Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 20:00

Апта: Элчилер аркылуу эскертүү, көбөйгөн соттошуулар


18-мартта саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүшүндө тартылган сүрөт.

18-мартта саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүшүндө тартылган сүрөт.

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев элчилердин ишеним катын алып жатып журналисттерди кескин сынга алды. Быйыл Аксы окуясына 15 жыл болду. Түркия менен Нидерланд дипломатиялык курч кайым айтышууга барды.

"Элчилер, силерге айтам, журналисттер, силер уккула..."

15-мартта президент Алмазбек Атамбаев Индия, Эфиопия, Ооганстан, Кот-Д'Ивур жана Латвия элчилеринен ишеним грамотасын алууда күтүүсүздөн ички саясий абалга, тагыраак айтканда журналисттер менен мамилеге басып жасады. Анда президент жергиликтүү жана орусиялык бир катар журналисттерди кескин сынга алды. Сындалгандар арасында “Азаттык” радиосу, “Заноза” сайты, журналисттер Кабай Карабеков, Нарын Айып, Дина Маслова, Улукбек Бабакулов, Замира Сыдыкова жана Бегалы Наргозуев, орус журналисттеринен Даниил Кислов жана Александр Широков болду.

Буга чейин кыргыз бийлиги орус журналисти Григорий Михайловду өлкөдөн чыгарган эле. Ага Бишкектеги орус элчиси Крутько билдиргендей, Михайлов Кыргызстанда убагында каттоого турбаганы себеп болду.

Президенттин ар-намысын коргоо алкагында “Азаттык” жана “Занозага” көп миллион сомдук доо коюлду. Сот “Занозанын” журналисти Нарын Айыптын Бишкектеги батирин камакка алуу боюнча аныктама чыгарганы да белгилүү болду. Нарын Айып коюлган доолор тууралуу буларды айтты:

- Бул үчүнчү доо арыз болуп жатат. Мага, фондго, анан “Занозанын” өзүнө. Үчөөбүз жоопкер болуп жатабыз. Бирөө боюнча 3 млн, экинчиси боюнча 3 млн, бул боюнча 6 млн сом болуп жатат.

Президент элчилер алдындагы сөзүндө бул журналисттер ушак-айың таратуу менен алектенүүдө, алардын максаты шайлоо алдында өлкөдө саясий туруксуздук орнотуу деди. Ал ошондой эле журналисттерди чынчыл жана туура маалыматтарды таратууга чакырды.

Бийлик менен журналисттер ортосунда келишпестиктерге байланыштуу, эки тарапты диалогго чакыруу максатында 16-мартта Бишкекте талкуу уюштурулду. Бирок бийлик өкүлдөрү ага келген жок. Талкууда “Медиа полиси институтунун” юристи Алтынай Исаева Кыргызстан мыйзамдарына ылайык, коомчулукка ачык жарыяланган маалыматтар үчүн журналисттер эмес, ал маалыматты айткандар жооп бериши керектигин белгиледи.

Оппозиция жана журналисттер жообу

Оппозиция өкүлдөрү да президент Алмазбек Атамбаев жана мамлекеттик маалымат каражаттары соттун чечими чыга элек туруп, оппоненттерди каралап, жамандап жатат деп айыптап, сотко кайрылган. Президенттин 6-мартта мамлекеттик сыйлык тапшыруу учурунда “сасыган” партия, “мародер” деген сөздөрү боюнча "Ата Мекен" партиясынын доо арызын Биринчи май райондук соту 23-мартта кароону белгиледи. “Ата Мекен” партиясынын юристтери ошондой эле “Белизгейт” боюнча да президент Алмазбек Атамбаев, УКМК башчысы Абдил Сегизбаев жана КТРКнын башчысы Илим Карыпбековго каршы доо арыз даярдап жатат. Бул тууралуу партия юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

“Ата Мекен” фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңеште бийлик өзү ушактын башында туруп жатат деди:

- Мына КТРди көрбөй жатасыңарбы? Башка массалык маалымат каражаттарын көрбөй жатасыңарбы? Президент өзү баш болуп, президенттин аппарат башчысы баш болуп, саясий оппоненттерин кемсинтип, ушактап жатса Шадиев баш болуп эч ким көрбөйт. Адилеттүү болобуз десек, алып чыгып талкуулайлы. Туура, ушакты сүйлөбөш керек. Калпты айтпаш керек. Соттун өкүмү чыкмайынча эч кимди күнөөлөбөш керек.

Президент журналист “сөрөйлөр” деп атаган Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев жана Улукбек Бабакулов президентке кайрылуулар менен чыкты. Замира Сыдыкова президенттин сөздөрүн адепсиздик деп атаса, Улукбек Бабакулов элчилер алдында жергиликтүү журналисттерди жамандоону бери дегенде орунсуз деп баалады. Бегалы Наргозуев акыркы 20 жылда Кыргызстанда калыптанган сөз эркиндигин чектеп, "Кокон хандыгын" курууга аракет жасап жатат деп бийликти сындады.

Аксы окуясына 15 жыл

Узап бараткан жумада Кыргызстанда Аксы окуясынын 15 жылдыгы белгиленди. Президент Алмазбек Атамбаев 17-мартта Бишкекте эстеликке гүл коюп, кайрылуу жасады. Ал эми өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков Аксыга барып, эскерүү иш-чарасына катышты.

Оппозициялык көз караштагы саясатчылар Аксынын Кара-Жыгач айылында эл менен өзүнчө жолугушту. Ал жердеги жыйында кабыл алынган чечимде ыңкылаптар максатына жетпегени белгиленип, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткара албагандыктан аны 10-апрелге чейин таратуу, өткөн жылы май айында кармалган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Марат Султановду бошотуу жана быйыл февралда кармалган Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү талаптары коюлду. Кара-Жыгачтагы жыйынга саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, парламент мүчөсү Каныбек Иманалиев, экс-губернатор Эмилбек Каптагаев катышты.

17-мартта Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Ош-Бишкек жолун жабууга аракет жасап, милиция менен түртүшүү жана тартышууларга барды. Митингчилер алдында парламент мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев жана мурунку депутат Эркин Булекбаевдер сөз сүйлөдү.

Оппозиция лидерлери жакынкы күндөрү Жалал-Абад жана Таласта элдик жыйындарды өткөрүүнү макулдашканы кабарланды. Белгилүү болгондой, 24-мартта Кыргызстанда 2005-жылдагы март ыңкылабынын 12 жылдыгы, андан кийин апрель ыңкылабынын 7 жылдыгы белгиленет.

Кадрдык өзгөрүүлөр

Узап бараткан жумада бийлик маанилүү кадрдык өзгөртүүлөр жасады. Ысык-Көлдөгү өкмөттүн өкүлү Аскат Акибаевдин ордуна Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев дайындалды. Жылкыбаевдин ордуна парламентке Икрам Илмиянов келмек. Бирок Икрамжан Илмиянов жана кезекте андан кийин турган Абдыманап Кутушев КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгуу үчүн арызын жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал талапкерлердин арызы келе жаткан жумада БШК мүчөлөрүнүн жыйынында караларын айтып, азыркы тапта чечим кабыл алына электигин билдирди.

КСДП партиясынын тизмесинде Икрамжан Илмиянов 50-орунда жана Абдыманап Кутушев 51-катарда турат. Бул экөөнүн арызын БШК канааттандырса, тизме боюнча кезек 52-саптагы Аида Касымалиевага келет.

КСДПнын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинде 53-орунда Азиз Суракматов, 54-Өмүрбек Бакиров турат.

"Вечерний Бишкектин" уланган иши

17-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү “Вечерний Бишкек” гезитинин мурунку кожоюну Александр Кимди камакка алууга келгени кабарланды. “Заноза” сайтынын маалыматы боюнча Александр Кимди камакка алууга жети киши келип, ага козголгон кылмыш иши жана эч кайда чыкпоо тууралуу тил каты бар экенин билдирген. Бирок Ким өзү эч кандай тил кат бербегенин жана ага кылмыш иши козголбогонун айтып жатат. Александр Ким 22-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгына келе турганы жөнүндө милдеттенме жазып бергенден кийин гана тергөөчүлөр кетишкен.

2015-жылы Александр Кимден “Вечерний Бишкек” басылмасы соттун чечими менен алынган. Ким аны рейдерлик деп атаган.

Оппозиция менен бийлик өкүлүнүн дагы бир тирешүүсүндөгү соттук иш 15-мартта жыйынтыкталды. Бул күнү Бишкектеги Биринчи май райондук соту Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун Өмүрбек Текебаевге каршы доо арызын канааттандырды. Сот Текебаевди Ибраимовго 1 млн сом төлөөгө милдеттендирди.

Албек Ибраимовду азыр президент Алмазбек Атамбаев салып жаткан, мурда “Дастан” заводуна тиешелүү болгон жер тилкесин коррупциялык жол менен алды-сатты жасаган деп Өмүрбек Текебаев айыптаган эле. Ибраимов аны сотко берген. Текебаевдин адвокаттары Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирди.

Сөз эркиндигин коргоо жүрүшү

18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон тынчтык жүрүшү болду. Алар бийликти сөз эркиндигин чектебөөгө үндөгөн жазууларды, шарларды жана желектерди кармап басышты. ​Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталган жүрүш Байтик баатыр көчөсү менен ылдый уланып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды. Иш-чарага парламент депутаттары, саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана жарандык активисттер болуп, жүзгө жакын адам катышты.

Бул жүрүшкө чыккандардын ичинен милиция бир канча адамды кармап, алардын ичинен беш адамды беш күнгө камады. Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүнкү жөө жүрүш учурунда кармалган активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаранды убактылуу кармоочу жайга беш күнгө камоо чечимин чыгарды.

Түркия-Нидерланд дипломатиялык жаңжалы

Узап бараткан жума дүйнөлүк саясатта Түркия-Нидерланддын дипломатиялык чабышы көңүл борборунда болду. Украинада темир жол блокадасына автоунаа жолдорун да блокадага алуу кошулуп, Киев менен жикчил эки региондун келишпестиги дагы тереңдеди. Кошмо Штаттарда президент Дональд Трамп бийликке келгенден кийинки биринчи бюджетин даярдады.

Түркия менен Голландиянын ортосундагы келишпестик Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосундагы акыркы кездердеги татаалдашкан келишпестиктерге барып такалат. Өткөн жылдагы куралдуу кутум аракетинен кийин Түркия президенттик бийлик системасын орнотууга багыт алган. Түркия парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө добушун берип, эми ал 16-апрелде жалпы элдик референдумда бекитилүүгө тийиш. Мына ошол референдумга түрк бийлиги Европа Биримдигинде жашаган өз жарандарына үгүт иштерин жүргүзүүнү көздөгөн. Бирок ага Германия жана Нидерланд бийликтери уруксат берген жок. Нидерландияга Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун келишине коопсуздукка байланыштуу деп жол берилбесе, Үй-бүлө иштери жана социалдык саясат боюнча министри Фатма Бетул Саян Кая Нидерланддан чыгарылды. Ал эми министр менен жолугушууга чогулган элди тартип сакчылары ит менен кубалап, суу чачып таратты. Түркия жетекчилиги муну кескин айыптап, батышта нацизм тирүү экен деп баалады. Президент Режеп Тайып Эрдоган буларга токтолду:

- Соңку бир нече күн Батыш анык жүзүн көрсөттү. Окуялар башталганда бул фашисттик басмырлоо деп айттым. Мен нацизм өлгөн деп ойлогом. Андай эмес экен, нацизм Батышта жоголбоптур, мен жаңылыптырмын.

Германия жана Голландия бийлик башчылары батышты нацизм менен салыштыруу кабыл алынгыс экенин эскертти. Мына ушул жаңжалдан кийин Түркия Нидерланддын Анкарадагы элчисин келбей эле койсун деген чечимин чыгарды. Европа Биримдиги түрк бийлигинин конституциялык реформасын, өткөн жылы кутумдан кийин кабыл алынган чараларды катаал деп сынга алууда. Ошондой эле Анкара сөз эркиндигине кысым көрсөтүүдө деп атоодо.

Украинада блокада күчөдү

Украинада болсо кырдаал татаалдашуу жагына ооду. Расмий Киев жикчил региондорго автомобилдик каттоону толук токтотту. Өткөн айдан бери улутчулдар жикчил региондор менен темир жол каттамын блокадага алып келаткан эле. Кырдаалдын начарлоо жагына оошуна президент Владимир Путиндин жикчил регион бийликтери чыгарган документтерди таануу жөнүндөгү буйругу себеп болгону айтылууда. Украин улутчулдары ошондой эле Украинадагы Орусия банктарынын иштерин да тосмолоого алышты. Алар жикчил региондорду колдоодо деп айыпталышты. Улутчулдар артынан Украинанын коопсуздук жана коргонуу кеңеши Орусиянын беш банкына санкция жарыялады. 2-майда Германия канцлери Ангела Меркелдин Москвага барары кабарланды. Киев менен Москванын чатагында негизги ортомчулук ролду аркалап жаткан Германия лидери Москвада бул жаңжалды чечүүнүн жолун издемекчи.

Ал эми Украинанын негизги колдоочусу Кошмо Штаттар учурда көбүнчө ички иши менен убара. Президент Дональд Трамптын миграция боюнча экинчи буйругун да сот токтотту. Гавайи штатынын соту президенттин 6-марттагы буйругу Конституцияга каршы келет деп 15-мартта чечимин чыгарды. Президент Трамп соттун чечимин бийлигинен аша чапкандык деп, буйругунун мыйзамдуулугун далилдөө үчүн Жогорку Сотко чейин барарын билдирди.

АКШ президенти ошондой эле 16-мартта келерки жылдын бюджетин сунуштады. Анда тышкы саясат жана айлана чөйрөнү коргоого каражат кыскартылып, коргоо тармагына 54 млрд доллар кошумча бөлүнөрү кабарланды. Жалпысынан АКШнын 2018-жылга бюджети 3 трлн 800 млрд доллар деп белгиленген. Президент Трамптын бюджет саясаты анын шайлоо өнөктүгү учурундагы “Америка биринчи” деген ураанын аткаруу көздөгөнү айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG