Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Узап бараткан жумада өлкө коррупцияга каршы күрөштүн дүйнөлүк күнүн белгиледи. Өкмөт келерки жылдын бюджетин жактырды. Экономиканын он бир айдагы көрсөткүчтөрү жарыяланды.

"Кайраттуу" коррупция...

9-декабрда коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленди. Кыргызстанда жемкорлук маселеси өзгөчө актуалдуу болгондуктан ага чоң маани берилди. Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштө Кыргызстанда "кол тийбестер" калбаганын айтып, ошол эле учурда өлкө ага каршы күрөштүн башатында гана турат деди. Ал эми коррупцияга каршы негизги күрөш жүргүзүүчү башкы прокурор мыйзамдардын чийкилиги жемкорлук менен натыйжалуу күрөшкө жолтоо болуп жатканын билдирди.

Эл аралык уюмдар республикадагы коррупцияга андан да катаал баасын берди. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сергей Капинос коррупция Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жолу болуп калганын эске салды. Анын пикиринде, Кыргызстанда коррупциянын себептерине каршы күрөш жүргүзүлгөн жок. Ошондой эле сот системасын реформаламайын коррупцияга каршы күрөш жөнүндө сөз кылууга болбойт.

Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин учурунда коррупция мамлекеттик башкаруунун ыкмасына айланып, ал мезгилде коррупциялык схемаларды, иштерди, келишимдерди мыйзамдаштыруу жолго коюлган. Аны Кумтөрдүн мисалында эле көрүүгө болот. Андан сырткары өлкөдөгү бардык алтын кендер мамлекеттин үлүшү жок, чет өлкөлүктөрдөгү шектүү жагдайларда берилип кеткен. Алар апрел ыңкылабынан кийин өзгөртүлгөн жок.

Кыргызстандагы азыркы мамлекеттик система мурунку абалды калыбына келтирүүгө өтө оңтойлуу экенин 6-ноябрда президент Атамбаев моюнга алып, 2017-жылга чейин таза парламенттик башкарууга өтүүнү сунуштаган.

Азыркы мамлекеттик система парламенттик-президенттик деп аталат. Парламент болсо өзүнүн бийлигин өзү түзгөн өкмөт аркылуу жүргүзөт. Бирок өкмөт Кыргызстанда парламенттен эмес, мурункудай эле президенттен көз каранды болуп, өзүнүн финансы-экономикалык, эң негизгиси кадрдык саясатын жүргүзүүгө жөндөмсүз бойдон калууда. Ал эми сот системасы арабөк абалда турат. Бул өзгөчө Сотторду тандоо кеңеши сыяктуу уюмдардын чалагайым, коррупциялык жаңжалдуу иштеринен байкалат. Оппозиция соттор бийликтин толук көзөмөлүндө турат деп эсептейт.

Саясатчы Эркинбек Алымбекова азыркы кезде коррупцияга каршы күрөштү жасалма жана тандалма деп атады:

Эркин Алымбеков

Эркин Алымбеков

- Укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн топтор өздөрүнүн саясий, экономикалык атаандаштарын алсыздандырып, финансы-экономикалык тармактарды бөлүштүрүүдө курал катары колдонууда. Ошон үчүн мен коррупцияга каршы азыркы бийлик системасында натыйжалуу күрөш болот деп айта албайм.

Эркин Алымбеков азыркы бийлик системасы мурункулардан алыс кеткен жок деп эсептейт:​

- Акаевди төңкөрүш кылып кетирдик. Бакиевди төңкөрүш кылып кетирдик. Ошолордун системасы калды. Жыйынтыктап келсек, ошол эле Акаев, Бакиев системасында калган коррупция андан да өркүндөп, ошол эле система калды. Атамбаев түзгөн бийлик системасында парламент декоративдүү, мындайча айтканда чөнтөк парламент. Алар туура эмес сүйлөп ийсе, жоопко тартуучу механизмдер бар. Өкмөт да марионеттик. Ал кандай шайланып, кандай саясат жүргүзүүсү башынан аныкталган.

Коррупцияга негиз болгон бийлик системасын өзгөртүү үчүн 2017-жылды күтпөй эле азыртан өзгөртүүлөрдү баштоого болорун Алымбеков кошумчалады.

Нобель сыйлыгынын ээси Эрик Маскин коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик кызматкерлерге айлык акыларды көтөрүү жана коррупция боюнча айыпталгандарга жазаны күчөтүү Сингапурда натыйжа бергенин эске салат. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы, аларды материалдык жактан камсыздоо маселеси оор бойдон турат.

Жогорку Соттун мурунку төрайымы Феруза Жамашова айлык маселеси соттордун ишине таасир этип жатканын белгилейт:

- Сот реформасындагы коррупция менен күрөш материалдык абалга да байланыштуу экени талашсыз. Азыркы учурда сотторго абдан көп иш жүктөлгөн, анан да тийиштүү материалдык колдоо жок акыйкат чечим чыгарууга жолтоо болуп жатат. Келе жаткан жылы өкмөт бюджеттеги чыгашанын эки пайызын сот тармагына бөлүп жатканы колдоого аларлык көрүнүш. Ушул өңдүү аракеттер коррупцияны жоюуга жардам берет деп ойлойбуз.

Мамлекеттик бюджетте болсо айлык акыларды көтөрүүгө чама жок. Ошондуктан өлкө айланма туңгуюкка түшкөндөй, алдыга суурулуп чыга албай убара.

Тактикасын өзгөрткөн Улуттук банк...

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште Кыргызстанда түзүлгөн финансы-экономикалык абал талкууланып, токтом кабыл алынды.

Бир доллар 76 сомдун айланасында болууда

Бир доллар 76 сомдун айланасында болууда

Өзгөчө сомдун курсунун төмөндөөсү, доллар менен берилген насыялар жараткан оорчулук көңүл борборунда болду. Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов улуттук валюта сомдун айланасында түзүлгөн абал тууралуу маалымат берип, ал жыл башынан бери 29% арзандаганын билдирди.

Абдыгулов республикага чет өлкөлүк валютанын келишинин азайышы сомдун курсуна таасирин тийгизип жатканын белгиледи:

- Өлкөгө валютанын агып кирүүсүнүн азайышы ички валюта базарына терс таасирин тийгизип жатат. Мындай өзгөрүүлөр биринчиден алмашуу курсуна таасирин тийгизет. Анткени бизде сомдун курсу эркин коюлган.

Толкунбек Абдыгулов сомдун курсу жалпы экономикалык абалга байланыштуу экенин айтып, экономика терең структуралык реформаларга муктаж экенин кошумчалады.

Толкунбек Абдыгулов

Толкунбек Абдыгулов

Жогорку Кеңештин токтомунда насыяларды сомго өткөрүү, баалуу кагаздарды чыгаруу, сом менен накталай эмес эсептешүүлөрдү көбөйтүү, чет өлкөлүк валютадагы депозиттердин үстөк пайызын төмөндөтүү, мамлекеттик чыгымдарды азайтуу сунушталды.

Бул сунуштар Кыргызстан экономикасындагы түптүү проблемаларды чечүүгө жетиштүү деп атоо татаал. Анткени республиканын финансы жана экономикасындагы түптүү проблемалар катары экспорт менен импорттун ортосундагы үч эседен ашык тескери сальдо, чоң өлчөмдөгү бюджеттик тартыштык аталган.

Маселен, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, он айдын ичинде 1 млрд. 182 млн. доллар болсо, импорт 3 млрд. 389 млн. доллар болгон. Тескери сальдо 2 млрд. 207 млн. доллар жеткен.

Бюджеттик тартыштык болсо Кыргызстанда өнөкөт көрүнүшкө айланууда. Быйылкы жылдын бюджети тартыштык менен бекитилгендей эле келерки жылдын бюджети да көп өлчөмдөгү тартыштык менен каралууда.

Өкмөт келерки жылдын бюджетин кирешеси 124 млрд. 399 млн. сом, чыгашасы 146 млрд. 853 млн. сом деп жактырды. Тартыштык 22 млрд. сомдон ашуун сумманы түзүүдө. Мына ушундай параметрдеги бюджет Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Мурунку экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев парламент токтомунда чектөө багытындагы тапшырмалар тескери натыйжа бериши мүмкүн дейт:​

Эмил Үмөталиев

Эмил Үмөталиев

- Сом менен деп койсо эле, депозиттердин үстөгүн чектеп койсо эле оңолуп калбайт. Ал кайра бизди оорчулукка түртөт. Анткени ишкерлер бул жактан кача баштайт, өздөрүн активдерин чыгара баштайт. Чет өлкөлүк ишкерлерден аябай эле тобокелге салгандар же болбосо көз боемочулар келет. Нормалдуу орто жана чакан ишкерлер келбейт. Алар мындай чектөө киргизилгенин укса жолобойт. Ошентип биз экономиканы артка түртөбүз. Мындай кам көргөндөн көрө көрбөгөн жакшы болот эле.

Эмил Үмөталиев сомдун долларга карай өзүнүн чыныгы баасын алуусуна мүмкүнчүлүк бериш керек дейт. Бирок Үмөталиев Жогорку Кеңеште мамлекеттин чыгашаларын кыскартуу керек деген сунушун колдоого алды.

Белгилеп кете турган нерсе, Жогорку Кеңеште фракциялар жана депутаттар шайлоо алдында берген убадаларын жана программаларын турмушка ашыруу боюнча максаттуу жана системдүү саясат жүргүзгөнү байкалбайт. Алар мурдагыдай эле өкмөттү же жооптуу жетекчилерди чакырып алып, аларды жемеге, суракка алуу адатына өткөнү байкалат.

Кыргызстандын валюта базарындагы олку-солкулук Улуттук банктын тактикасын өзгөртүүгө мажбурлагандай. Эгерде буга чейин Улуттук банк валюта базарына кээде гана интервенция менен чыгып келген болсо, декабрь айынан бери тынымсыз чыга баштады. Маселен, Улуттук банктын маалымат сайты көрсөткөндөй, 1-декабрдан бери беш жолу интервенция жасалды. Акыркы жолу 10-декабрда 650 миң доллар сатууга коюлду. Бул тактика өзүнүн натыйжасын берип, бир доллардын сатуудагы баасы 76 сомдун тегерегинде сакталууда. Албетте, эксперттер жана Улуттук банктын адистери да келечекте сомдун курсунун долларга карата төмөндөшүн болжоп жатышат.

Улуттук статистикалык комитет быйылкы жылдын 11 айында экономикалык өсүштүн жыйынтыктарын жарыялады. Ал боюнча он бир айда ички дүң продукция 103.6% өскөн. Кумтөрдү кошпогондо өсүш бир аз жогору болуп, 103.8% түзгөн. Тармактар ичинен айыл чарбасы 106.2%, соода 106.3% өсүш берген. Ал эми келечектеги өсүштүн булагы боло турган негизги капиталга инвестиция кыскаруу жолунда баратат. Быйылкы жылдын он бир айында анын жалпы суммасы 94 млрд. сомдон ашып, 102.5% түзгөн. Өткөн жылы ал көрсөткүч 126% жеткен эле.

Тышкы соода он бир айда 21% ашуун кыскарган. Мунун өзү Орусия жана Казакстандагы кризиске байланыштуу экени маалым. Жалпы Евразия экономикалык биримдигинде тышкы сооданын кыскарышы Кыргызстандын кирешесин 5 млрд. сомдон ашуун кыскартканын өкмөт маалымдаган. Мына ушундай көрсөткүчтөр менен Кыргызстан 2015-жылды аяктап, келерки жылга кадам таштаганы турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG