Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Апта: "Жөлөнөрүм Кытай"... Кумтөргө салынган укурук


Кытай тышкы иштер министрине орден тапшыруу учуру. Бишкек, 22-май,

Кытай тышкы иштер министрине орден тапшыруу учуру. Бишкек, 22-май,

Узап бараткан жумада "Кумтөр оперейтинг компанини" биринчи инстанциядагы сот 6,7 млрд сом айыпка жыкты. Казак министринин сөзү кыргызстандыктарды ардантты. Дональд Трамп Республикачылар партиясынан талапкер болууга зарыл болгон делегаттардын добушун топтогону жарыяланды.

"Кытай Кыргызстандын чыныгы досу"

Узап бараткан жумада Кыргызстандын тышкы жана ички саясатындагы көрүнүштү айкындаган бир катар орчун окуялар болду. 22-майда Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келди. Аны Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев чоң шаани менен тосуп алып, “Данакер” орденин тагып сыйлады. Жолугушуу учурунда кыргыз тараптан Кытай лидери Си Цзинпиндин дарегине мактоо сөздөр айтылып, Кыргызстандын бардык өтүнүчтөрүн көңүл сыртында калтырбаганы, мыкты кошуна катары дайым колдоо көрсөтүп келатканы белгиленди. Алмазбек Атамбаевдин Кытай лидерлерин ашыра мактоолору бир жагынан Ташкенге, экинчи жагынан Москвага “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей эле болду:

- Сиз тышкы иштер министри болуп турган үч жылдын ичинде кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты. Быйыл биз кышта жарык болобу-болбойбу, айрым кошуналарыбыз өчүрөбү-өчүрбөйбү деп ойлонгон жокпуз. Биздин энергетикалык көз карандысыздыгыбызга Кытайдын салымы чоң. Албетте, Кытай Эл Республикасынын төрагасы, урматуу Си Цзинпинге ыраазычылык айтам. Кытай Кыргызстандын чыныгы досу.

Кытай президенти

Кытай президенти

Чындыгында Кыргызстандагы саналуу ири долбоорлордун баарын Кытай каржылап жатат. Маселен, “Датка-Кемин” электр линиясы, кээде кереги бар беле деген суроо жараткан альтернативдүү “Түндүк-түштүк” автожолу, Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо Кытайдын насыясына жасалып жатат. Акчасы арбын Кытай байлыгын ушундай эл аралык долбоорлорго салуу менен сактоо амалын жасап жатканы да маалым. Орусия болсо Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорду дурустап жылдырбай, аягында биротоло токтотулду.

Алмазбек Атамбаев 23-майда Стамбулдагы дүйнөлүк гуманитардык саммитке аттанды. Мигранттарга жана качкындарга жардам көрсөтүүгө арналган саммитке Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун мүчөсү катары чакырылганы белгилүү. Алмазбек Атамбаевди Түркияга келген сайын үзгүлтүксүз кабыл алып турган түрк президенти, жакын санаалашы Режеп Тайып Эрдоган менен эмнегедир бул ирет жолугушкан жок.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министрлиги Аликбек Жекшенкулов мындай көрүнүштөр эки тараптуу мамиленин сууп калганын көрсөтөт дейт:

Аликбек Жекшенкулов

Аликбек Жекшенкулов

- Бул эки тараптуу мамиленин сууп калганын көрсөтөт. Ошондой десек туура болот. Анткени ушундай чоң саммиттерди тоскон мамлекет четтен келген өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушуп, 5-10 мүнөт болсо да орчун маселелер боюнча сүйлөшөт. Бул жерде эмне үчүн андай болбой калганын жакшы түшүнө албай турам.

Президенттин маалымат кызматы Алмазбек Атамбаевдин сапарында түрк жетекчилиги менен жолугушуу каралбаганын маалымдады. Кыязы Орусия учагын атып түшүрүүгө байланыштуу чатакта Кыргызстан жетекчилигинин билдирүүлөрү Анкарага жага бербегендей.

Ички саясатта көнүмүш жаңжалдар...

Республиканын ички саясаты узап бараткан жума жасалма паспорт жаңжалы, Нарымбаев соту, Өмүрбек Текебаевдин президентке каты жана Кумтөр боюнча соттун сенсациялуу чечими менен коштолду.

Стамбулда Кыргызстандын 98 жасалма паспорту менен кытайлык уйгур жарандарынын кармалышына байланыштуу маселе 25-майда Жогорку Кеңеште каралды. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев ал паспортторго Мамлекеттик каттоо кызматынын тиешеси жок деп билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов бул жерде баары эле жөнөкөй эмес деген пикирин айтты:​

Алмамбет Шыкмаматов менен Тайырбек Сарпашев

Алмамбет Шыкмаматов менен Тайырбек Сарпашев

- Мына муну кол менен персонификациялоо мүмкүн эмес. Паспорттун өзүндө эле 12 коргоо белгиси бар. Мына ошондуктан “Инфокомдо” биз билбеген бир иштер бар. Ага 2-3 жыл болуп калды. Кыргыз паспорттору буга чейин эл аралык издөөдөгү кылмышкерлерден чыгып жатат. Демек бизде ошондой паспортторду даярдап берген уюшкан кылмыштуу топ бар. Мен кайсы бир чет элдеги цехтен алар умрага бара турган Кытай жарандары үчүн эле кол менен даярдап чыгышкан дегенге ишенбейм. Бул “Де-Ля-Рудан” чыккан паспорт бланкы. Бирок ал бланк кандайча тигилердин колуна түшүп калганы кызык болуп жатат. Муну биздин укук коргоо органдары изилдеп чыгышы зарыл.

Өлкөнүн тартип коргоо органдары паспорт жаңжалы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жана тиешелүү адамдар сурала баштаганын билдирди. Кыргызстан паспортуна коррупциялык жолдор менен ээ болуу көптөн бери көйгөй жараткан маселелерден.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевди сотто активдүү коргоодон сырткары президент Алмазбек Атамбаевге кат жазып, Нарында судья болуп иштеп жаткан Жапар Эрматовду кызматтан жогорулатпоого чакырды. Партия лидери суранычын Эрматовдун кылмыш дүйнөсүнүн "аталыгы" Азиз Батукаевди бошотууга кошкон салымы менен байланыштырган. Албетте, Өмүрбек Текебаевдин чакырыгы жөндүү, бирок ал өзү ошол Азиз Батукаевдин бошотулушун толук мыйзамдуу деп Жогорку Кеңеште коргогон ал кездеги башкы прокурор Аида Салянованы “Ата Мекендин” тизмеси менен Жогорку Кеңешке алып келишин кандай түшүнүүгө болот?

Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун соту

Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазовдун соту

Данияр Нарымбаев анын абакка отуруп калышына сот системасын, прокуратура, тергөө органдарын айыптап, бирок бир гана президент Алмазбек Атамбаевге үмүт жана ишенич арткан. Данияр Нарымбаевге жагымсыз оппонент болуп жаткан, бирок оңбогондой акча менен абактан чыккан Нариман Түлеев да жалгыз президентке үмүт байлаган. Өзүнүн актыгын далилдеген документтер менен президентке кирсем, маселе чечилет дегендей оюн билдирген. Бири абакта отурган, бири эми эле эркиндикке чыккан, мамлекеттик системанын иштөө механизмдерин ичинен билген бул саясатчылардын мыйзамга жана сотко эмес, президентке үмүт артып жатышынын себеби Кыргызстанда барынан да​ президент таасирлүү болуп жатканында.

Кумтөргө Ак үйдөн укурук алты жылдан кийин ыргытылдыбы?

Республиканын ички саясатында өзгөчө маанилүү окуя 25-майда болду. Бул күнү Бишкектеги райондор аралык сот “Кумтөр голд компанини” 6 миллиард 700 миллион сомго же 100 миллион долларга айыпка жыкты.

Кумтөр кениндеги экологиялык мыйзам бузуу, келтирилген зыяндарга байланыштуу кыргыз өкмөтү бир нече жылдан бери “Кумтөр голд компанини” сотко берүүгө аракеттенип келген. Бирок эң жогору жактан колдоо болбогондуктан ал соттун босогосунан өтпөй калып жаткан.

Кумтөр кени

Кумтөр кени

28-апрелде Кумтөрдүн Бишкектеги кеңсесин күч структураларынын тинтүүсү апрель ыңкылабынан бери сакталып келген жогорку бийликтин Кумтөргө карата позициясы өзгөргөнүнөн белги берди. Ошого жараша сот иши дагы жылып, ал “Кумтөр оперейтинг компанини” миллиарддаган доого жыгуу менен аяктады. Мына ушул соттук териштирүүлөргө удаалаш Кумтөрдө кен казууга жыл сайын берип келген уруксатын мамлекеттик башка органдар дагы кечиктирди.

Кыргыз бийлигинин Кумтөргө карата позициясынын алты жылдан кийин мына ушинтип өзгөрүүсүн бир нече жагдай менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиси, Кыргызстанга акча керек. Бюджеттин тартыштыгы 25 миллиард сом болуп, жол курулуштары үчүн каражат табылбай жатканда Кумтөрдөн башка каяктан алууга болот? Экинчиден, “Центерранын” жетекчилиги кыргыз бийлигинин пикирин эске албай, кошумча акция чыгарып, Кыргызстандын үлүшүн кыскартты. Андан сырткары ар кандай айла-амал жана шылтоолор менен жарытып дивиденд төлөбөй келет. Үчүнчүсү, президент Атамбаевди Кумтөр боюнча убадасын аткарбады деген айыптоолор ар тараптан айтылып келет. Ошондуктан президенттик мөөнөтүнүн соңунда “Центерраны” бир аз сестентип коюу кадамы жасалып жаткандай. Маселе эми кыргыз бийлигинин карманган азыркы позициясын канчалык аягына чыгарууга даярдыгында калды.

Албетте, “Центерра голд инк” бул доону төлөөгө шашпайт. Компаниянын өкүлдөрү соттун чечимине макул болбой, жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирди. Жума күнү маалымат жыйынында “Центерранын” өкүлдөрү 30-июнга чейин кен казууга уруксат берүү маселеси чечилбесе, анда Кумтөрдө иш токтотуларын эскертишти.

Андан сырткары “Центерранын” жетекчилиги Кыргызстан менен талаш-тартыш маселелерди эл аралык арбитражда гана чечебиз деген позициясы да маалым.

Кыргызстандагы Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев талаш-тартыш эл аралык арбитражга чейин барса, андан Кыргызстандын утуп чыгары татаал деп эсептейт:

Орозбек Дүйшеев

Орозбек Дүйшеев

- 2009-жылкы келишимде ага чейинки доолордун бардыгы кечирилип, кол коюлган болчу. Эми мына ошол келишим күчүндө турганда Кыргызстан эл аралык соттон кантип ута алат? Ал жакта деле тиешелүү документтерди карап, анан ага ылайык чечим чыгарышат да. “Кумтөр голд компани​” компаниясы 2013-жылы берген маалымдамасы боюнча мөңгүлөрдүн үстүнө топурак-шагыл төгүү үчүн өкмөттөн уруксат алынган. Биздин өкмөт ушундай кыла бергиле деп алардын жылдык тоо-кен иштеринин планын бекитип берип жатса, каяктагы доо? Эл аралык тажрыбайда сууга жана жер катмарына келтирилген зыян үчүн доо коюу деген жок. Алардын чен-өлчөмүн биздин өкмөт каяктан алды?

Албетте, Кыргызстанда өз позициясын мүмкүн болушунча бекемдеп алган “Центерра голд инк” менен күрөшүү кыргыз өкмөтү үчүн жеңил болбойт. Бирок каалоо болсо мамлекеттин кубаты жана айла-амалы абдан эле жетиштүү экени да белгилүү.

Мухамедиулы ардантты...

Кыргызстандыктарды узап бараткан жумада Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы өз сөзү менен бир топ ардантты. Арыстанбек Мухамедиулы 23-майда Астанада коомчулук менен жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына токтолуп, улуу жазуучу кыргыз элинин келечегин көрө билген экен деп “Ак кеме” повестин мисалга келтирген. Андан ары сөзүн улаган казак министри "Орусияда кыргыз кыздары ажаткана тазалап жүрөт, алар буга мекенинде жумуш жоктугунан барууда. Айтматов муну илгери эле эскерткен", - деген.

Арыстанбек Мухамедиулынын сөзү намыска тиерлик. Бирок окууну эми бүткөн, эч кандай кесиби жок жаштар, кыз-келиндер Орусияга барып, эң төмөнкү квалификациядагы жумуштарды жасап жүргөнү да чындык. Ошондуктан бул жерде жаштарды бир кесипке ээ кылуу маселеси көтөрүлүүгө тийиш. "Бийликтин, коомчулуктун ойлоно турган, чече турган иши ушул болуш керек", дейт саясатчы Аликбек Жекшенкулов.

Мухамедиулынын “Ак кемеге” салыштыруусуна келсек, ал жерде параллель келтире турган бир гана жагдай - Нургазынын таята-таэнесинин колунда калып, ата-энесиз абдан куса болуп жүргөнү. Бирок бул мигранттар эмес, кайсы бир деңгээлде алардын айылдарда калган балдарына мисал боло ала турган жагдай.

Трамптын жолу ачылды

Дүйнөлүк саясаттын учугу узап бараткан жумада бирде Жапонияга бурулуп, бирде АКШга, бирде Европа, Азия чөлкөмүндө болуп жатты.

Дональд Трамп

Дональд Трамп

Азияда, Индия жана Иран лидерлери Нарендра Моди менен Хасан Роухани Тегеранда Иран аймагында Чабахер портун куруу, илим-техника, соода-экономикалык кызматташуу келишимдерине кол койсо, Жапония “Чоң жетинин” саммитин кабыл алды. Ооганстанда болсо талиптердин лидери Ахтар Мансур америкалык дрондун соккусунан өлүп, анын ордуна 25-майда Хейбатулла Ахунзада жаңы лидерлике шайланды. Ооган талиптери өз лидеринин өлтүрүлүшүнө жооп кылып, Кабулда теракт уюштуруп, андан 11 киши набыт болду. Теракт Ооганстандын сот кызматкерлерине каршы багытталды.

Мына ошондон кийин 26-майда Жапонияда саммитке катышып жаткан АКШ президенти Барак Обама талиптердин жакын арада ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө келиши күмөндүү экенин моюнга алды:

- Мезгили келип, талиптер өлкөнү басып алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билип, сүйлөшүүгө келет деп үмүттөнөм. Эгерде андай болсо Кошмо Штаттар жана дүйнөлүк коомчулуктун калган өлкөлөрү аны колдоого алат. Бирок ал мезгил эрте келеринен күмөнүм бар.

Барак Обама

Барак Обама

Жапонияда “Чоң жетинин” саммитинде украин маселеси да каралды. Лидерлер Орусияга каршы санкция саясатын улантууну колдоого алышты. Европа Биримдиги Орусияга санкцияларды дагы бир жылга узартуу маселесин июль айында карамакчы. Бул санкциялык саясат Орусия турмушун оорлотуп жатканы менен мунайга баа бул жумада 50 доллардан ашып, Москванын көңүлүн бир топ жайгарды. Анткени жылдын башында эле дүйнөлүк базарда бир баррель мунайдын баасы 27 долларга чейин төмөндөп, мунай казуучу өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусия, Казакстандын экономикасынын келечегин ого бетер бүдөмүккө салып жаткан.

26-майда "Чоң жетинин" саммитинде Барак Обама өз өлкөсүндө жүрүп жаткан шайлоо өнөктүгүнө да көңүл бөлүп, Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкер болууга умтулуп жаткан миллиардер Дональд Трамп эл аралык саясатты түшүнбөйт, анын айрым билдирүүлөрү дүйнөлүк лидерлерди бейпайга салууда деген эле. Бирок ошол күнү Дональд Трамп Республикачылар партиясынан талапкер болууга зарыл болгон 1237 делегаттын добушун топтогонун жарыялады. Демек, Трамптын июль айындагы курултайда Республикачылар партиясынын талапкери болуп расмий бекитилип, ноябрда президенттик шайлоого чыгышына жол ачылууда.

Демократиялык партиядан талапкер болууга умтулуп жаткан Хиллари Клинтон жана Берни Сандерстин таймашы токтой элек. Сенатор Сандерс аягына чейин күрөшөм деген убадасына турууда. Ал эми талдоочулар Хиллари Клинтон Демократиялык партиядан талапкер болуп көрсөтүлүү үчүн талап кылынган 2383 делегаттын добушун топтоп, алдыга чыгат деген ишеничте.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG