Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Йемендин радарларына Кошмо Штаттардын аскерий кемеси сокку урду. Ага чейин Йемен тараптан АКШ кемеси ракета менен аткыланганы кабарланган эле.

Өткөн жумада Сауд Арабия баштаган коалиция Йеменде тажыя өтүп жаткан жерге сокку уруп, андан 140 киши набыт болгон.

Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча, хуситтер көзөмөлдөгөн Йемендин радарларына АКШнын аскерий кемеси 13-октябрда сокку урду. Ага АКШ президенти Барак Обама буйрук берген. Бул жарандык согушка кабылган Йеменге Кошмо Штаттар тарабынан урулган биринчи сокку болуп калды. Пентагондун билдирүүсү боюнча, соккунун максаты АКШ кемелерине сокку урууга мүмкүнчүлүк берген радарларды иштен чыгаруу болду.

Пентагондун маалымат кызматынын өкүлү Питер Кук “бул сокку биздин аскерлерди, кемелерди жана эркин сүзүүбүздү коргоо максатында урулду. Кошмо Штаттар өз кемелери жана коммерциялык жолдорго келтириле турган ар кандай коркунучтарга жооп берет” деп билдирди. Радарлар калк жашаган аймактан алыс болгондуктан, АКШ соккусу тынч жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирбегени айтылды.

13-октябрда хуситтер көзөмөлдөгөн Йемендин мамлекеттик Саба маалымат агенттиги аскерлер жана элдик кошуундар Кошмо Штаттардын кемесин аткылабагынын билдирди. Хуситтер Кошмо Штаттардын кемелерди атты деген айыптоосу Сауд Арабиянын агрессиясын актоо максатында жасалды деп билдирүүдө.

Ушул жумада Йемен тараптан АКШнын Мейсон аттуу аскерий кемесине үч ракета атылган. Ал кемеге зыян келтирген эмес. Йемендин ракеталык аткылоосу Сауд Арабия жетектеген хуситтерге каршы коалициянын Сана шаарында тажыяга сокку уруусунан кийин болду. Өткөн жумада урулган соккуда 140 киши өлүп, жүздөгөнү жарадар болгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сана шаарында тажыяга жасалган чабуулду кескин айыптаган эле:

- Ишемби күнкү тажыяны бомбалоо тынч жарандарга ырайымсыз чабуул жана эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузуу. Ал жер адамдар чогулган жер экенин баары билишкен. Ошол мезгилде ал жерге үй-бүлөлөр бала-чакалары менен чогулушкан. Жакынын жоготуп кайгырып турган адамдарды бомбалоо акылга сыйбаган нерсе.

Улуттар Уюмунун Йеменде гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча координатору Жейм МакГолдрик тажыяга урулган соккуну эл аралык иликтөөгө алууну талап кылган эле:

- Биз эмне болгонун иликтөөнү талап кылдык. Ал күнү ал жерде эмне болгонун так жана толук билүү үчүн көз карандысыз иликтөө болуш керек.

Расмий Эр-Рияд ал окуяны иликтөөгө аларын билдирсе, Кошмо Штаттар көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген соккудан кийин Сауд Арабия жетектеген антихуситтик коалицияга көргөзүп жаткан колдоосун кайра карап көрөрүн билдирген.

Йеменде Иран менен Сауд Арабиянын түз бет келишпеген кагылышуусу жүрүп жатат. Сауд Арабия бир катар араб өлкөлөрү менен өткөн жылдан бери Йеменде бийликти ээлеп алган хуситчилерге каршы аскерий операция жүргүзүп жатса, хуситтерди Иран колдойт. Хуситтер шииттер болуп саналат. Ошондуктан бул жерде да Сауд Арабия баштаган сунниттер менен Иран баштаган шииттердин ортосундагы карама-каршылык өкүм сүрүүдө.

Хуситтер тынымсыз нааразылык акциялардын натыйжасында өткөн жылдын башында президент Абд-Раббу Мансур Хадини президенттик баш тартууга аргасыз кылган. Учурда өлкөнү хуситтер тарабынан түзүлгөн убактылуу өкмөт башкарууда.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG