Жогорку Кеӊеш депутаттары бүгүндөн тарта жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушат. Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, алар 9-декабрга чейин аймактарда иш алып барышат. Элди кыдырып чыгууну өткөн аптада парламенттик фракциялар жана бир катар депутаттар сунуштаган. (NT)