Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Италияда күчтүү жер силкинүү болду


Италиянын борбордук бөлүгүндө 26-октябрда жер силкинип, имараттар талкаланды. Ондогон адамдар жарат алып, айрымдарынын абалы оор экени кабарланды. Жер термелген учурда жүрөгү кармап бир адам көз жумган.

АКШ геология кызматынын маалыматына ылайык, силкинүү 3 жолу катталган. Анын күчү 4төн 6,1 баллга чейин жеткен. Очогу Римдин түштүк тарабында болду.

Италиянын Лацио, Умбрия жана Марке обулустарында быйыл 24-августтагы жер титирөөдөн 300дөн ашуун адам набыт кеткен. Шаршембидеги силкинүү да ошол аймактарга жакын жерде болду.

XS
SM
MD
LG