Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Оппозиция сотто, президенттин уулу Ак үйдө


Kyrgyzstan -- One of leaders of the opposition movement Ismail Isakov speaks at a Grand Congress (Eldik Kurultay) of United Popular Movement, Arashan village near Bishkek, 25Apr2009

Kyrgyzstan -- One of leaders of the opposition movement Ismail Isakov speaks at a Grand Congress (Eldik Kurultay) of United Popular Movement, Arashan village near Bishkek, 25Apr2009

2-ноябрда Бишкек гарнизондук сотунда оппозиция лидерлеринин бири И. Исаковго байланыштуу сот уланып, күбөлөр суралды. Күбөлөрдүн бири Исаковго каршы козголгон иште саясий себеп бардыгын ачыктады.

2-ноябрдагы сотто бир жабырлануучу, эки күбө көрсөтмө берди. Кемин районунан келген жабырлануучу Зулфия Шаршенова 2008-жылдын май айында Балыкчыдагы аскердик бөлүктүн башчысынын орун басары Нурдин Каимов менен сүйлөшүп, андан эски танктарды алып, темир сыныгы катары сатууну сүйлөшкөнүн ачыктады:

- Балыкчыдагы аскердик бөлүктөн танк сымал бирдемкени сатып алмак болгонбуз. Аны темир сыныгы катары тапшырууну көздөгөнбүз.

Шаршенова бул үчүн Каимовго 320 миң сом берип, тил катын алганын кошумчалады. Бирок Каимов айткан убадасын аткара албай калган. Кийинчерээк Каимов Зулфия Шаршенованын 320 миң сомунун 90 миң сомун кайтарып берген.

Адвокат Азимбек Бекназаров жабырлануучу Зулфия Шаршеновадан 2008-жылдын май айынын кайсы күнү Каимовго акча бергенин
аныктоого аракет жасады. Бирок Шаршенова так датаны эстей албады. Бекназаровдун айтымында, Исмаил Исаков 2008-жылы 8-майда коргоо министри кызматынан бошотулуп, коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына дайындалган. Ошондуктан Шаршенованын жабырлануучу катары арызы азыркы коргоо министрилигине багытталыш керек.

Кочкор районунан келген күбө Мелис Малдыбаев 23-февраль, 29-май аскердик майрамдарга карата уюштурулган иш чараларга ардагер катары катышып келгенин билдирди. Адвокат Бекназаров ага мындай суроо менен кайрылды:

Азимбек Бекназаров: - Ушундай иш-чаралар мурда генерал Исаковго чейин болчу беле. Ушундай күндөр белгиленет беле?

Мелис Малдыбаев: - Мурда деле майрамдачубуз. 29-майды белгилечүбүз. Башка майрамдар да болчу.

Дагы бир күбө Назарбек Мухамеджанов1994-жылдан бери аскердик кызматта экенин, быйыл гана эс алууга кеткенин айтып, Исмаил Исаковдун коргоо министри катары ишине жогору баа берди. Өз кезегинде Коргоо министрлигинин Медициналык кызматын жетектеп турган Мухамеджанов Исаковдун тушунда Коргоо министрлигинин госпиталь, медициналык жардам көрсөтүү жайлары оңдолуп-түзөлгөнүн, жаңы жабдуулар алынганын кошумчалап, мындай деген пикирин билдирди:

- Исмаил Исаков министр болгондон кийин медицина тармагын көтөргөнчөлүк мындан кийин да 10 жыл бою эч ким көтөрө албайт деп ойлоймун. Себеби медициналык мекемелер 90% оңдолуп бүттү. Медициналык жабдуулар алынып, биздин аскерлер, офицерлер жарандык ооруканаларга барбай калды. Мен ушул Исмаил Исаков менен кызмат кылганыма сыймыктанамын. Бул кишинин жасаган иши тарыхта калат деп ишенемин.

Исаковго каршы козголгон кылмыш иште саясий себеп барбы деген адвокат Бекназаровдун суроосуна, ал "ооба" деп жооп берди.

Бул күбөлөрдүн сөзү угулгандан кийин судья Серик Абиев калган күбөлөрдүн 6-ноябрдагы соттук жараянга келишин камсыз кылууну прокурорлордон талап кылып, мына ошондон кийин тараптарды угуу башталаарын билдирди.

Мурунку коргоо министри жана коопсуздук кеңештин катчысына каршы үч кылмыш иши ачылган. Алар Балыкчыдагы аскердик бөлүктө техникалардын жоголушу боюнча, Исаковдун уулуна квартира берилиши жана аскердик майрамдарды белгилөөгө каражаттын бөлүнүшүнө байланыштуу кылмыш иштер. Бул иштер 2008-жылы октябрь айында Исмаил Исаков президенттин ички жана тышкы саясатын колдобосун билдирип, кызматтан бошотуу тууралуу арыз бергенден кийин козголгон.

Соттук териштирүүлөр быйыл жыл башында башталып, адвокаттар жана Исмаил Исаков Бишкек гарнизондук сотунун судьясы Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөөсүн билдирген. Жогорку Сот аны колдоп берген. Ошондуктан ишти учурда судья Серик Абиев карап жатат.

Оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковдон сырткары оппозицияга байланыштуу соттук жараян 3-ноябрда Петровка айылында “Жашылдар” партиясынын лидери Э. Бөлөкбаев, С. Аргымбаев, У. Рыскулов, Караколдо Балыкчы окуясына байланыштуу уланат.

2-ноябрда Ак үйдө болсо жогорку кызматка дайындалган Максим Бакиев маалымат жыйынын өткөрүп, аткара турган иштери тууралуу маалымат берди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG