Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Узап бараткан жумада жаңы өкмөт шайланды. Президент конституциялык реформаны тездетүүнү сунуштады. Евразия экономикалык биримдигинин терс таасири көбүрөөк айтыла баштады.

"Тың жигиттердин" алдын алууну жактаган Атамбаев

Узап бараткан жумада 4-октябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо логикалык жыйынтыгына жетти. Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жетекчилиги шайланып, структуралары аныкталды.

Президент Алмазбек Атамбаев 6-ноябрда Жогорку Кеңеште жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо Конституция талап кылгандай пропорционалдык система менен эмес, иш жүзүндө мажоритардык система менен өткөнүн моюнга алды.

Мындай иштер “тың жигиттердин" колунан келгенин белгилеген Алмазбек Атамбаев, ал “тың жигиттер" президенттик кызматка келип, Акаевдей, Бакиевдей президент болушу мүмкүндүгүн эскертти. Ошондуктан тез арада рсепубликаны толук парламенттик башкарууга өткөрүүнү жактады:

- Мына биз парламенттик башкаруу деп атабыз. Андай эмес да. Биз бу күнгө чейин бир бутубуз менен парламенттик башкарууда, бир бутубуз менен президенттик башкарууда турабыз. Муну ачык айтыш керек. Ошондуктан, менимче, биз бара-бара өнүккөн Европа өлкөлөрүндөгүдөй толук эле парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Өткөн парламенттик шайлоодо көрдүңөр, айрым партиялар формалдуу түрдө мыйзам менен Конституцияны бузбаган менен Конституцияны айланып өтүп кетти. Демек, азыркы Конституциядан жылчык таап, мыйзамды буйтап өтө турган бизде тың саясатчылар, тың жигиттер аз эмес.

Атамбаев президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, накта парламенттик башкарууга тезирээк өтүүнү сунуштады. Ал кезектеги президенттик шайлоого 1.5 жыл калганын катуу эскертти.

Кыргызстанда конституциялык реформа боюнча ар түрдүү пикирлер бар. Айрым саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү азыркы Конституция жана бийлик системасын иштетип, аны мезгил сынына коюуну жакташат. Жарандык активисттер фракция лидерлеринин парламенттик шайлоо алдында Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыгып, аны токтотуп калганы да маалым.

Конституциялык реформага каршы болгондордун бири КСДП фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов. Ал жакында эле таза парламенттик башкаруу эмнеси менен опурталдуу экенин билдирген:

- Бир эле парламенттик боло турган болсо, бул кайра коррупциялык жол менен, добуш сатып алуу жолу менен кайра эле парламентке келүү аракети болот. Анда, менимче, дагы күчөйт. Ошон үчүн бүгүнкү күндө бизде үч бутак болуп турган бийлик системасы тең салмак кармап турганга ылайыктуу деп ойлоймун.

Албетте, Конституцияны өзгөртүп, таза президенттик башкарууга же таза парламенттик башкарууга өтүүнү жактаган саясий күчтөр да бар. Алар парламенттик шайлоо учурунда өздөрүнүн максаттарын ачык-айкын айтышты.

Президент Алмазбек Атамбаев өзү таза парламенттик системага ыктап, бирок аны ишке ашыруунун мөөнөтүн буга чейин атаган эмес. Эми маселени чукул коюп калды.

Азыркы Конституция президентке экинчи жолу шайланганга тыюу салат. Демек, Алмазбек Атамбаевдин бийликти колдон чыгарбаш үчүн президенттик шайлоого чейин келечектеги президентти толук алсыздандырып, бийликти өкмөт башчынын колуна топтоо максаты тургандай. Анткени президенттин колуна кандай бийлик топтолгонун, келечектеги президент, азыркы президентке берилген көрүнгөн жана көрүнбөгөн бийлик рычагдарын колдонуп, өзүнүн бийлигин, өкүмүн жүргүзө баштарын, баарына караганда, Алмазбек Шаршенович эң жакшы билет. Ошондуктан тез арада конституциялык реформа өткөрүлүп, бийлик өкмөт башчынын колуна топтолушу керек. Бекер жеринен Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого 1.5 жыл калганын, ага чейин өзгөрүү болбосо “элдин шоруна калабыз” деп эскертип жатпайт.

Президенттиктен кийин Атамбаевдин өкмөт башчы болуп келишине азыркы парламентте бардык шарттар бар. Эгерде оош-кыйыштар чыгып калса, Конституциянын өзгөрүүсү менен мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өткөрүүгө да толук мүмкүнчүлүк ачылат.

Атамбаев ыраазы болбогонго Сариев ыраазы

Белгилүү болгондой парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жана коалициянын кандай түзүлүшүнө жараша өкмөт башчынын алмашып кетүүсү толук ыктымал эле. Ошондуктан парламенттик шайлоо алдында Темир Сариев өзгөчө темп жана берилүү менен иштеп, үч айдын ичинде өзүн көрсөтүп калууга аракеттенди. Бул стратегиянын максаты парламенттик шайлоодон кийин өкмөт башында калбаса да, элдин көзүнө көрүнүп калуу эле.

Темир Сариевдин мына ошол аракети бир жагынан оң бааланып, ал өкмөт башында калууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок мамлекет алдында турган маселелерди чечип, финансы-экономикалык көз карандысыздыктын пайдубалын түптөй алабы? Анткени бул, финансылык мүмкүнчүлүктөрү абдан чектелген Кыргызстан шартында өтө татаал маселе.

Темир Сариев он бир багыттан турган программасын сунуштады. Алар өкмөттүн натыйжалуулугун көтөрүү, макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, инвестиция тартуу, экспортту көбөйтүү, финансылык системаны бекемдөө, айыл чарбасын көтөрүү, гуманитардык тармактарга көңүл бөлүү. Бул программа президенттин жардыгы менен бекитилген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияга негизделген.

Бийлик сынчылары Темир Сариевдин программасы конкреттүү сандар, финансылык булактар менен бекемделген эмес деп сынга алууда. Маселен, Темир Сариевдин экспортту кантип көбөйтөрү тууралуу сөзүн байкасак:

- Экспортту көбөйтүү боюнча программалар бар бизде. Жогорку сапаттуу азык-түлүктү, тигүү, текстиль багытын, айыл-чарба багытын колдоп, алтын, жезди көбүрөөк сатышыбыз керек. Башка жолубуз жок. Экинчиден, импорттун ордун толтуруу менен көбүрөөк иштешибиз керек.

Бирок тигүү тармагы өткөн жылга салыштырмалуу 45% төмөндөп, Евразия экономикалык биримдигинде азык-түлүк экспорту түрдүү чектөөлөргө кабылып жатат. Ал эмес, республиканын айыл-чарба жана кайра иштетүү тармагы Евразия экономикалык биримдигинин шартында атаандаштыкка туруштук бербей, оорчулуктарга кабылууда. Анткени мамлекет тарабынан аябай дотацияланып, ирденип алган казак жана орус чарбалары мамлекеттен эч кандай колдоосу жок, бирок эптеп ирденип келаткан Кыргызстан чарбаларын сапат, баа атаандаштыгында утуп алууда. Республиканын ун өндүрүшү, тоок фермалар мына ошондой коңгуроолорду кагууда.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Акылбек Жапаров мындай абалда республикадагы тоок фабрикалары жок болорун эскертет:

- Казакстанда бир жумуртка өндүрүү үчүн 4.5 теңге берип жатат. Эгерде биз анын жолуна түшпөсөк же тоок баккан фермерлерибизди колдоо жолун таппасак, анда бардык тоок фабрикалар жок болот. Алар азыр бир аз арзан келет. Анан Казакстан 4.5 теңге дотациясын алып койсо, анда жумурткага баа эки-үч эсе көтөрүлөт. Мына ошондо кыйынчылык келет.

Акылбек Жапаров республиканын ун тармагы да мына ушундай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын кошумчалады.

Кадрлар алмашканда кайра келгендер болду

Бийлик башындагы жана өкмөттөгү кадрдык жана структуралык өзгөрүүлөргө токтолсок, алар бир катар тармактарда олуттуу болду. Маселен, Коргоо министрлиги жоюлуп, анын ордуна Коргоо комитети түзүлдү. Куралдуу күчтөрдүн бардык мүмкүнчүлүктөрү Башкы штабга чогултулуп жатканда мунун кайсы бир деңгээлде жөнү бардай. Бирок Коргоо министрлигинин статусунун төмөндөшү мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүгүнө доо кетирет деген чочулоолор бар.

Кыргызстанда энергетика тармагы да негизги тармак. Жаңы структура боюнча бул тармак да өзүнчө министрлик болуудан калды. Энергетика тармагындагы ишканалар холдингге бириктирилип, саясатын болсо экономика жана өнөр жай министрлиги аткара турган болууда.

Кадрдык өзгөрүүлөр президентке караштуу органдарда да болду. Коргоо комитетининин төрагалыгына Марат Кенжисариев, ал эми Башкы штабдын башына Жаныбек Капаров дайындалды. Бул кызматты буга чейин генерал Асанбек Алымкожоев аркалап келген эле. Ал эми УКМКнын төрагалыгына Абдил Сегизбаевдин дайындалышы бир топ күтүүсүз болду. Көбүнчө өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп келген Сегизбаевдин мамлекеттик эң орчундуу, сыр сактоочу органга келиши “чалгынчыларды таңдантып жатканы” айтылууда.

Мындай кадрдык алмашуудагы ополоң-тополоңдо президенттин эң ишенимдүү адамдарынын бири кайрадан анын жанынан орун алды. Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул кызматты буга чейин аткарып келген Фарид Ниязовдун президенттик аппаратты жетекчилигине дайындалышын эске алганда Икрамжан Илмияновдун кызматы канчалык таасирлүү жана келечектүү экенин баамдоого болот.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG