Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Алеппону бомбалоо Батышты түйшөлттү


Алеппо
Алеппо

Акыркы күндөрү Сириянын Алеппо шаарына абадан урулган соккудан 45 адам өлгөнүн, алардын ону балдар экенин Сирия активисттери кабарлады.

Сириядагы кырдаал көңүл борборунда кала берүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Алепподогу бомбалоолорду “жан дүйнөнү сыздаткан” аскерий кылмыш катары бааласа, бир катар батыш өлкөлөрү Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын чакырууну талап кылды.

Акыркы күндөрү мына ушул аймакка абадан урулган соккудан 45 адам өлгөнүн, алардын ону балдар экенин Сирия активисттери кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Алепподогу бомбалоону “жан сыздаткан” көрүнүш деп, ылгабай бомбалоону аскерий кылмышка теңеди. Бул тууралуу Пан Ги Мундун маалымат катчысы Стефан Дужарич 24-сентябрда маалымдады. Ал ошондой эле Алепподо күйгүзүүчү жана терең жертөлөлөргө каршы колдонулчу заманбап бомбалар ташталып жатканы тууралуу маалыматтар келип жатканын кошумчалады.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон 25-сентябрда Би-Би-Сиге берген маегинде Сириядагы согуштун уланышы үчүн Орусияны айыптады:

Борис Жонсон
Борис Жонсон

- Алар бул согуштун уланышы, анын мурункудан да жексур мүнөзгө өтө башташы үчүн күнөөлүү. Менин оюмча, Алепподогудай жарандык объекттерди ылгабай сокку уруу учурунда биз карашыбыз керек: бутаны тандоодо эч кандай күнөөсүз жарандык объект экенин билип туруп бомбаласа, анда бул аскердик кылмыш.

Белгилүү болгондой, дүйшөмбү күнү Алеппого жакын жерде гуманитардык жүк жүктөлгөн автунаалар кербенине сокку урулуп, андан жыйырма киши набыт болгон. Кошмо Штаттар бул окуя боюнча Орусия жана Сирияны айыптаса, Орусия өз кезегинде ал жоочулардын колунан келген иш экенин, автоунааларга сокку урулган мезгилде абада АКШнын учкучсуз учагы болгонун билдирген. Британ министри мына ушул автоунааларга соккуну аскерий кылмыш катары баалап жатат.

Британия тышкы иштер министринин айыптоосуна Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова жекшемби күнү жооп берип, Британия Иракты эмнеге кириптер кылганын эске алсын деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөгөн Сириянын тышкы иштер министри Валид аль-Муалем Дамасктын жеңишке ишеними көбөйгөнүн жана өкмөттүк күчтөр “терроризмге каршы күрөштө чоң ийгиликке жетишкенин” билдирди. Ага чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияда атышууну токтотуу бир тараптуу эмес, эки тараптан тең бирдей болгондо гана ишке ашарын билдирген:

Сергей Лавров
Сергей Лавров

- Үч күндүк, жети күндүк жарашуулардын мааниси болбойт, мен 12-сентябрдагы ок атышууну токтотуудан кийин эмне болгону тууралуу айтып бергенмин. Келишим күчүнө киргенден кийин "Жебхат аль-Нусра" жана ага ыктаган оппозициялык топтор Сирия өкмөттүк күчтөрүнө жана үйлөргө 350 жолу чабуул коюшту. Андан Сирия аскерлери жана тынч жарандар өлүмгө учурады. Америка жетектеген коалиция өкмөткө каршы турган күчтөргө таасир эте алышын көрсөтсүн. Биз көп сурап жаткан жокпуз.

24-сентябрда Британия, Франция, Германия, Италия жана Кошмо Штаттардын тышкы иштер министрлери Орусияга кайрылып, Сирияда ок атууну токтотуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. Алар тынчтыкка жетишүү боюнча дипломатиялык аракеттерди сактоо жана гуманитардык жүктөрдүн тоскоолсуз жетишине шарт түзүү талаптарын Москвага коюшту.

Батыш министрлери Алепподо күч алып жаткан кармашты токтотуу жана Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен саясий жараяндарга өтүүнү жакташууда. Сирияда түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн Британия, Франция жана АКШнын талабы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйыны 25-сентябрга чакырылды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG