Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Атаева: Атамбаев диктаторго айланып баратат


Өзбекстандык укук коргоочу, кеңсеси Францияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева Кыргызстандагы жарандык коомду биригүүгө чакырды. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Борбор Азияда эркиндиктин аралчасы деп аталган Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаал өтө олуттуу белги. Буга эл аралык байкоочулар дагы, Кыргызстандагы жарандык коом дагы көңүл бурушу зарыл. Дагы бир жолу кайталайм эл аралык коомчулук байкоо гана салбастан, өз пикирин да билдириши керек. Буга чейинки журналисттер менен соттошуусун эске алганда, президент Атамбаев көз алдыбызда коңшу өлкөлөрдөгүдөй диктаторго айланып баратат. Бул учурда Кыргызстандагы күчтүү жарандык коом жөн отурбашы керек. Жыйындарга чогулуп, колдон келишинче эл аралык укук коргоо уюмдарынын көңүлүн бурдурууга аракет көрүшсө болот. Азыр Текебаевдин анын партиясынын үнүн угууга шарт түзүлүшү керек.

Ошондой эле укук коргоочу Борбор Азиядагы айрым өлколөрдөгү авторитардык режим ушундай жагдайда өнүккөнүн белгилейт.

Башкы прокуратура орус жаранынын арызынын негизинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иш козгоп, кечээ Биринчи Май райондук соту аны эки айга камады.Текебаевдин тарапкерлери муну бийликтин өз оппоненттерине карата саясий куугунтугу деп атап жатат.

XS
SM
MD
LG