Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Кыргызстанда бийликти басып алуу аракети жасалып, ишке ашпай калды. Чек аралар жабык бойдон турат. Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков президенттик башкарууну караган Баш мыйзамдын долбоорун Конституциялык кеңешмеге тапшырды.

Контркөңтөрүш ишке ашпай калды

12-май Бишкекте, 13-май түштүк аймактарда тынч болбоду. Убактылуу өкмөттүн маалыматы боюнча, Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиевдин каржылоосунун негизинде Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана Баткенде административдик имараттарды басып алуу аракети жасалды. Айрым жерлерде ал ишке ашты.

Үсөн Сыдыков
Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жашыруунун тыңшоонун ачыкталышына караганда, бул иштердин уюштуруучусу Үсөн Сыдыков болгон. Ал телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдө өз адамдарына көрсөтмө, буйруктарды берип турган:

- Айдап түшүп (Жалал-Абад губернаторун) ал өзүң. Отуруп ошол жерге, балдарыңды мылтык-сылтык менен эшиктин оозуна коюп кой. Нар жакка уюштура бергиле. Ноокенди бирөө алсын. Ким бар сүйлөшкөн? Сузактын баласына айт.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери 2005-жылдагы окуялардын дагы негизги уюштуруучуларынан болгон. Бирок анда жеңүүчүлөрдөн болгондуктан Үсөн Сыдыковдун ташы өйдө кулаган. Бул жолу андай аракеттин соңу УКМКнын абагы менен аякталууда.

Талдоочулардын баамында, 12-13-майдагы окуяларды уюштуруучулар аракетти эки багытта жүргүзүүнү болжошкон. Биринчи багыт боюнча бийликти иш жүзүндө колго алууну Үсөн Сыдыков жүргүзсө, аны мыйзамдаштыруу жагын Жогорку Кеңеш аткармак.

Кырдаал бул өңүттө өнүгүп, Үсөн Сыдыковдун планы ишке ашканда, анда Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери да тынч жатпай, эки
тараптын ортосунда ири кагылышуу орун алышы турган иш эле. Ири кагылышуунун аягы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун байрагынын астында Россиянын күч киргизүүсү менен соңуна чыкмак.

Бирок бул сценарий ишке ашпай калды.

Убактылуу өкмөт түштүктөгү кырдаалды жөнгөрүү үчүн Исмаил Исаковду жөнөттү. Ага Убактылуу өкмөттүн түштүк регион боюнча атайын өкүлү деген макам жана ошого жараша ыйгарым-укуктар берилди. Исмаил Исаковдун жетегинде Ошто жана Баткенде кырдаал чоң чатаксыз жөнгөрүлдү. Ал эми Жалал-Абадда атышуулар орун алып, эки адам каза тапты жана ондогон кишилер жарадар болушту.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, 12-13-майдагы окуялар бурулуш учур болуп, Убактылуу өкмөт утушка ээ болду:

- Азыр кырдаал бурулуш мезгилге келип, Убактылуу бийликтин рейтинги көтөрүлө баштады. Түшүп бараткан эле да. Эми көтөрүлүп, күчкө келди. Анын үстүнө Убактылуу өкмөт аябай туура маалыматтык чабуул жасады. Телефондогу сүйлөшүүлөрду жазып алып, анын негизинде баарын көрсөттү. Аны эл сезип, көрдү. Ошону менен мурунку бийликти колдогондор жаман көрүнүп калды. Ошон үчүн өлкөдө мындан кийин кандайдыр бир чоң тополоң чыкпайт деп ойлоймун.

Дагы бир саясат таануучу Орозбек Молдалиев өлкөдө дагы ар кандай акциялар болуш мүмкүндүгүн белгиледи:

- Мындай эле жасайбыз деп оолугуп аткандар көп эле болуп атат. Ошол эле кечээ, мурда күнү чыккандардын жанында оолугуп, эптеп азгырып, чыгабыз деп, алардын акчасын алабыз деген жарым криминал элементтер дагы бар. А эмне акчаңды бер, уюштура коебуз дегендер толуп атат. Бул жерде башкарууга мүмкүн болбогон жараяндар болуп кетүүдө. Кожоюндарынын тилин укпай чыгып алгандар да бар. Ошол башкаруу мүмкүн болбогон нерселерден этияттабаса болбойт.

Долбоорлор жарышы

Ошентип 12-13-майдагы чатак Убактылуу өкмөттүн ыңгайына чечилиши менен Убактылуу өкмөт үчүн Конституция боюнча референдумга даярдык көрүү жана чарба-экономикалык маселелерди чечүү менен алек болууга мүмкүнчүлүк берип жатат.

19-майга карай Конституциялык кеңешме ишин аяктап, даярдалган долбоор Убактылуу өкмөттүн кароосуна коюлат. Ал жерде долбоорду референдумга алып чыгуу маселеси чечилет. Бирок коомчулукта, ал эмес Убактылуу өкмөттүн өзүнүн ичинде да Конституциялык кеңеште каралып жаткан Конституциянын долбоору боюнча бир жактуу пикир жок.

Маселен, өкмөт жетекчилеринен Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев парламенттик башкаруу системасын, Конституциялык кеңешме
азыр даярдап жаткан долбоорду жактаса, Исмаил Исаков АКШнын мамлекеттик системасына жакын Конституциянын долбоорун сунуштоодо. Анда президент түздөн-түз өкмөттүн башында турат. Ошол эле мезгилде Жогорку Кеңеш АКШнын Конгрессиндей күчтүү болот. Анын бир мисалы, президент финансы маселесин Жогорку Кеңеш аркылуу гана чечет.

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров болсо 1993-жылкы Конституцияга кайтып келүүнү сунуштайт:

- Убактылуу өкмөт декрети менен эле, 1993-жылы 5-майда эки жыл талкуу менен кабыл алынган Кыргызстандын биринчи Конституциясына кайрылып туруп, ошону таанып, ушуну менен иштейбиз деп койгондо мындай ызы-чуу болбойт эле. Биз автоматтык түрдө укуктук талаага түшөт элек. 93-жылкыга кайрылабыз дегенден кийин, ошол Конституцияга, анан азыркы турмушка жараша партиялык тизмени киргизип коюш керек болчу, анан адам укугу боюнча, анан Элдик курултай институтун сөзсүз киргизиш керек болчу, анан жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга азыркы турмушка ылайык өзгөртүү киргизсе болмок экен. Калгандарына тийбей койсо да болчудай экен да. Себеби бүт европалык, эл аралык уюмдардын тыянагы бар экен карап отурсак, анан эң башкысы Кыргызстанда эки жарым жыл талкуудан өткөрүптүр, үч жолу элге талкууга чыгарыптыр. Андан кийин гана кыйынчылык менен кабыл алынган Конституция экен.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев азыркы мезгилде Өмүрбек Текебаев тарабынан даярдалган долбоор Кыргызстанга ылайыктуу деген пикирде:

- Мына Текебаевдин варианты туура. Мына ушул вариантты колдошубуз керек. Бир аз кошумча-алымчалар эске алыныш керек.

Парламенттик башкаруу өлкөнү кризистин кучагына бөлөйт деген пикирлер да арбын. Мындай пикирди “Эл арманы” партиясынын лидери Мирослав Ниязов жана башка лидерлер айтып келет.

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Исмаил Исаковдун долбоорун кубаттоого алууга болоорун айтып, башкаруу системасын тандоодо айлана-чөйрөбүзгө да карап көрүшүбүз керектигин белгилейт:

- Мына, эми парламенттик башкаруу деп жатышат. Биз айлана-чөйрөбүзгө карап жашашыбыз керек да. Сиз элестетсеңиз, парламент ички-тышкы саясатты аныктайт дейт. Президент жөн эле калыс болгон аксакал болот дейт. Биздин өкмөт башчы менен КМШ өлкөлөрүнүн президенттери отурбайт.

Саясат таануучу Марс Сариев кандай болгон күндө да Конституциялык кеңешмеде каралып жаткан долбоор референдумга коюлат деген ойдо.

Рушайло келди, Орусия эмне дейт?

Кыргызстан экономикасы оор мезгилди башынан кечирүүдө. Анын үстүнө быйылкы жылдын бюджети 13 млрд. сом таңсыктык менен кабыл алынган. Апрель, май айларында бажы жана салык төлөмдөрүнүн кескин азайышы таңсыктыкты ого бетер күчөтөрү турган иш.

11-майда ачылат деген Казакстан чек арасы ачылган жок. Андан мамлекет, өзгөчө ишкерлер чон зыянга учурап жатат. Чек аранын жабылышынан казак калкы да жабыркап жатканы айтылууда. Кыргызстандан товар барбай калгандыктан Казакстанда кымбатчылык күчөгөн.

Маселен, Астанада соода кылган Жамиля Асанбекова буларга токтолот:

- Бул жактан эч нерсе барбай калгандыктан Астанада мурдагы товарлардын баасы өсүп кетти. Алсак кийим-кеченин наркы 30-50% чейин көтөрүлдү. Казакстандын атуулдары көпчүлүк учурда "Дордойдон" соода кылып кетчү. Биз да товарды Кыргызстандан ташыйбыз. Чек ара жабык болгондуктан Астанага товар барбай, соодабыз токтоп калгандыктан биз аргасыздан Бишкекке келдик.

Казак жана өзбек тарап ошентип чек арасын кулпуда кармоону улантууда. Талдоочулар пикиринде, муну менен Астана жана Ташкен “кыргыздардын ыңкылапчыл вирусун” жазалоону көздөп жатат.

Кыргызстан Россия тараптан күйүүчү майга кошумча бажы төлөмүнүн киргизилишинен да кыйынчылыктарга дуушар болууда. Бул маселе оң жагына чечиле элек. Бирок Россия Кыргызстан менен мамилесин өнүктүрүү үчүн мурунку ички иштер министри, азыркы кезде Федералдык кеңештин мүчөсү болгон Владимир Рушайлону жиберди.

Орус маалымат каражаттары кезинде аны атактуу Борис Березовскийдин кишиси катары мүнөздөп келишкен.

Рушайло Бишкекте Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бирок ал сүйлөшүүлөр тууралуу кененирээк маалымат бериле элек.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, 12-13-майдагы окуялардан кийин Убактылуу өкмөттүн позициясы бекемделди. Ошондуктан Россиянын мамилеси өзгөрүүсү мүмкүн:

- Москва ушул кезге чейин бир ойго келбей убактылуу бийликтен фигураларды көрбөй аткан да. Эми азыр түшүнө баштады убактылуу бийлик күчү бар экенин, кырдаалды көзөмөлдөп жатканын. Ошон үчүн Москва эми убактылуу бийлик менен иштеген жол менен барат.

Чек араны ачуу кыргыз мамлекетинин эркинде болбосо да, тең салмактуу, бийликти бир үй-бүлөнүн басып алуусуна жол бербеген башкаруу системасын орнотууга шарт түзүлүп турат. Аны ишке ашыруу өзүбүздүн колдо, дейт Орозбек Молдалиев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG