Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Ө. Текебаев президентти сотко берерин билдирди. Өкмөт энергия жана жылуулукка бааларды кескин көтөрдү. Жогорку Кеңештин тарашы мүмкүн экендиги айтыла баштады.

Коррупциянын зыяны элдин эсебинен толтурулабы?

Өкмөт электр энергиясына жана жылуулукка, ысык сууга бааны кескин көтөрүү чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечимге ылайык тарифтер 2010-жылдын 1-январында, андан кийин 2010-жылы 1-июлда көтөрүлөт.

Баалардын биринчи көтөрүлүшүндө, 1 килловат саат электр энергиясы 1 сом 50 тыйын, 2010-жылдын 1-июлунда боло турган экинчи көтөрүлүштө 1 сом 90 тыйын болот. Бул кымбаттоолор жалпы өлкө калкына тиешелүү болмокчу.

Андан сырткары Бишкек жана Ош шаарынын тургундарына тиешелүү кымбаттоолор ысык суу жана жылуулукка байланыштуу болот. Эгерде эки ири шаардын тургундары буга чейин бир гикакалорийге 507 сомдон төлөп келсе, жаңы жылдан тарта 1050 сомдон төлөй баштайт. Ал эми 1-июлдан тарта 2500 сомдон төлөйт. Бул беш эсеге кымбатоо. Бирок бул дагы чек болбойт. Анткени өкмөт кымбаттоолор 10 эсеге чейин болоорун билдирген.

Кымбаттоолордон кийин көп кабаттуу үйлөрдөгү квартиралар канчадан төлөп каларын энергетика министри Ильяс Давыдов
билдирген:

- 1 бөлмөлүү квартирага 10 миң 525 сом, эки бөлмөлүү 14 миң 400 сом, 18 миң 450 сом беш айлык жылытуу сезонуна төлөнө турган болот. Бул баалар бир гикакалорийди 2500 сомдон эсептегенде.

Бирок министрдин сөзү реалдуулуктан алыстай. Анткени азыркы мезгилде бир бөлмөлүү квартиралар аянтына жараша жылуулук үчүн айына 500 сомдун тегерегинде, эки бөлмөлүүлөр 1000-1500 сом, ал эми үч бөлмөлүүлөр 1500-2000 сомдон төлөшөт. Бул баалар беш эсеге көтөрүлгөндө, бир бөлмөлүү квартираларга жылуулук үчүн гана 2500 миң сомдон, эки бөлмөлүү квартира үчүн 7500 сомго чейин, үч бөлмөлүү квартирадагылар 10 миң сомго чейин төлөп калышат.

Бул жагынан алганда Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевдин эсеби реалдуулукка жакын. Анын эсеби боюнча, тарифтер көтөрүлгөндөн кийин жалпы коммуналдык кызмат үчүн ай сайын бир бөлмөлүү квартирага 4420 сом, эки бөлмөгө 6544 сом, ал эми үч бөлмөлүү квартира үчүн 8790 сом төлөнө турган болот. Мэрдин эсеби боюнча бул өтө жакырлардын санын абдан көбөйтөт.

Өкмөт тарифтердин көтөрүлүшүн аргасыздык жана инвесторлорду тартуу зарылдыгы менен байланыштырууда. Өкмөттүн эсебинде Кыргызстанда жылуулук жана электр энергиясына баалар арзан болуп жаткандыктан инвесторлор энергетика тармагына келбей жатат.

Бирок өкмөт мындай чечимге баруу менен мамлекеттин социалдык милдетин такыр унутуп, өкмөт башчы Данияр Үсөнов жалпы элди аны курчап жүргөн байлар катарында эсептеп калгандай. Болбосо 2 миңден 4 миң сомго чейин айлык алган мугалимдер, алардан бир аз көбүрөөк маяна алган бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин тагдырын бир аз эсепке алыныш керек эле.

Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев өкмөттүн чечимин ушул жагынан сынга алды:

-390 миңдей адам бюджеттен айлык алат. Ошолорго 200 сомдой кошулат экен. Алардын да баарына эмес. 5 миң сомго айлыгы жетпегендерге. Кимдер алар? Бул мугалимдер, дарыгерлер. Ошол эле мезгилде министр Давыдов айтып жатпайбы бир сезондо 3 бөлмөлүү квартираларга 16 миң сомго чейин чыгат деп. Аны беш айга бөлгөндө 3600 сомдон келип чыгат экен. Бул абдан чоң акча. Ошондуктан аларга 200 сом чоң жардам бербейт.

Исхак Масалиев электр энергиясына баалардын көтөрүлүшү азык-түлүк жана башка тармактарда кымбаттоолорго алып келерин кошумчалады.

Игорь Чудиновдун өкмөтү 2012-жылга чейин электр энергиясына жана жылуулукка бааны этап-этабы менен көтөрүү программасын кабыл алган. Ал ишке ашырылып жаткан. Бирок быйылкы жылы президенттик шайлоого байланыштуу июль айында баалар көтөрүлбөй калган. Ал эми Курманбек Бакиев шайланып алгандан кийин тарифтерди көтөрүүгө жол ачты.

Тарифтердин ушунчалык асмандашына Максим Бакиев башкарган Өнүктүрүү фондунун башкы өнөктөшү болгон MGN GROUPтун
жетекчилеринин өлкөнүн энергетикалык ишканаларынын директорлор кеңешине кирүүсү жана финансылык агымдарын көзөмөлгө алуусу чоң ролун ойноп жаткандай. Дал ушул компания инвестор болуп, баа көтөрүлгөндөн кийин бөлүштүргүч компанияларды өзү алат же инвестор табышы ыктымал...

Энергетика тармагы мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда да коррупция жана жоготуулардын очогу болчу. Акаев абалдан чыгуу үчүн вице-премьер-министр рангасында атайын кызмат да киргизип көрдү. Бирок Ширшов сыяктуу “энергобарондор” жеңип кетти. Жаңы бийлик келгенден кийин да Ширшовдун энергетика тармагын колдон чыгарган жок.

Кезинде оппозициялык Социал-демократиялык фракциянын энергетика тармагын текшерүү үчүн комиссия түзүп, иликтеп чыгуу аракеттери “Ак жол” фракциясы жана бийлик тарабынан тосмолонуп келген. Өмүрбек Текебаев атаган мына ошол "энергобарондор" талкалаган тармакты эми элдин эсебинен көтөрүү саясаты башталып отурат.

Конституциялык Сот көңүл бурабы?

Өкмөт электр энергиясына жана жылуулукка тарифтердин көтөрүү менен убара чегип жаткан жумада оппозициялык “Ата мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Президент тарабынан Конституцияны бузуу фактыларына байланыштуу Конституциялык Сотко кайрыларын билдирди:

- Эң чоң мыйзам бузуу бул өз бийлигинен ашып, Конституцияны тебелеп-тепсеп жатканы. Эң чоң мыйзам бузуусу катары өкмөттүн бийлигин өзүнө тартып алганы. Андан башка Президенттин институтун түзөм деп, Конституцияда көрсөтүлгөн Президенттик администрациясын четке жылдырып салды. Тап-такыр жаңы уюмдарды түздү.Конституцияда көрсөтүлгөн Мамлекеттик катчы, Коопсуздук кеңеши деген структураларды жокко чыгарып, четке шилеп салды. Мына кечээ күнү Конституцияда көрсөтүлгөн Улуттук гвардия деп аталган биздин аскер күчтөрдүн бир түрүн жоюп салды. Аны кыязы бир тууганы жетектеген Мамлекеттик күзөт кызматынын карамагына өткөрүп берет.

“Ата мекен” партиясынын лидеринин айыптоосуна карата бийлик тараптан жоп боло элек.

Президент башкаруу системасында жасаган өзгөрүүлөрүн Конституцияга туурулап коюуга ушул кезге чейин аракет кыла элек. Жогорку Кеңешке Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорлору келип түшө элек. Бул өз кезегинде бийлик Конституциядагы мамлекеттик түзүлүштүн негиздери каралган биринчи жана адам укуктарын камтыган экинчи главасын да өзгөртүүгө кам көрүүдө деген сөздөрдүн чыгышына себеп болууда.

Анткени дал ошол экинчи главада каралган өлүм жазасына толук тыю салууга “Ак жол” фракциясы каршы чыгууда. Бул фракция шаршемби күнү болгон жыйынында өлүм жазасына тыю салууну караштырган Бириккен Улуттар Уюмунун пактына кошулууга каршы чыгып койду. Конституциянын биринчи жана экинчи главасы жалпы элдик референдум аркылуу гана өзгөртүү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмонов буларды билдирди:

- Азыркы депутаттар Конституциянын беш главасына өзгөртүү киргизиши мүмкүн. Калган эң жалпы принциптер бекитилген
главаларга өзгөртүү киргизе албайт. Аларга өзгөртүү киргизүү демилгесин үч субьект гана көтөрө алат. Алар президент, депутаттардын 3/2 си же 300 миң жаран. Мына ушулар Конституция өзгөртүү боюнча демилге көтөрүп, референдум жарыяланат. Бул норма Конституциянын өзүндө атайын бир бөлүк катары кирген.


Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, өлүм жазасын киргизүү демилгеси менен бийлик референдум жарыялап, ошону менен башка өзгөрүүлөрдү да киргизип алат.

Президент жана бийлик тарабынан Конституциянын бузулуусуна байланыштуу айыптоолорго “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов мындай пикирин билдирген:

- Реформага барган убакта каршылаштар ар кандай ойду айтып чыгышат. Президенттин иш-аракетине азыр оппозиция гана эмес, айрым аткаминерлер да каршы болуп атышат. Анткени бири-бирин кайталаган бүт бардык кызматтар жоюлуп атпайбы. Ошондуктан, таарынычтар, каршылыктар көп, боло берет. Мен айтар элем, бул сөздөрдүн баары – суу кечпеген сөздөр.

Конституциялык сот оппозиция лидеринин арызын кабыл алабы же албайбы азырынча белгисиз.


Жогорку Кеңеш тарайбы?

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жарыяланыш мүмкүндүгүнө жараша Жогорку Кеңештин тараш ыктымалдыгы айтыла баштады.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов Конституцияга өзгөртүү киргизүүдө депутаттардын саны өзгөрсө, анда тароо мүмкүнчүлүгү чыгаарын четке каккан жок:

-Эми Жогорку Кеңеш жөнүндө эмне деп айтылат? Эгерде Жогорку Кеңеш 120 же 130 депутаттан турат деп жазылып калса,
балким ошо кадамга (таркатуу) барыш керек. Бирок өткөөл жоболорго жазылып калышы мүмкүн Жогорку Кеңеш кезектеги шайлоодо шайланат деп. Анда эч кандай жаңы парламенттик шайлоо болбой калышы мүмкүн.

Азыркы Жогорку Кеңешти таркатуу менен бийлик социал-демократтарды саясий оюндан четтетип, анын ордуна бир топ лоялдуу боло турган “Жаңы Кыргызстан”, “Ар намыс” жана “Ак шумкар” өңдүү партияларды парламентке алып келиши ыктымал.

Анын үстүнө социал-демократтар Роза Отунбаеваны фракция лидерлигине шайлоо менен бийликке кескин оппозицияда экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Белгилүү болгондой Роза Отунбаева азыркы бийликти коррупция,непотизм боюнча кескин сынга алып келет.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде эгерде Акүйдөн жаңы парламенттик шайлоо болуш керек деген идея айтылар замат, ал аткарылат. Жаңы парламентке келе тургандар тууралуу Молдалиев мындай дейт:

- Жаштар келет. Азыркы шаардык кеңешке келген жаштардын бир тобу эми бул парламентке келет. Анткени алардын артында турган таасирдүү күчтөр жогорку бийликтерге, жогорку баскычтарга келди. Анан аларды, өз команданы алып келиш керек болууда.

Бирок тарифтер кескин көтөрүлүп, калктын нааразычылыгы күчөп турган чакта кандайдыр бир шайлоо өткөрүү бийлик үчүн оңтойлуу эместиги да айкын. Ошондой болсо өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгелери, Конституцияга өзгөртүүнү парламент аркылуу киргизүү аракетинин байкалбай жатышы жаңы саясий жүрүштөр болоорунан кабар берип турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG