Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Апта: “Колу кыска” коалиция, талпынган Тажикстан


Коалиция куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго тапшырган.

Коалиция куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго тапшырган.

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште жаңы башкаруучу коалиция түзүлгөнү жарыяланды. Тажикстан Рогун ГЭСин курууга киришти. Кошмо Штаттарда президенттик үчүн күрөштө жаңы интрига пайда болду.

Үч фракция түзгөн коалиция

3-ноябрда Жогорку Кеңеште жаңы көпчүлүк коалиция түзүлгөнү жарыяланды. Анын курамына бийликтин КСДП фракциясы жана “Кыргызстан”, “Бир бол” фракциялары кирди. КСДПнын 38, “Кыргызстандын" 18, “Бир болдун” 12 мандатын кошуп санаганда, көпчүлүк коалицияда 68 мандат болот. Бул көпчүлүк коалиция түзүүгө жетиштүү. Бирок жөнөкөй көпчүлүктү 120 депутаттын ичинен 61 депутат түзгөндүктөн, 68 депутаттан турган коалициянын кубаты жана туруктуулугу шек жаратат. Анын үстүнө коалиция түзгөн үч фракциянын ичинде тең оппозициялык маанайдагы же бийликке каяша айткан депутаттар бар.

Маселен, “Бир болдун” эки мүчөсү Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев оппозицияда болушарын расмий түрдө жарыялашты. “Кыргызстан” фракциясынын мурунку лидери Канат Исаев да оппозициялык маанайын көбүрөөк билдире баштады. Албетте, фракцияда келечегин КСДП менен эмес, Исаев менен көргөн депутаттар жок эмес. Ошондуктан башкаруучу коалициянын депутаттары реалдуу алганда жөнөкөй көпчүлүктү камсыздоосу да кыйын болуп калышы ыктымал. КСДПнын өзүндө да бийликтин ойлонулбаган орунсуз сөздөрүнө сын айткан депутаттар чыгууда. Азырынча андайга Жанар Акаев даап барды. Мына ушулардын баары бийликтин парламенттеги позициясы өтө эле алсыраганын көрсөтөт. Мындай кырдаал парламенттик кризиске, андан ары жаңы парламенттик шайлоого алып келиши да ыктымал.

Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлдү

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция түзүлгөнүн Жогорку Кеңеште расмий жарыялады. Башкаруучу альянстын курамына КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирди.

Азырынча жаңы көпчүлүк коалиция лидерлигине КСДПнын лидери Иса Өмүркуловду шайлап, өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбековду көрсөттү. Бул тууралуу Өмүркулов маалымдады:

- Коалиция өкмөт башчынын талапкерлигине Сооронбай Жээнбековду сунуштады. Болочок премьер-министр өкмөттүн программасын, структурасын, курамын бизге сунушташы керек. Коалициянын конфигурациясы өзгөргөндөн кийин ал сөзсүз түрдө министрлер кабинетине да таасир этет. Менин оюмча, өкмөттүн курамынын үчтөн бири өзгөрөт. Өкмөт менен бул маселени кеңешебиз. Өкмөт биринчи күндөрү сунуштайт деймин.

Иса Өмүркулов баяндаган өзгөрүүлөр боюнча, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун келери айтылууда. Муну президент Атамбаев “оң колум” деп атаган Сапар Исаковду чоң жарышка салууга, мураскер “операциясын” баштоого даярдык катары да баалагандар чыкты.

Жогорку Кеңештеги коалиция түзүүдөгү жагдай “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин КСДПсыз коалиция түзүү демилгеси реалдуулукка жакын экенин көрсөттү. Бул үчүн “Бир болдун” коалицияга кирбей, учурда оппозиция калган фракциялардын тил табышуусу жетишмек. Бирок фракция лидерлеринин тил табышуусу, консенсуска келүүсү өтө эле кыйын. Ага лидерлердин саясий атаандаштыгы жана амбициясы жол бербейт.

“Республика-Ата Журттун” башкаруучу коалицияга кирбей калышы түрдүү ой жорумдарды пайда кылды. Буга ушул кезге чейин КСДП менен көп маселелер боюнча пикирлерибиз окшош деп келген Өмүрбек Бабанов эч кандай жүйөлөрүн келтирбей эле, коалицияга кирбей турганын жарыялашы себеп болду:

- Бүгүн социал-демократтар 38сиңер. Бирок эртең башкача коалиция түзүлүп калса, силер азчылык да болуп калышыңар мүмкүн. Бир жыл мурда менин башымдан өттү. Бир комитет берген жоксуңар. Ошондуктан муну мен баарыңардан жакшы сезип турам. Ким билет, балким биз дагы деле азчылыкта болуп каларбыз. Ошондуктан баарыбызга калыс карайлы деп айтып кетет элем. Иса Шейшенкулович, мына коалиция түзүп жатпайсызбы. Мен ачык айтам, биз коалицияга кирбейбиз. Сиз аны каалаганыңыз менен түзүңүз. Бирок биз Конституцияны өзгөртүүнү ачык колдоп беребиз.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция түзүүдө биринчилерден болуп ушул “Республика-Ата Журттун” лидери менен сүйлөшүү өткөргөн. Кыязы, өкмөттү түзүүдө эки ири фракция пикир табыша алган эмес. Бийлик мурунку коалициядагы “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресске” бирден экинчи пландагы министрлик жана орун басарлык орундарды гана ыраа көрүп келген. Мындай “устукан” бөлүштүрүү Өмүрбек Бабановду канааттандырбагандай.

Референдум жана шаардык кеңештерге шайлоо бир күндө өтөт

Бул арада 11-декабрда республикадагы шаардык кеңештерге шайлоо менен бирге Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүү чечимдери кабыл алынды. Президент Алмазбек Атамбаев шаардык кеңештерге шайлоо жөнүндө жардыкка жана “Референдум дайындоо жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Мына ошону менен 11-декабрда шайлоо жана референдум бир мезгилде өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдөгү 22 шаардык кеңештерге шайлоо болот. Ал кеңештердин бардыгына КСДП гана талапкерлерин толук көрсөттү. Ал эми “Республика-Ата Журт” партиясы 21 шаардык кеңештерге ат салышат. Бул партия болгону Кемин шаардык кеңешине гана талапкерлерин көрсөткөн эмес. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы да дээрлик бардык шаардык кеңештерге катышат. Бул партия Кемин жана Сүлүктү шаардык кеңештерине гана талапкерлерин жылдырган эмес. Оппозициялык “Ата Мекен” партиясы жети шаардык кеңешке гана талакерлерин көрсөткөн. Бийлик тарабынан кысым жана куугунтуктоолорго байланыштуу партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартканын билдирген.

Тажикстан өнүгүү пайдубалын түптөөдө

Узап бараткан жумада кошуна Тажикстан Рогун ГЭСин курууда маанилүү кадам таштады. Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун катышуусу менен Вахш дарыясынын нугу өзгөртүлүп, ГЭСтин плотинасы көтөрүлө баштамакчы. Рогун ГЭСин куруу аракети СССРдин мезгилинде эле башталган. Бирок алдыга жылбай келген.

Акыркы жылдары Тажикстан ГЭСти өз күчү менен куруу аракетин баштап, ага кошуна Өзбекстан кескин каршы чыккан. Маркум Ислам Каримов ГЭСтин, суунун айынан региондо согуш чыгышы мүмкүндүгүн да эскерткен. Ошондуктан ГЭСтин курулушун баштоо аземинде Эмомали Рахмон суу маселесине өзгөчө токтолуп, Тажикстан кошуна өлкөлөрдү эч качан суусуз калтырбайт деди.

Рогун ГЭСи толук курулуп бүтсө 17 млрд киловатт саат электр энергиясын берүүгө жөндөмдүү болот. Кыргызстандын Токтогул ГЭСи баш болгон ГЭСтери жана ТЭЦи 14 млрд киловатт сааттын тегерегинде электр энергиясын өндүрөрүн эске алганда, Рогун канчалык ири ГЭС экенин баамдоого болот.

Тажик өкмөтү ГЭСти куруу боюнча быйыл июль айында италиялык Salini Impregilo SpA компаниясы менен 4 млрд долларга жакын суммага келишим түзгөн. “Азаттыктын” тажик кызматынын маалыматы боюнча, тажик өкмөтү акыркы үч жылда жыл сайын бюджеттен Рогун ГЭСине 2 млрд сомони же 250 млн доллардын тегерегинде каражат бөлүп келатат. Кризиске байланыштуу келерки жылы бөлүнө турган каражат кыскартылып, 150 млн доллар бөлүү чечилген. ГЭСтин акциясын чыгаруу менен 180 млн доллар топтолгон. Ал каражат дагы өзүнүн ролун ойномокчу.

Тажик экономисттеринин эсеби боюнча ГЭСтин курулушу өз ыргагында жүрүшү үчүн 2019-жылга чейин бюджеттен жыл сайын 400 млн доллардын тегерегинде каражат бөлүнүп туруш керек. Аны бюджет тарта албагандыктан, насыя, грант алуу жагы каралууда.

Тажикстандык экономист Зафар Абдуллаев тажик экономисттеринин эсеби боюнча өлкө ГЭСти өз алдынча кура алат дейт:

- Жергиликтүү бир катар окумуштуулар негизи Тажикстан өзү бул ГЭСти кура алат деп эсептеп чыгышкан. Анткени, курулуш баскыч-баскыч менен жүрөт. Дароо эле миллиарддарды коротуу мүмкүн эмес. Ушул тапта биринчи этап катары, дайранын нугун тосуп атышат. Ал эми керектүү техникалар буга чейин сатылып алынган. Турбиналар даяр. Мурда жылына орточо 150 миллионго жакын доллар керектелери эсептелген. Ал эми сууну тосуп, биринчи агрегатты иштетүүгө 500-600 млн доллар сарпталары күтүлөт. Ал эми биринчи агрегат ишке киргенден кийин киреше түшө баштайт. Мына ошондон кийин инвестициялык жагымдуулугу кескин артат.

Тажик өкмөтүнүн мерчеми боюнча, 2018-жылдын аягында Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты ишке кирүүгө тийиш. Экинчи агрегаты 2019-жылы ишке кирет. Ошону менен Рогун электр энергиясын иштеп чыгып, андан аркы курулуш үчүн да каражат иштеп таба баштамакчы. Тажик өкмөтүнүн эсеби, эң башкысы аракети, Рогун ГЭСинин курулушу алдыга жыларын көрсөтүүдө.

Тажикстанга салыштырмалуу кыргыз өкмөтү Камбар-Ата-1 эмес, чакан Жогорку Нарын ГЭСтерин курууга да дарамети келбей турат. Бул чакан ГЭСтер үчүн реалдуу инвестор жок экенин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев парламентте билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлаган.

Жерүй алтын кенин сатуудан түшкөн 100 млн доллар да эмнеге жумшалып жатканы ачык эмес. Мурунку бийлик тушунда курулган Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке кирип, калганы ошол бойдон токтоп турат.

АКШда абдан орчун шайлоо

8-ноябрда Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо болот. Добуш берүүгө саналуу күндөр калганда АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтондун электрондук каттарына байланыштуу иликтөөсүн кайра баштап, шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун ого бетер табышмактантып койду.

ФБРдин башчысы Жеймс Коми иликтөөнү кайра баштаганын жарыялаганга чейин Клинтон атаандашы Дональд Трамптан 6-8% чейин алдыда экенин сурамжылоолор көрсөтүп жаткан. Акыркы кездеги сурамжылоолор болсо эки талапкердин тең келип калганын, айрым учурларда Республикачылардын талапкери Дональд Трамп минималдуу болсо да алдыга чыкканын айкындоодо.

Клинтон менен Трамп.

Клинтон менен Трамп.

Хиллари Клинтон жана Демократиялык партиянын лидерлери ФБР шайлоого аз калганда иликтөөнү кайра баштап, шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүнү көздөдү жана муну менен мыйзам бузду деп айыптады. Клинтон айым ФБРга кайрылып, Дональд Трамптын Орусия менен коммерциялык байланышы тууралуу да бардык маалыматтарды ачыка чыгарууну талап кылды. Хиллари Клинтондун шайлоо штабынын башчысы Робби Мук Жеймс Комиге талап койду:

- Эгер президенттик талапкерлерге карата маалыматтарды ачыкка чыгаруу ниетиңиз болсо, кандай маалымат болсо анын баарын жарыялаңыз. Дональд Трамп боюнча жана анын Орусия менен байланышы тууралуу бардык маалыматты ачыкка чыгарыңыз. Балким азыр анын салыктары тууралуу иликтөө жүрүп жаткандыр. Мен үчүн таң калычтуу болду. Эл Дональд Трампка тиешеси бар иликтөөлөр тууралуу сураганда алар эч унчугушпайт. Протоколго таянып туруп алышат. Хиллари Клинтонго келгенде андай кылышпайт. Бул маселени биз жараткан жокпуз. Жеймс Коми өзү бул эшикти ачты. Биз болгону андан бардыгына бирдей мамиле кылууну талап кылып жатабыз.

Дональд Трамп Хиллари Клинтондун электрондук каттарына байланыштуу жаңжалды атактуу Уоттергейттен өткөн чоң жаңжал деп, Клинтонду Сирия, Иракта, Ливияда согуш баштаган, “Ислам мамлекети” террордук тобунун пайда болушуна салым кошкон деп айыптап келатат. Бейшемби күнү Трамп Хиллари Клинтон президент болсо үчүнчү дүйнөлүк согушту баштайт деп айыптады:

- Бүгүнкү күн ал Сирияда согуш баштап, ядролук куралы бар Орусия менен чатакташууну көздөөдө. Бул үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келет. Билип койгула, президент Путин аны эч качан урматтаган эмес, урматтабайт жана жактырбайт. Ал Обаманы да урматтабайт жана жактырбайт.

Дональд Трамп ошондуктан 30 жылдан бери келаткан саясатчылардын кол үзүүгө үндөдү.

Жалындаган Жакынкы Чыгыш

От күйүп турган Жакынкы Чыгыштагы Мосул жана Алеппо шаарларында согуштук аракеттер уланууда. Узап бараткан жумада Ирак армиясынын атайын бөлүктөрү Мосул шаарынын жака-белиндеги кичи райондорго кирип барганы кабарланды. Ал эми Алепподо Орусия 4-ноябрда дагы он саатка гуманитардык тыныгуу жарыялады. Ал убакыттын ичинде куралдуу топторго жана тынч жарандарга Алеппонун чыгышынан чыгып кетүүгө коридор берилди. Бирок жоочулар эч кайда чыкпасын билдирүүдө.

Алеппонун айланасындагы кырдаалды Орусия жана Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары Валерий Герасимов жана Хулуси Акар Москвада талкуулашты. Кызыкчылыктары карма-каршы келген Москва менен Анкаранын Сирияда бир пикирге келиши кыйын болуп турат.

Түркия узап бараткан жумада ички жана тышкы саясатында бир нече катаал кадамдар жасады. Тышкы саясатта Ирак чек арасына жакын жерге танк, артиллериясын жайгаштырып, Мосул шаарында операция өткөрүүгө даярдыгын билдирип, расмий Багдаддын кескин каршылыгын жаратса, ички саясатта оппозициялык "Жумхуриет" гезитинин редакторун баш кылып, бир нече журналистти, жетекчилерди кармады. Түркия парламентинде фракциясы бар күрттөргө жакын Элдик демократиялык партиянын лидерлери Селахиддин Демирташ жана Фиген Юксекдаг да камакка алынды. Аларга тыюу салынган, террордук деп саналган Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар деген айып коюлууда. Депутаттар ошондой эле тартип коргоо органдарынын талабы менен келип көрсөтмө бербегени үчүн кармалганы да айтылууда.

Селахиддин Демирташ менен Фиген Юксекдаг.

Селахиддин Демирташ менен Фиген Юксекдаг.

15-июлдагы Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу жана парламенттин чечимине ылайык депутаттардын кол тийбестиги алынган. Демирташ жана Юксекдагдын кармалышы менен күрттөр көп жашаган Диярбакыр регионунда 4-ноябрда эртең менен терракт жасалып, андан сегиз киши өлүп, жүздүн тегерегинде жарадар болду. Түрк бийлигинин катаал чечимдери өлкөнү андан бетер будуң-чаңга салбайбы деген чочулоолор жок эмес.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG