Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Йемендеги кандуу аба чабуулу иликтенет


Йемен
Йемен

Йеменде көтөрүлүшчүлөргө каршы күрөшүп жаткан Сауд Арабиясы баштаган коалиция баш калаа Санадагы тажия маалында абадан урулган соккуну иликтей турганын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, ишемби күнкү чабуулдан 140 адам мерт кетип, жүздөгөнү жаракат алды. Коалиция жөн-жай тургундарга сокку урбаганын, окуяны иликтөөгө АКШнын эксперттери да көмөктөшөөрүн кабарлады.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун көз карандысыз иликтөө зарылдыгын белгилеп, жайкын тургундарды бутага алуу кабыл алынгыс экенин айтты.

Йемендеги эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдогон коалиция 2015-жылдын март айында шиит багытын карманган хусит көтөрүлүшчүлөрүнө каршы аба чабуулдарын баштаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG