Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Апта: Жансакчылар доору, Трамп Клинтонду камайт...


Астанадагы Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин саммитине катышкан кыргыз делегациясы. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков. Астана, 31-май, 2016
Астанадагы Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин саммитине катышкан кыргыз делегациясы. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков. Астана, 31-май, 2016

Узап бараткан жумада Астанада Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин саммити өттү. Кыргызстандын күч структураларында кадрдык өзгөрүүлөр уланды.

Германия чечими Түркиянын кескин нааразылыгын пайда кылды.

Астана чечилген "картошка" маселеси

31-майда Астанада Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити болду. Беларус, Орусия, Армения, Казакстан жана Кыргызстан президенттери катышкан жыйында 14 маселе каралды. Алардын арасында мунай-газ базарын түзүү жана регионалдык бирикмелер менен экономикалык байланыштарды бекемдөө маселеси болду.

Кыргызстан үчүн саммитте республиканын товарларын Орусия жана Казакстанга чыгаруудагы тоскоолдуктарды жоюу маанилүү болду. Анткени кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдүн турушу, фитосанитардык көзөмөлдүн жарым-жартылай кайрадан киргизилиши кыйынчылыктар жаратып жатат.

ЕАЭБ башчыларынын саммити. Астана, 31-май, 2016-жыл
ЕАЭБ башчыларынын саммити. Астана, 31-май, 2016-жыл

Ошондуктан президент Атамбаев саммитте мына ушул тоскоолдуктарды алууну сунуштады:

- Мен экономикалык биримдиктин курамындагы мамлекет башчыларды уюмдун түпкү максатына доо кетире турган чараларга баруудан баш тартууга чакырар элем. Бул тууралуу мен мамлекет башчылар менен жеке жолугушууда да айттым. Кыргызстандык дыйкандар өндүргөн картошканын Казакстанга киргизилбей жатканын, кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык постторду жоюу зарылчылыгын, Кыргызстандан чыккан товарлардын Орусияда эркин жүгүрүүсү үчүн алынып жаткан транзиттик алымдарды жоюу керектигин айттым. Казакстан жана Орусия президенттери ал маселелерди тез арада чечүүнү убада кылышты.

Республиканын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов Кыргызстан картошкасына киргизилген чектөөнүн алынганы тууралуу маалымат Казакстандан азырынча келе электигин, бирок жогорку деңгээлде чечим кабыл алынгандан кийин ал аткарылат деген ишенимин 3-июнда билдирди.

Бирок Кыргызстан товарларын Евразия экономикалык биримдигинин техникалык стандарттарына дал келтирүүдө маселелер арбын. Ал ошол эле республиканын ветеринардык кызматынын начар абалы, чачкын майда чарбалар, лабораториялардын жетишсиздиги. Калысбек Жумаканов Бишкек жана Ошто эки лабораторияны ишке киргизүү менен бир топ маселе чечилет деп эсептейт:

- Бишкек менен Ош шаарындагы эки лабораторияны иштетүүгө жетишсек, бизге ошол улуттук деңгээлдеги эки лаборатория жетиштүү болот. Азыр ремонтторун жүргүзүп жатабыз. Июль айында Орусиядан 1,8 млн долларга акыркы үлгүдөгү жабдуулар келет. Ошолорду иштетебиз. Ал азыркы кезде бизге жетиштүү болот.

Республиканын ветеринардык кызматы Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына жооп бербейт деген доомат да бар. Анткени Орусия жана Казакстанда мамлекеттик ветеринардык кызматтар мурдатан иштеп келсе, Кыргызстанда ал система талкаланып калган. Эми аны кайрадан түптөө, жеке ветеринарларды мамлекеттик ветеринар статусуна жеткирүү иштери жүрүүдө. Кыргызстанда малдын идентификацияланбаганы да Казакстан жана Орусия тараптан ветеринардык көзөмөлдүн алынбашынын себептеринин бири. Азыр бул маселени чечүү үчүн Ысык-Ата, Кара-Буура жана Ноокат пилоттук райондор катары тандалып алынып, бодо малды идентификациялоо иштери жүрүүдө. Андан кийин жалпы республика боюнча иш жолго коюлат дейт Жумаканов:

- Мына тендерге мамлекет 40 млн сом бөлүп берген. Биз ага бирка сатып алабыз. 800 миң бирка алсак Кыргызстандагы саан уй жана кунаажындарга жетет. Жылдын аягына чейин үч районду идентификациядан өткөрөбүз. 2017-жылдын май айына чейин республика боюнча өткөрөбүз.

Калысбек Жумакановдун айтымында, мына ушул иштерди аткаруу Евразия экономикалык биримдигинин базарынын толугураак ачылышына мүмкүнчүлүк берет.

Астана саммитинде орус президенти Владимир Путин президент Нурсултан Назарбаевдин Европа Биримдиги жана башка регионалдык бирикмелер менен кызматташууну кеңейтүү демилгесин кубаттооого алды. Европа Биримдигинин санкцияларынан жабыркап турган Кремл Астананын ортомчулугу менен аны жеңилдетүүнү көздөгөндөй. Санкциялар жана мунайга баанын арзандашы Орусия жана Казакстанда экономикалык кризисти жаратып, ал жалпы Евразия экономикалык биримдигинде сооданын кыскарышына алып келди. Маселен, быйылкы жылдын үч айында Кыргызстандын экспорту дээрлик 26%, импорту 20% кыскарган. Орусиянын Федералдык бажы кызматы Орусиянын тышкы соодасы да быйылкы жылдын үч айында 26,4% кыскарганын кабарлаган. Бул кыскаруулар жалпы Бажы биримдигинен түшө турган кирешенин жана ички бажы төлөмдөрүнүн да кыскаруусуна алып келери талашсыз.

Мына ушундай абалда Астана саммитинде Евразия экономикалык биримдиги өнүгүүгө жаңы дем алганы айтылды. Ал канчалык реалдуу экенин мезгил көрсөтөт.

Жансакчылар заманы

Кыргызстандын ички саясатында оппозициялык топтордун каршылыгы токтоп, бийлик кайрадан абалдын толук кожоюнуна айланды. Мына ошондон кийин күчтүү делген ички иштер министри Мелис Турганбаев оңой эле кызматынан бошотулду шекилди. Турганбаев өзүнүн бошотулушунда саясат жок экенин билдирди:​

Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев

- Өзүм эле арыз жазып, отставкага кеттим. Эс алайын деп жатам. Калганын дагы кийинчерээк көрөбүз го. Мен арызды буга чейин эле жазып бергем, жардык бүгүн чыккан турбайбы. Мен деле азыр билдим. Арызды өз каалоом менен жазгам. Бул жерде эч кандай саясат жок. Мен эми кызматта түбөлүк турбайм да. Менден кийин дайындалган министр деле форумду өткөрө берет. ИИМ мага чейин деле иштеген да, эми деле иштей берет. Азырынча эч кандай деле план жок. Азыр эс алам, уктайм. 2010-жылдан бери чынында эмгек өргүүсүнө чыга элекмин. Алты жыл эс албай иштедим. Эс алып, үй-бүлөмө көңүл бурам.

Мелис Турганбаев Ички иштер министрлигинин жетекчи органдарында апрель ыңкылабынан кийин иштеп келаткан. 2014-жылы министр болгон.

Мелис Турганбаевдин ордуна президент Атамбаев тарабынан Бишкек шаардык милициясынын башчысы Кашкар Жунушалиев көрсөтүлдү. Аны талапкерлигин парламент дароо эле колдоп, мамлекет башчысы жардыгы менен бекитти.

Өкмөттөгү өзгөрүүлөр Мелис Турганбаевдин кызматтан кетүүсү менен токтоп калбачудай. Кыргызстан бир нече министр жана агенттиктин башчылары кызматтан кетери жөнүндө сөздөр тарап, билим берүү жана илим министри Элвира Сариева андай сөздөргө байланыштуу комментарий менен чыгууга аргасыз болду. Сариеванын пикиринде, андай сөздөрдү Билим берүү министрлигиндеги коррупциялык көрүнүштөр кала беришин эңсегендер чыгарууда.

Өкмөт курамында өзгөрүүлөр болушу ыктымалдыгын премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун министрлик жана административдик органдардын курамын оптималдаштыруу боюнча буйругу да күчөттү. Оптималдаштырууну же бири-бирин кайталаган органдарды кыскартуу боюнча жумушчу топту өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Мурат Мукамбетов жетектейт.

Президент Ички иштер министрлигинин жетекчисин алмаштыруу менен кошо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка өзүнө эң жакын адамдарды алып баруусун улантты. Акыркы айларда УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына президенттин үч жансакчысы дайындалды. Маселен, 10-мартта Улан Исраилов УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын башчылыгына дайындалса, 20-майда дагы бир жансакчы Болотбек Сүйүнбаев УКМКнын коркунучтарды талдоо жана аныктоо боюнча кызматынын башчылыгына дайындалган. Кызматына жараша Сүйүнбаев УКМКнын төрагасынын орун басары болот. УКМКнын азыркы төрагасы Абдил Сегизбаев төрагалыкка чейин ушул кызматта болгон.

1-июнда президенттин буйругу менен Дамир Мусакеев орун басар даражасында УКМКнын тогузунчу кызматынын жетекчилигине дайындалды. Мусакеев да президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Ошондуктан республикада жансакчылар доору келгени жөнүндө сөз жүрүүдө.

УКМКнын мурунку генералы Артур Медетбеков кадрлар кесипкөйлүгүнө карап эмес, жеке берилгендигине жана жакындыгына жараша дайындалып жатат деп сынга алды.

Экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп баратканын белгилеген оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков да бийликтин кадрдык, экономикалык саясатын сындады. Мунун өзү азыр тынып калган оппозициялык маанайдын кайсы мезгилде болбосун кайра жандануусуна негиз болот деп эсептейт Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков баштаган топ май айынын аягында Кошмо Штаттарга жөнөп кеткени маалым. Алар 30-майда кайтып келишти. Вашингтондо, анын ичинде Мамлекеттик департаментте бир катар жолугушуулар болгонун айткан Жээнбеков, сапардын максаты адам укугу, демократияны коргогон жана барктаган мамлекет менен байланышта болуу экендигин кошумчалады. Кошмо Штаттар Кыргызстандагы чыныгы абал менен абдан эле тааныш дейт Жээнбеков:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- Алардын биздин абалды түшүнүүсү абдан терең. Аны барган учурда айтышты. "Фридом хаустун" жетекчилиги менен жолугушууда, Мамлекеттик департаменттеги жолугушууда Кыргызстанда сөз эркиндигине бийлик тараптан, тартип коргоо органдарына тарабынан басым болуп жатканын билишери белгилүү болду. Ал жөнүндө айтып да беришти. Жазуу түрүндө документтерин да чыгарып келатышат.

Оппозициянын туусун көтөрүүгө аракет кылган “Элдик парламенттин” лидери Бекболот Талгарбеков учурда УКМКнын абагында жатат. Анын туугандары белгилүү адвокат Икрамидин Айткуловго Талгарбековдун кызыкчылыгын коргоп берүүнү сунуштаган. Бирок Айткулов бир нече күндөн бери Талгарбеков менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтып, аны Бишкектеги №1 Тергөө абагына которуу аракети жасалып жатканын маалымдады:

- Бул маалыматты мен ишенимдүү булактан алдым. Ага басым көрсөтүү үчүн №1 СИЗОго которуп, ал жерде “караларды” тукурууну көздөшүүдө. Мүмкүн аны которобуз деп коркутушуп, менден адвокат катары баш тартууга мажбур кылышы мүмкүн. Анткени мен Талгарбеков менен жолугушуу үчүн 3-июнда УКМКга барсам, сенин кызматыңдан Талгарбеков баш тартты деп коюшту. Анын чын-төгүнүн да билбейм.

Бекболот Талгарбеков 12-майда кармалган. Анын менен кошо көп өтпөй “Элдик парламенттин” жетекчилери деп аталган дагы эки киши камакка алынган.

Айтмакчы, Кыргызстандык саясатчылар жана жарандык активисттер тобу АКШдагы жолугушууларынан кайтып келгенден көп өтпөй, 2-июнда Бишкекте АКШнын конгрессмендер тобу президент Атамбаев менен жолугушту. Расмий маалыматтар боюнча, анда эки өлкөнүн парламенттик кызматташуусун активдештирүү жөнүндө сөз болду.

Дональд Трамп Хиллари Клинтонду абака салабы?

Узап бараткан жумада дүйнөлүк саясатта Кошмо Штаттардын президенттигине талапкер болуу алдында турган Дональд Трамп жана Хиллари Клинтондун чабышы күч алды. Дональд Трамп Хиллари Клинтонду мамлекеттик катчы кезинде менчик электрондук почтасын колдонгону үчүн абакка отуруш керектигин билдирсе, Хиллари Клинтон өз кезегинде Дональд Трампты тышкы саясатта эч нерсени түшүнбөгөн оргу-баргы адам катары мүнөздөп, мындайга ядролук куралды, мамлекетти башкарууну берүүгө болбойт деп чыкты.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Европада Түркия менен Германия армяндардын геноцидине байланыштуу маселеде чарпыша кетти. Германия парламенти 2-июндагы жыйынында 1915-жылы Осмон империясы учурунда армяндардын кырылышын "геноцид" деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды. Түрк тараптын бул чечимди кабылдоосун ого бетер курчутпоо үчүн канцлер Ангела Меркел жана анын орун басарлары Бундестагдын жыйынына катышкан жок.

Бирок, күтүлгөндөй эле Түркия тараптан Германия парламентинин чечимине кескин жооптор берилди. Немис парламенти добуш берген күнү Кенияда сапарда болгон президент Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу өкмөт башчысы Бинали Йылдырым менен сүйлөшүп, Германиядагы элчини кеңешүүгө чакыртып алуу чечилгенин билдирди:

- Мен өкмөт башчы Бинали Йылдырым менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Анын биринчи жыйынтыгы - Түркиянын Германиядагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган чечим болду.

Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Бинали Йылдырым өз кезегинде Германия парламентинин чечимин катачылык деп атап, түрк улутунун тарыхында андай окуя болгон эмес деди. Түрк өкмөтүнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри андан да катуу билдирүүлөрдү жасады.

Эки ортодо пайда болгон чыңалууну жумшартуу багытындагы пикирлер 3-июнда айтыла баштады. Түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым Бундестагдын чечимине карабай Германия жана Түркия маанилүү өнөктөр бойдон кала берет деди.

Түркия Европа Биримдигиндеги алдыңкы мамлекет болгон Германия менен Европадагы миграциялык кризисти жөнгөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Анын натыйжасында Анкара менен Брюссел келишимге да жетишкен. Ага ылайык, Түркия Европага мыйзамсыз барган мигранттарды кайра алууга макул болгон. Европа өз кезегинде түрк жарандарына виза жеңилдигин берери айтылган. Европа Түркияга ошондой эле антитеррордук мыйзамдарын жумшартуу шартын койгон. Бирок Анкара мына ушул шарттан баш тартып, келишимдин келечегине күмөн кете баштаган. Эми немис-түрк ортосундагы чарпышуу менен ал келишимге дагы сокку урулары айтылууда.

Узап бараткан жумада орус-түрк мамилесинде да жарашуунун жолдору изделгендей болду. Орус президенти Владимир Путин эки өлкө мамилесинин бузулушуна кейигенин, аны жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн көп жылдык аракеттер жумшалганын билдирсе, түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да ошондой маанидеги пикирин айтты.

Бирок эки өлкөнүн жарашуусунун аргасын табуу татаал болууда. Анткени Орусия өткөн жылы атып түшүрүлгөн учак үчүн кечирим жана компенсация төлөөнү талап кылса, Түркия андан баш тартып, “пилоттун катачылыгы үчүн эки мамлекеттин мамилесин бузууга барууну түшүнбөсүн” билдирип жатат.

Ошентип, Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси бар мамлекеттер бузулган мамилесин калыбына келтирүү айласын таппай олтурат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG