Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Түркияда акча менен кармалган кыргызстандыктар бошотулду


Стамбул аэропорту
Стамбул аэропорту

Бул тууралуу камакка алынган Дайырбек Тойгонбаев менен Темур Кочкоровдун адвокаты Уур Чөрекчи "Азаттыкка" билдирди.

Сот жыйыны Стамбулдагы Чаглайан сотунда 2-декабрда өтүп, алты түрк жараны жана эки кыргыз жараны бошотулган. Алардын арасында 5 миллион 359 миң доллардын ээси, түрк ишкери Исмаил Кашкарий да бар.

Адвокаттын айтымында, 9,5 миллион долларды Кыргызстандан ким жөнөткөндүгү тууралуу анализ келгенче чейин эки кыргыз жараны Түркиядан чыга албайт. Эгер көлөмдүү сумманын документтери ырасталса, 99,9% кожоюндарына кайтарылып берилет.

21-ноябрда Стамбулдун “Ататүрк” аэропортунда 9,5 миллион доллар менен кыргызстандык, өзбекстандык жана беш түрк жараны кармалган. Түрк маалымат каражаттары мындай чоң суммадагы акча Түркияга экстремистик деп эсептелген ФЕТО уюмунун мүчөлөрүнө жардам катары кирген акчалар деп жазып чыгышкан.

22-ноябрда Yenisafak басылмасы 9,5 миллион доллар Кыргызстандан декларациясыз киргендигин жана кыргыз жарандары Дайырбек Тойгонбаев менен Темур Кочкоровду аэропорттун каржы кылмыштарына каршы бөлүмү кармаганы тууралуу кабар тараткан. Андан соң түрк жараны Исмаил Кашкарий кармалган акчанын 5 миллион 359 миң доллары ага, калган акча башка төрт фирмага таандык экенин жана ФЕТО менен эч кандай байланышы жоктугун полицияга билдирген. (ElB)

XS
SM
MD
LG