Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:51

Аскердик сот Исмаил Исаковду сегиз жылга кескен Бишкек гарнизондук сот өкүмүн күчүндө калтырды. Кыргыз-орус мамилеси салкындаганын дипломаттар тастыктай баштады. Жаныш Бакиев “Арстан” аттуу атайын багыттагы аскердик тобун түзгөнү маалымдалды.


Исмаил Исаков сегиз жылга кесилди

19-февралда кечке жуук Аскердик сот Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен жана генерал-лейтенанттык аскердик наамынан ажыраткан Бишкек гарнизондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Тилек Абдрашитов башында турган Аскердик соттун коллегиясы өкүмдү прокурорлордун катышуусунда гана окуду. Соттун өкүмүн угууга айыпталуучу генерал Исмаил Исаков келбей койду. Ага чейин адвокат Азимбек Бекназаров жана коомдук коргоочулар судьялар тарабынан алар келтирген өтүнүчтөр канааттандырылбаганына, Жогорку Сотко арыз менен кайрылууга мүмкүнчүлүк берилбегенине жана зарыл күбөлөр чакырылбаганына байланыштуу Тилек Абдрашитов башында турган сотторго ишеним көрсөтпөй залдан чыгып кетишкен.

Адвокаттар менен кошо ондогон Исаковдун тарапкерлери, саясий партиялардын лидерлери, өкмөттүк эмес жана эл уюмдардын өкүлдөрү да чыгып кетишкен эле. Ошондуктан соттук коллегия айыпталуучунун, анын адвокатынын жана коомдук коргоочуларынын акыркы сөзүн укпастан туруп, ал эмес алардын катышуусуз өкүмдү окуп койду.

Өкүм окулгандан кийин Исмаил Исаковду Бишкектеги №1 тергөө абагына которушту.

Адвокат Азимбек Бекназаровдун айтымында, алар Исмаил Исаков менен биргеликте Аскердик соттун мыйзам бузууларын
Конституциялык сотко берүүнү чечишти:

- Биз Конституциялык сотко кайрылабыз. Анткени 19-февралдагы соттук жараян Конституцияны, мыйзамды бузуу менен өттү. Анын прокурор да айтты Конституция бузулуп жатат деп. Ошондуктан биз Конституциялык сотко беребиз. Мен эми дүйшөмбү күндөн тарта материалдарды даярдаймын. Исмаил Исаков ага кол койсо, биз Конституциялык сотко беребиз.

Белгилүү болгондой, өткөн жылы Исмаил Исаков жана Азимбек Бекназаров Исаковго байланыштуу кылмыш ишти карап жаткан Бишкек гарнизондук соттун судьясы Бектемировго ишеним көрсөтпөй турганын жарыялап, бирок аны дал ушул Тилек Абдрашитов башында турган соттук коллегия кабыл алган эмес жана алардын жогорку сот инстанцияларына кайрылууга укугу жок деген чечимин чыгарган. Бирок ага карабай Исаков жана Бекназаров жогорку сот инстанцияларына даттанууга укук берген Конституцияга таянып, Конституциялык сотко арыз менен кайрылган.

Конституциялык сот Исаков жана Бекназаровдун Жогорку Сотко арыздануу укугун калыбына келтирип, судья Бектемировго ишеним көрсөтүлбөй коюлган. Бирок Бектемировдун ордуна келген судья Серик Абиев Исаковду 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин январь айында кабыл алганы белгилүү.

19-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган Исаковдун абалы тууралуу адвокат Бекназаров буларды билдирди:

- Абалы жакшы. Мына ушул үчүнчү күнү бөлүштүрүп, зонага айдайбыз деп жатыптыр, ошол боюнча Исаковдун жубайы кирип чыкты. Бөлүштүрүү алдында анча-мынча тандоого жол коюлуп, кайсы зонада жазаны өтөөнү каалаганын комиссияга айтканга мүмкүнчүлүк берилет. Азыр ошону сүйлөшүп жатабыз.

Ал ошондой эле Исаковдун тарапкерлери 23-февралга Алайда митинг белгилеп жатканын кошумчалады. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалай Зикиров учурда уюштуруу иштери жүрүп жатканын билдирди:

-Эми сүйлөшүп жатабыз. Кыскача айтканда тынч жатпайбыз. Пландарыбыз бар. Активисттер менен сүйлөшүп, кандай кылабыз деп жатабыз. Бийлик өкүлдөрү жер-жерлерге барып кысым көрсөтүп жатыптыр. Бала-чакасы иштегендерди таап, эгерде чыксаңар балаңды "антебиз-минтебиз" деп жатыптыр.

Талдоочулардын пикиринде, Исмаил Исаковдун күнөөсү жоктугун билдирип, бийликтен кечирим суроодон баш тартуусу жана позициясынын туруктуу бойдон калышы эл ичинде ага карата ишенимди күчөттү. Оппозиция лидерлеринин ичинде бийлик, байлыктан элдин кызыкчылыгын жогору койгон жана анын кызыкчылыгын сатпай турган инсандар бар экенин ачыктады.

БЭКтин кел-кели жакынбы?

Исмаил Исаковго карата чыгарылган өкүмдүн эртеси күнү, 20-февралда Бириккен элдик кыйымылдын Улуттук кеңешинин жыйыны болуп, анда өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, саясий куугунтукка каршы туруу жана Элдик курултайды чакыруу маселелери каралды. 17-мартта боло турган Элдик курултайдын күн тартибине төрт маселе коюла турган болууда.

Алар тууралуу БЭКтин лидерлеринин бири Эмил Каптагаев буларды билдирди:

- Биз ачык түрдө төрт маселени коюп жатабыз. Бул оппозициянын курултайы эмес, Элдик курултай болот. Жалпы коомдогу
күчтөрдүн, жигердүү жарандардын курултайы болот. Бул жерде азыр өкмөт жүргүзүп жаткан социалдык-экономикалык саясат, тариф саясаты. Бул кыргыз элинин энчиси, байлыгы болгон обьектерди талап-тоноп сатып аткан маселе, Конституцияны өзгөртүп, мамлекеттик түзүлүштү кайсыл жакка алып баратканы жөнүндөгү маселе, анан азыр өлкөдө кеңири жайылып бараткан саясий репрессия маселеси. Мына ушул төрт маселени биз курултайга алып чыгып, ушуга карата элдин пикирин угалы, мүдөөсүн, тыянак –чечимин байкайлы, ошону коомго алып чыгалы дедик.

Улуттук кеңештин жыйынында өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал жөнүндө “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөдү. “Ата Мекен” партиясы ага чейин эле Кыргызстан ветеринардык-санитардык блокадага алынганы боюнча билдирүү тараткан. Партиянын лидери Текебаев блокада тууралуу буларды айтты:

- Казакстан жакында Кыргызстан менен болгон чек арасын зым тосмо менен тосуп, үч жүздөн ашуун видеокөзөмөл койду. Алар муну Кыргызстандан бир да контрабандалык товар өтпөйт, анын баары жогорулатылган бажы төлөмдөрүн төлөгөндөн кийин гана Казакстан менен Орусиянын аймагына кирет деп түшүндүрүп жатышат. Бирдиктүү экономикалык аймакка же Бирдиктүү бажы союзуна Кыргызстандын эмне себептен киргизилбегендигин Омскиде өткөн жыйында орус президенти жакшы түшүндүрүп берген. Кыргызстан Кытай менен жылына 14 млрд. долларга жакын соода жүргүзөт, анын 80-90% дал ошол Казакстанга, Орусияга реэкспортко кетчү. Натыйжада мындан Кыргызстан жылына 500 млн. доллар пайда көрчү. Курманбек Бакиев АКШнын “Манас” аба базасы үчүн ижара акыны 17 млн. доллардан 60 млн. долларга кымбаттаттым деп мактанбай эле койсо болот. Анткени эми реэкспорт гана эмес, жергиликтүү өндүрүш товарлары Казакстан менен Орусиянын базарларына мурдагыдай ээн-эркин баралбай, жолдон чоң бажы тосмосуна учурайт.

Кыргызстан блокадага алынды деген сөздө чындык бар экенин Коомдук палатанын мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев белгиледи:

- Андай маалымат бар. Чындап келгенде биз экспорттук потенциалыбызды өнүктүрө албай жатабыз. Мындайча айтканда бүгүнкү күнү биз керектей турган продукциябыздын 30 пайызын биз өзүбүз өндүрөбүз, 70 пайызын импорттойбуз. Бирок ошол экспорттук потенциалды көтөрүш үчүн сөзсүз түрдө тышкы саясатта бир топ орчунду маселелерди чечишибиз керек. Казакстан биздин продукциябызды өзүнүн базарына алып кирип атат, бирок биздин дыйкандар түздөн-түз алып барып саталбай, ортомчулар, ошол эле биздин чек аранын тегерегинде абдан арзан баа менен алып, Алматыга алып барып, 2-3 эсе кымбат сатып атат. Муну сөзсүз түрдө мамлекеттик деңгээлде чечиш керек.

Казакстан жана Өзбек тараптан соодага тоскоолдуктун күчөшүнө Москванын кыргыз бийлигине көзү түз болбой калышы кошумча болууда. Орус президенти Дмитрий Медведев Белорус, Россия жана Казакстан түзгөн экономикалык биримдикке кирүүгө Кыргызстан даяр эместигин, ал эмес айрым маселелерди чечүү өлкөнүн жетекчилигинин жүрүм-турумуна карарын ачыктады.

Орус тараптын позициясынын кыргыз жетекчилигине карай катаалдашы Максим Бакиевдин Кытайга барып ири долбоорлор үчүн насыя, жабдуу суроосунан кийин орун алды. Бул маселени кезинде Кремлдин Кыргызстан боюнча адиси, азыркы мезгилде саясат таануучу Модест Колеров “Азаттыка” берген маегинде так ачыктады:

- Максим Бакиев Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп отурбай, Кыргызстандагы ири долбоорлорго инвестиция тартуу жөнүндө сүйлөшүүлөр аяктай электе, Кытайга бара калып, ошол эле долбоорлордун айрымдарын Кытайга сунуш кылды. Мындай мамилени жоопкерчиликсиз деп айтсак жумшактык кылаар. Ушундан улам Кыргызстан - Орусия ортосундагы экономикалык алакалардагы башкы маселе – бул алакаларды өнүктүрүү эмес эле, жанагы ири суммадагы акчалай каражатты тезирээк ала калып, көзөмөлсүз ээлик кылуу болгону көрүнүп калды. Кыргызстандын бийликтери Американын “Манас” аба базасын чыгаруу, калтыруу маселеси боюнча Орусия менен амалданып соодалашканы эки мамлекеттин мамилесинде роль ойноду. Мындай нерселер саясатта унутулбайт.

Кыргызстандык саясат таануучу Марс Сариев кыргыз-орус мамилесине карата мындай пикирин билдирди:

- Чын эле кыргыз-орус мамилесинин салкындап кеткени көрүнүп турат. Акыркы жолу Медведевдин Омскиде сүйлөгөн сөзүнөн деле
байкалып турат. Ошол Медведевдин сөзү Кыргызстандын бийлигине айтылганын байкап жатам. Бажы биримдигине Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин киришине кандай карайсыз деп журналисттер сураганда, алардын саясатын байкайбыз, ошол жүрүш-турушуна жараша мамиле кылабыз деп айтты. Кыргызстандын экономикалык саясаты, Россиядан келген насыяларды пайдалануу ыкмасы Москвага аябай эле жакпай жатат. Ошондуктан калган насыялар токтоп жатат. Мурун эле Камбар-Ата-1 үчүн 1 млрд 700 млн. доллар бөлүнөт дегенде, мен айткан эле ушул насыя Кыргызстанга келбейт го деп. Ошол божомол чындыкка айланууда.


Кошуналар үрпөйүп, өз элиң түйшөлүп...


Кыргызстандын тышкы өнөктөштөрү, өзгөчө Россия менен мамилесинин салкындашы ички кырдаалдын да чыңалуусу менен коштолууда. Электр энергиясы, жылуулук, телефон байланышы жана башка нерселерге баалардын көтөрүлүшү, “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомдун” оппозиция белгилегендей коррупциялык жол менен сатылышы калк ичинде нааразычылыкты күчөттү.

Муну сезген Курманбек Бакиев жылуулукка баалардын экинчи ирет көтөрүлүүсү болбошу мүмкүндүгүн жана баалардын көтөрүлүшүн негиздүүлүгүн иликтөө үчүн уулу Максим жетекчилик кылган Борбордук агенттикке тапшырма бергенин жарыялады.

Андан сырткары Ынтымак курултайын уюштурууда өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосуна ала-албаган бийлик, өкмөттүк эмес уюмдардын оппозицияны Ынтымак курултайына чакыруу тууралуу сунушун кабыл алууга аргасыз болду. Бирок оппозиялык Бириккен элдик кыймыл Ынтымак курултайга барбай турганын билдирди.

Бийлик мына ушундай бир аз “ийилген” менен экинчи жактан “союлун” да колунан түшүрбөй турат. Бул бир жагынан Исмаил Исаковду сегиз жылга кескен өкүмдүн өзгөрүүсүз калганынан, экинчи жагынан президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев “Арстан” аттуу атайын багыттагы аскердик топ түзгөнүн жарыялады. Ал топ мамлекет башчынын ар кыл багыттагы тапшырмаларын аткарууга даяр экен.

Саясат таануучу Табылды Акеров бийлик башындагылар кырдаалдын курчуп кетишинен чочулап, ушундай бөлүктөрдү түзүп жатат дейт:

- Абал өтө курчуп кетсе генералдар өтө чечүүчү ролдорду ойноп калат. Бүт командачылык генералдарды гана угуп калат. Эгер генералдар “аскерлерди элге же бирөөлөргө каршы чыгарбагыла” деп өз-ара сүйлөшүп алышса, андай курчуп кеткен жагдайларда ак үй коргоосуз калышы мүмкүн. Ошондуктан атайын күчтөрдү бардыгын бир адамдын, ишенимдүү адамдын колуна топтоп аткан болуулары мүмкүн.

Белгилүү болгондой, эгерде Максим Бакиев өлкөнүн финансы, насыя, алтын тармагын тейлесе, Жаныш Бакиев расмий эмес түрдө күч структураларын башкарат.

2005-жылы Аскар Акаевди элиталык багыттагы аскердик бөлүктөр элдин толкунунан сактап кала алган эмес. Ага азыркы бийлик күбө болмок тургай, ошонун толкунунда бийликке келген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG