Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 09:01

Узап бараткан жумада президенттин сөзүнөн кийин маалымат каражаттарына миллиондогон сомдук доо коюлду. Бишкек жыйынында орус-беларус өкмөт башчылары кайым айтышты. Корей жарым аралы көп түйшүктүн борборуна айланды.

Таарыныч сөздөр айтылган сыйлоо аземи...

6-мартта президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Сыйлоо аземинде ал парламент, “Ата Мекен” партиясы жана маалымат каражаттары, анын ичинде “Азаттык” радиосун катуу сындап өттү. Президент Жогорку Кеңешти ушактын уюгу, “Азаттыкты” аны таратуучу деп айыптаса, “Ата Мекен” партиясын “сасыган” партия, лидерин "мародер" жана "коррупционер" деп атады. Мына ушундай абалда парламенттин тарап кеткени оң деди:

- Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев өзүнүн кесиптештерине кайрылып айтты “тарап эле кетпейлиби” деп. Ал го мына бул мародер акесине күйүп-бышып, жардам берейин деп сүйлөдү. А бирок мен анын сунушун колдойт элем. Депутаттарга да кайрылат элем, урматтуу депутаттар, карга карганын көзүн эч качан чокубайт, эми эл бузарларды, мародерлорду тайраңдатып коюп, балыктай болуп, тымпыйып отурганча тарап эле кетпейсиңерби Бакыт Төрөбаевди колдоп.

Президенттин 6-марттагы сөзүнүн артынан күтүлгөндөй реакциялар жасалды. Башкы прокурор миллиондогон сомдук доо менен “Азаттык” радиосун, “Заноза”, “24.kg” маалымат сайттарын жана “Ата Мекендин” юристтерин сотко берди. КСДП фракциясы Жогорку Кеңеште бейшемби күнү үн катып, президентти коргоого аракет жасады. Өмүрбек Текебаевдин абакка салынып, оозунун жабылышы аларга бул жагынан оңтойлуу шарт түзүп берди.

“Ата Мекен” партиясы жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү президенттин айыптоолоруна карата реакция жасады. “Ата Мекен” партиясы соттун чечими чыга электе президент Текебаевди “мародер” жана “коррупционер” деп атоо менен Конституциянын 26- беренесин бузду деп, сотко кайрылды. “Ата Мекендин” адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, алар президентке акчалай доо койгон жок. Болгону сөзүн төгүндөөсүн мажбурлоону талап кылды:

- Сотко койгон талабыбыз: 6-марттагы президенттин сөздөрүн чындыкка дал келбейт жана “Ата Мекен” саясий партиясы, анын лидери Өмүрбек Текебаевдин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишмердик беделин кемсинтет деп эсептеп, аларды Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин он төрт күндүн ичинде мыйзам чегинде төгүндөөсүн мажбурлоону суранып жатабыз.

Жарандык активисттер да президенттин сөздөрүнө баа берүүгө Жогорку Кеңеш жана Башкы прокуратураны үндөштү.

Текебаевди колдогон акция.

Текебаевди колдогон акция.

Жогорку Кеңешти таратуу демилгеси болсо парламентте колдоо тапкан жок. Тарап кетүүдөн, андан да эң башкысы кийинки парламентке илешүү машакатынан жана чыгашасынан чочулаган КСДП фракциясынын мүчөлөрү тароо демилгесин көтөргөн “Өнүгүү” фракциясын жарга такап, сөзүңөргө тургула, мандаттыңарды таштап кеткиле деп чыкты.

Орусия менен Беларустун келишпегени...

7-мартта Бишкекте Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити болду. Ага Беларус, Орусия, Армения, Казакстан жана Кыргызстан өкмөт башчылары катышты. Өкмөт башчылар жыйынында биримдиктин алкагында соода-экономикалык кызматташуу талкууланып, он документке кол коюлганы кабарланды.

Бишкек саммити Орусия менен Беларустун өкмөт башчыларынын кайым айтышуулары менен өзгөчөлөндү. Эки союздаш өлкө Бишкек жыйынына чейин эле газ жана мунайга баа боюнча келише албай жаткан. Өзгөчө Беларус бийлигинин Москвага карата нааразылыгы катуу болуп, президент Александр Лукашенко Орусия лидерлерине карата ачуу сындарды айткан.

7-мартта Бишкек жыйынында Беларус өкмөт башчысы Андрей Кобяков президенти Лукашенконун Москвага сынын андан ары улантты:

Андрей Кобяков (ортодо).

Андрей Кобяков (ортодо).

- Бүгүнкү күнү Евразия экономика биримдигинин алкагында түзүлгөн укуктук база аткарылбай жатат. Мына ушуга байланыштуу биз Орусия чектөө киргизген мунай-газ тармагындагы маселенин чечилбей жатканына кабатыр экенибизди билдиребиз. Мындагы эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуунун шарттары сакталбай жатканын белгилейбиз. Бирок ошого карабастан Евразиялык экономикалык комиссия эч кандай чара көрбөй жатат. Ошондон улам ар кандай жаңы тоскоолдуктар жана чектөөлөр кирип жатат.

Беларус өкмөт башчысынын мындай арыз-муңун же дооматын орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кескин четке какты:

- Жол берилгис кырдаал пайда болуп жатат. Мындай абал опузалоо менен барабар. Биримдиктин укугунан кыянатчылык менен пайдалануу кабыл алынбайт. Союзга кирген мүчө мамлекеттердин бардыгы кызматташтык боюнча бир топ жеңилдиктерди алышканына көңүлүңүздөрдү бурат элем. Мисалы, Орусиянын эмгек рыногу кенен ачылды. Ошондой эле бул уюмга кирбеген болсоңуздар азыр газды европалык баада сатып алмаксыздар.

Дмитрий Медведев (солдо).

Дмитрий Медведев (солдо).

Евразия экономикалык биримдигинде эмгек базарынын эркин болушу Кыргызстандын биримдикке киришиндеги көзгө көрүнөрлүк пайда болуп жатат. Анткени Орусияда кыргыз эмгек мигранттарына шарт бир топ жакшырганы белгилүү.

Бирок биримдикте соода-экономикалык кызматташуулар өрдөп кете албай турат. Өзгөчө соода жагы аксоодо.

Маселен, Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигине эми гана кирген жылга караганда 2016-жылы биримдикке мүчө өлкөлөр менен соодасы -19% кыскарган. Кыргызстан биримдиктин ичиндеги соодасынын 97% Орусия жана Казакстан менен жүргүзгөн. Ал эми Беларус жана Арменияга калган 3% гана туш келет.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр менен соодасынын кыскаруусун эки-үч жагдай менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиси - мунай жана газга баанын арзандоосунан пайда болгон Орусия жана Казакстандагы экономикалык кризис. Ал кризис жалпы биримдик алкагында каатчылыктын негизги булагы болуп калды. Бирок Орусия өткөн жылдын соңунан баштап кризистен чыгып, быйылкы жылы минималдуу өлчөмдө болсо да өсүшкө багыт алып жатат. Экинчиси - Кыргызстандын өндүрүш тармагынын алсыздыгы, атаандаштыкка туруштук бере албашы болсо, үчүнчүсү - республиканын фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларынын даяр эместиги, товарларды ЕАЭБдин стандарттарына ылайык сертификациялоо жолго коюлбаганы себеп болгондой.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, быйылкы жылды өлкөнүн экономикасы өсүү менен баштаган. Маселен, январь айында ИДП Кумтөрсүз 3.6%, Кумтөрдү кошо эсептегенде 5.4% өскөн. 2016-жылы январь айында 2015-жылдын январына салыштырмалуу дээрлик -10% төмөндөө болгон эле.

Экономикадагы дурус көрсөткүчтөрдү, биринчиден Кумтөрдүн жакшы иштеши жана Токтогул суу сактагычында жетиштүү суунун бардыгы менен байланыштырууга болот. Быйылкы жылдын биринчи айында энергетика тармагы 12.4% өсүш берип, жалпы көрсөткүчтөрдү алдыга сүйрөөгө салым кошкон.

Корей жарым аралындагы окуялар

Узап бараткан жумада Түштүк жана Түндүк Корея мамлекеттерине көңүл бурулду. Түштүк Кореяда парламент жана Конституциялык сот президент Пак Кын Хени биротоло кызматтан кетирүүнү чечсе, Түндүк Корея 6-мартта Жапонияга карай төрт баллистикалык ракета атуу менен чуу салды. Пхеньян аткан төрт ракетанын үчөө бир миң чакырымдай жерге учуп барып, Жапониянын сууларына келип түшкөн. Түндүк Кореянын ракеталарынын мындай алыска жетүү мүмкүнчүлүгүн АКШ жана Жапония Пхеньяндан келип жаткан коркунуч таптакыр башка деңгээлге өттү деп баалашты.

Пак Кын Хе.

Пак Кын Хе.

Түндүк Кореянын ракета сыносунан бир күндөн кийин АКШ Түштүк Кореяда абадан коргонуу системасын орното баштады. АКШ жана Түштүк Кореянын мындай аракетин Пхеньян эле эмес, Кытай жана Орусия да сындап келген.

Кытай АКШнын абадан коргонуу системасын орнотуусу региондогу күчтөрдүн балансын бузат деп эсептейт. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 8-мартта Корея жарым аралындагы абалды жеңилдетүүнүн жолун сунуштады:

- Биринчи кадам, Түндүк Корея ядролук активидүүлүгүн, АКШ жана Түштүк Корея кеңири масштабдагы аскерий машыгууларын токтотууга тийиш. Эки тарап тең токтоп, азыркы түзүлгөн коопсуздук дилеммасын бузбай, бардык тараптар сүйлөшүүнү кайра жандантууга аракет жасашы керек. Андан кийин эки жолдуу стратегияга таянып, жарым аралды ядролук куралдан тазалоо жана бардык тараптын тынчсыздануусун чече турган механизмди түзүүгө кирише алабыз.

Ван И.

Ван И.

Бирок Кошмо Штаттар Кытайдын сунушун кабыл алган жок. Вашингтон Улуттар Уюмунун чечимдерин бузган Түндүк Кореянын аракеттери менен АКШ жана Түштүк Кореянын коргонуу максатында 40 жылдан бери ачык-айрым өткөрүп жаткан аскерий машыгууларын бирдей кароого жана салыштырууга болбойт деди. АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Ким Чен Ынды сүйлөшүүгө болбой турган адам деп, бирок Түндүк Корея боюнча бардык чаралар, анын ичинде сүйлөшүү да стол үстүндө экенин билдирди.

Дүйнөлүк дипломатия Москвага бурулду

Дүйнөлүк саясаттын учугу 9-10-мартта Москвага чогулду. Бул күндөрү Түркия, Израиль лидерлери, Германиянын тышкы иштер министри Москвага келип, орус президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Израиль лидери Беньямин Нетаньяху президент Путин менен сүйлөшүүдө Сирияда Иран жана ага жакын күчтөрдүн күчөшүнө жол бербөөгө басым жасаса, Германия министри Зигмар Габриэль Германия-Орусия мамилесинен сырткары Украина маселесине басым жасаганы кабарланды.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен президент Владимир Путиндин сүйлөшүүсү бир топ кеңири маселелерди камтыйт. Ал Сирия фронтунда кызматташуудан сырткары, эки ортодогу ири энергетикалык долбоорлор жана соода-экономикалык кызматташууларды мурунку калыбына келтирүү маселелери. Түрк президенти жолугушуу алдында биз экономика, соода, аскер жана коргонуу өндүрүшүндө кызматташууда алдыга кадам таштарыбызга ишенем деди. Энергетика тармагында Орусия менен Түркия Акую атомдук электр станциясын куруу, газ куурун тартууда кызматташууда. Коргонуу жагын алганда, түрк маалымат каражаттарынын жазуусу боюнча Анкара Москвадан С-400 абадан коргонуу системасын сатып алууга кызыкдар болуп жатат.

Түрк президентинин айтымында, Москва сүйлөшүүсү 2015-жылы Түркияда орус учагы атып түшүрүлгөндөн кийин бузулган мамиле калыбына келтирилгенин көрсөттү.

Кошмо Штаттарды болсо, Викиликстин жаңы материалдары чууга салды. Бул интернет булакка ЦРУнун телефон, гаджет, компютер, ал эмес телевизорлор аркылуу тыңшоо мүмкүнчүлүктөрү жарыяланып, Сноуден эффектисин кайра жараткандай болду.

ЦРУнун жашыруун тыңшоолоруна байланыштуу бул жаңжал чыкканга чейин президент Дональд Трамп ал талапкер болуп жүргөн мезгилде Барак Обаманын буйругу менен жашыруун тыңшоолорго кабылганын билдирген эле. Трамп ал тыңшооолорду иликтөөгө Конгрессти чакырды. Буга чейин Трамп жана анын командасы Орусия менен байланышы үчүн ур-соккуга алынып келсе, эми Трамп “топту” демократтар тарапка өткөрүп, Обаманын командасын мыйзамсыз тыңшоо боюнча айыптады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG