Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Украина чатагын жөнгө салууга Кытай киришеби?


Кытай лидери Си Цзинпин жана Украина президенти Петро Порошенко.
Кытай лидери Си Цзинпин жана Украина президенти Петро Порошенко.

Давос дүйнөлүк экономикалык форумунда Кытай лидери менен Украина президенти жолугушту. Анда Си Цзинпин Украинадагы кризисти саясий жол менен чечүүдө конструктивдүү роль ойноого ниетин билдирген. Дүйнөнүн экинчи экономикалык державасынын Москва менен Киев ортосундагы чатакты жөнгөрүүгө чама-чаркы канчалык?

17-январда Швейцариядагы экономикалык форумда Кытай лидери Си Цзинпин менен Украина президенти Петро Порошенко жолугушту. Анда Украина президенти Кытай Донбасстагы кырдаалды жөнгөрүүгө жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн камсыздоого, анын ичинде Крымды кайтарууга салым кошоруна үмүт арткан.

Кытай лидери Си Цзинпин өз кезегинде Украина кризисин чечүүдө Кытай конструктивдүү роль ойноого даярдыгын билдиргени кабарланды.

Бээжиндин украин маселесин чечүүгө жардам берүүгө даярдыгы 20-январдан тарта президенттик кызматка кирише турган Дональд Трамптын тушунда Украина маселеси боюнча АКШнын ролу кыскарат деген мезгилге туш келүүдө. Анткени Трамп Орусия менен мамилеге көбүрөөк маани берип жатканы маалым.

Буга чейин Кытай Орусиянын Крымды аннексиялоосуна жана Чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдоосуна байланыштуу чатакка аралашууга кызыкдарлыгын анчалык көрсөткөн эмес. Ал кайсы бир тарапты ачык колдоого барбаган.

Бээжин расмий түрдө Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сыйларын айтып, ошол эле учурда батыш өлкөлөрү Орусиянын коопсуздук боюнча мыйзам ченемдүү тынчсызданууларын эске алышы керек деген.

Кытай көптөгөн эл аралык маселелерде пикирлеш болгон Москваны иренжитип алуудан чочулап келет. Украина боюнча Орусия менен батыштын ортосундагы келишпестикте да мына ошондой позицияны карманган.

Украинадагы “Гардарик” талдоо борборунун башчысы Константин Матвиенко Кытайдын Украина чатагын жөнгөрүүдөгү ролун жогору баалады:

- Кытай улуу ядролук мамлекет. Кытай Украинанын аймактык бүтүндүгүн кепилдеген Будапешт меморандумуна кошулган. Ал ошондой эле Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү. Ошондуктан эл аралык укуктук алкактан алганда бул абсолюттук реалдуу кырдаал жана реалдуу мүмкүнчүлүк. Мунун баары Кытайдын саясий эркине жараша болот. Эгерде Кытайдын биринчи жетекчиси андай эркти билдирип жатса, анда биз аны кубаттайбыз.

Константин Матвиенко Европа Биримдиги жана АКШ жарыялаган экономикалык санкцияларга Кытай кошулса, анда Орусияга өтө катуу таасир этүүчү шарт түзүлөрүн кошумчалады. Бирок Кытайдын андай кадамга баруусу суроо экенин Матвиенко белгилеп кетти.

Орусиялык эксперт Павел Фельгенгауэр Украина чатагын жөнгөрүүдө Кытайдын Орусияга таасир эте аларынан күмөн санайт:

- Азыркы шартта Кытай олуттуу таасир эте албайт деп ойлоймун. Бул эми сыпайыгерчилик үчүн айтылган сөз деймин, Кытайдын бул жерде мүмкүнчүлүгү жок. Бери дегенде, Кытай Москвага эч кандай басым көрсөтпөйт.

Фелгенгауэрдин пикиринде, Кытай глобалдык роль ойноого аракеттенет. Бирок бул жерде Кытайдын таасир этүүчү олуттуу рычагдары жок. Эгерде кандайдыр бир аракетке барса, анда ал өзү башка тармактарда андан олуттуу жоготууларга учурап калышы ыктымал.

Орусиялык эксперт Жапониянын Орусияны Кытайдан алыстатуу саясатын белгилеп, АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын администрациясы да ушул багытта саясат жүргүзөрүн эске салды. Азия регионундагы Кытай аралашкан маанилүү келишпестиктер шартында жана ага байланыштуу АКШнын жаңы администрациясы менен тирешүү мүмкүнчүлүгү жаралып турганда, Кытай Орусияны ачууланткан кадамдарга барбайт дейт Фельгенгауэр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG