКнын негизги милдети -Кыргызстандагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо. Ар кандай ишкерлер өздөрүнүн шарттарын түзүүнү талап кылып, ага баарыбыз чуркай турган болсок, анда абдан чоң чатактар чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул жазылган аудио тасманын артында дагы чоң оюндар жатышы мүмкүн.

Артур Медетбеков

Артур Медетбеков

Артур Медетбековдун айтымында, УКМКнын жетекчисинин сүйлөшүүсүн жаздыруудан кийин мамлекеттеги коопсуздуктун абалына, чоң эл аралык жыйындарды купуялуулукту сактоо менен өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүнө абдан чоң доо кетти.

УКМКнын дагы бир генералы, азыркы кезде Кыргызстан Элинин ассамблеясынын башчысы Токон Мамытов жашыруун жазып алууларга жол бербеш үчүн мыйзамдык жана башка чаралар көрүлүш керек дейт. Ал эми жазып алууга чет өлкөлүк атайын кызматтардын тиешеси болушу мүмкүн дейт Мамытов:

- Атайын кызматтын жетекчисинин сүйлөшүүсүн чет өлкөлүк атайын кызматтар жазып алышы мүмкүн. Уюшкан кылмыштуу топ же кээ бир адамдарда да андай мүмкүнчүлүк бар азыр. Анткени андай техникалар азыр арзан. Ушундайга жол бербеш үчүн чара көрүш керек. Анткени УКМКнын жетекчисин тыңшап жатса, анда башка министр, депутаттарды жөн эле тыңшап коет.

Президент Атамбаев Табалдиевдин Бажаев менен сүйлөшүүсү ачыка чыгып жаткан мезгилде энелерге сыйлык тапшырып жатып, Жерүй кени 100 млн долларга сатылганын, мурдагы бийликтер учурунда ал кен 300 сомго гана берилип келгенин айтып кетти. Бирок Артур Медетбеков Жерүйдө 4 млрд долларлык алтын жатканын эске салды.

Жерүй боюнча Табалдиев жана Бажаевдин сүйлөшүүсүнүн ачыка чыгуусу кендин тагдыры кайсы жерде жана кандай деңгээлде чечилгенин айгинелейт. Ошондой колдоочулары менен да Бажаев ишке киришүүгө батына албай турган. Эми жашыруун сүйлөшүү фактысы ачыкка чыгып кеткенден кийин Бажаевдин кенди иштетүү мүмкүнчүлүгү ого бетер кыскарат. Анткени ал сүйлөшүүлөр калкта бийликтегилерге карата абдан көп суроолорду жаратып жатканын Артур Медетбеков белгиледи.

Казакстандагы кырдаал

Казакстанда калк толкуп турат. Ага себеп республиканын Жер кодексине өзгөртүү жана кошумча киргизүү болууда. Быйылкы жылдын июль айынан тарта күчүнө кире турган өзгөрүүлөрдө чет өлкөлүктөргө жерди 25 жылга чейин ижарага берүүгө уруксат берилмек. Бирок калк ичиндеги ага каршылык жана толкундоолорго байланыштуу президент Нурсултан Назарбаев 5-майдагы жыйында мыйзамдын күчүнө кирүүсүнө бир жылга мораторий жарыялаган. Калктын пикирин угуу жана орток чечимге келиш үчүн биринчи вице-премьер-министр Бакытжан Сагинтаев башында турган комиссия түзүлдү. Комиссия өзүнүн биринчи жыйынын да өткөрдү.

Ага карабай Казакстанда 21-майга жалпы улуттук митинг белгиленип, социалдык түйүндөрдө кызуу талкуулар жүрдү. Бийлик 21-майда митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Ошондуктан ишемби күнү Алматы жана башка жерлерге чогула баштаган жарандык активисттерди, журналисттерди полиция кармап кетип жатты.

“Азаттыктын” казак кызматынын сайтына Казакстанда бөгөт коюлду. Ал эми кабарчылары кармалып кетти.

“Азаттыктын” казак кызматынын Прагадагы кабарчысы Эржан Карабек Казакстанда “Азаттыктын” тогуз кабарчысы кармалып, кайра бошотулганын кабарлады. Митингди болтурбай коюу максатында жарандар борбордук аянттарга өткөрүлбөй, кармалганын айтты:

- Казакстандын беш-алты шаарында митинг өткөрөбүз деген аракеттер болду. Эң көп калк Алматы шаарында жыйналды. Полиция бардык жолдорду жаап, элди борбордук аянттарга өткөрбөдү. Эң көп адам Алматыда кармалды. Ал жерде оппозиция жана адам укугун коргоочулардын маалыматы боюнча миңдей киши кармалды.

Эржан Карабектин айтымында, экономикалык кризис, кымбатчылык, паракорлук, адилеттүүлүктүн жоктугу калкты нааразы кылып келген. Ал эми жер маселеси ал нааразылыктын сырткы чыгуусуна түрткү берди. Казакстанда калктын акцияларын бир дагы саясий топ же партия жетектегени байкалбайт. Азыркы кезде стихиялуу түрдө эле нааразылыгын билдирип, көчөлөргө чыгууга аракеттенүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG