Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Апта: Бийликтин чегиниши, Ботобековдун кетиши


Митингге чыккандардын талаптарын өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов угуп, талаптардын баарын өкмөт башчыга жеткирүүгө убада кылды.
Митингге чыккандардын талаптарын өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов угуп, талаптардын баарын өкмөт башчыга жеткирүүгө убада кылды.

Узап бараткан жумада Нарында митинг өтсө, саясий активист Уран Ботобеков Кыргызстандан чыгып кетти. Коррупция жана эркиндиктин деңгээли боюнча эл аралык уюмдардын баяндамасы жарыяланды.

"Фридом хаус": Кыргызстан авторитаризмге ыктаган өлкө

Кошмо Штаттарда жайгашкан “Фридом хаус” жана “Транспаренси интернешнл” уюмдары 2015-жылдагы коррупциянын жана эркиндиктин абалы боюнча баяндамаларын жарыялады. Анда Кыргызстандагы абал тууралуу да маалымат берилген.

“Фридом хаус” уюмунун баяндамасында дүйнө өлкөлөрүндөгү демократия, адам укуктарынын абалы көрсөтүлүп, Кыргызстан “авторитаризмге ыктап” бараткан мамлекет катары мүнөздөлгөн. Ал эми Кыргызстанга кошуна Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан толук авторитардык өлкөлөр катары аталган.

“Транспаренси интернешнл” уюмунун баяндамасы 168 өлкөнү камтыган.
“Транспаренси интернешнл” уюмунун баяндамасы 168 өлкөнү камтыган.

Дүйнөдөгү коррупциянын абалын иликтеген “Транспаренси интернешнл” уюмунун баяндамасы 168 өлкөнү камтып, алардын ичинен Кыргызстан 123-орунду ээлеген. Жемкорлуктун деңгээли боюнча Кыргызстан менен Казакстан бирдей абалда болуп, эки мамлекетке тең 123-орун тийген. Ал эми Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан коррупция терең түнөк алган өлкөлөр катары көрсөтүлгөн. Ал эми коррупция эң аз өлкө катары Дания аталган.

Коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 2014-жылы 136-орунду ээлеген. Өткөн жылы позициясын азыраак болсо дагы жакшырткан. Бирок жемкорлук Кыргызстанда бардык тармактарда кеңири жайылган жана анын тамыры кыйылар түрү байкалбайт. Бул Кыргызстандагы оор экономикалык абал, жакырчылык жана мамлекеттик кызмат байлыкка жана мартабага жетүүнүн мүмкүнчүлүгү болушуна байланыштуу да болууда.

Улуттук статистикалык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда орточо айлык акы 13 миң сомго жетпеген сумманы түзөт. АКШ доллары менен эсептегенде ал 200 долларга жетпейт. Көпчүлүк министрлик, бюджеттик мекемелерде айлык акылар андан да төмөн. Айлык акылардын өтө аздыгы дарыгер, мугалим, милиционер, чиновниктерди пара алууга түртүп, анын натыйжасында коррупция Кыргызстанда жашоо мүнөзүнө айланып турат.

Мындай шартта жана жагдайда коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуу болушу күмөндүү. Бийлик экономиканы көтөрүү, аны менен айлык акыларды жетиштүү деңгээлге жеткирүүгө караганда жазалоо жагына көбүрөөк көңүл бурууда. Жазалоо учурундагы иш козгоолор жана камоолор мындан бийликтин оппоненттери көбүрөөк жабыркап, коррупцияга каршы күрөш тандамал мүнөздө болууда деген айыптоолорго негиз бергени маалым.

Бирок Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров республикада коррупцияга каршы күрөш натыйжасын берип, ээлеген кызматтарына карабай камакка алуулар болуп жатат дейт.

Ал жемкорлукка каршы күрөш эми системалык мүнөзгө ээ болушу керектигине токтолду:

- Азыр биз башкы прокуратура, өкмөттүн тийиштүү структуралары менен сүйлөшүп, коррупцияга каршы күрөштө баарыбыз биригип, такташып, кайсы орган кайсы жерден кандай ишти алып барат деп, күрөштү дагы бир жаңы деңгээлге чыгаралы деп жатабыз. Бул иш эмне үчүн жасалууда? Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш негизинен эле президенттин демилгеси жана президент камсыз кылган саясий эрктин негизинде келатат. Эми биз коррупцияга каршы күрөштүн өзүбүзгө таандык системасын куруп алышыбыз керек. Бул система комплекстүү болушу керек.

Кыргызстанда коррупцияга каршы УКМКнын антикоррупциялык кызматы практикалык күрөш жүргүзсө, Коргоо кеңешинин катчылыгы коррупциянын себебин аныктап, ага шарт түзгөн системаны өзгөртүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө.

Демократиялык көз караштагы саясатчылар республикада чыныгы демократиялык мыйзамдуулук орномоюн азыркы кезде кеңири тараган жемкорлук азайбайт дейт. Маселен, ишкер жана саясатчы Эмил Үмөталиев:

- Коррупция менен күрөш жакшы эле жүрүп жаткандай элес калтырганы менен, ажыдаардын куйругун кескендей эле. Орто жана ылдыйкы катмардагылар менен гана күрөш жүрүп, чоң-чоң "акулалар" бошоп кетип жатпайбы. Ар бир адамдын укугу, бизнес, сот системасындагы өзгөрүүлөр булардын бардыгы бир гана демократиялык система орногондо болот, советтик доордун ой жүгүртүүсү кеткенде гана биз коррупцияны жеңдик деп айта алабыз.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Абдырахманов да Кыргызстандагы абалдын жакшырбашын чыныгы демократиянын орнобошунан көрөт. Ал “Фридом хаустун” Кыргызстан авторитаризмге ыктаган өлкө деген баасын туура дейт:

Өмүрбек Абдырахманов
Өмүрбек Абдырахманов

- Биздин азыркы бийлик толугу менен советтик мүнөздөгү авторитардык система болуп эсептелет. Анткени парламенти, соту бар жана аткаруу бийлиги болуп, формасы жагынан демократияга анча-мынча окшогондой болот. Бирок баягыдай эле бардык маселелерди бир эле президент чечет. Андан сырткары биздин башкаруу системабыз толук борборлоштурулган. Бардык маселелер бир жерден, Бишкектен чечилет. Мамлекеттеги бардык акчалар да Бишкекке чогулат, ал эми региондордун баары оозун ачып, качан бизге бирдеме берет деп күтүп отурат. Биздин бардык аймактар ошентип борбордун көзүн кароого аргасыз.

Талдоочулардын баамында, Кыргызстан калкын жапырт жумушсуздук түйшүккө салууда, анын айынан жүз миңдеген адамдар чет жерге мигрант болуп кетүүгө аргасыз болууда. ​

Элдин нааразылыгы өкмөттү чегинтти

Жумушсуздук жана жакырчылык калктын көкөйүнө тийип, өкмөттүн кээ бир калпыс кадамдары аны социалдык толкундоолорго айлантып жиберерин, өкмөт чакыртып алууга аргасыз болгон мыйзамдардын мисалында көрүндү.

Нарындагы митинг. 27-январь
Нарындагы митинг. 27-январь

Белгилүү болгондой, өкмөт мамлекеттин чыгашасын кыскартуу максатында бийик тоолуу аймактарда жашаган калкка берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Ал мыйзам долбоорун өткөн жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги иштеп чыгып, өкмөт жактырган. Мына ушул жана автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоору элдин нааразылыгын пайда кылып, Нарын облусунда калктын 27-январга митинг белгилөөсүнө алып келди.

Мындан улам митингдин алдында өкмөт бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууга аргасыз болду. Өкмөт ошондой эле автоунааларды камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамды ишке киргизүүнүн шартын өзгөрттү. 25-январда Нарынга башкаруучу коалициянын лидери Чыныбай Турсунбеков баш болгон депутаттар барып, өкмөттүн чечимин жеткиришти. Митинг болбой турганын жарыялашты.

Бирок бийликтин мына ушундай чегинүүлөрүнө карабай, 27-январда Нарында митинг болду. Митингдин уюштуруучуларынын бири Эркин Асаналиев калктын көйгөйлөрү көп экенин айтат:

- Социалдык фондго төлөмдөр көбөйтүлдү. Электр энергиясы дагы мурункудай болуп жатат. Бир аз эле төлөбөй калсаң кыркып салууда. Баалар көтөрүлүүдө. Нарында мал менен жан сактайбыз. Малды алган адам жок. Беларус, Орусиядан малдар келип, эттин баасы түштү дейт. Нарындыктар эмне кылабыз?

“Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы маалымдагандай, 27-январдагы митингдин катышуучулары комиссия түзүп, бийликке кайрылуу жолдоду. Кайрылууда бийик тоолуу аймактагы жеңилдиктерди калтыруу, кыш мезгилинде электр энергиясына жеңилдиктерди көбөйтүү, турак жайды жана автоунааны камсыздандырууну мажбурлоо менен жүргүзбөө, жөлөк пулдарды көбөйтүү жана соцфонд төлөмдөрүн азайтуу талаптары коюлду.

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы мурункудай эле 7-февралдан тарта күчүнө кирет. Бирок камсыздандырылбаган автоунаа үчүн айып пул төлөө мөөнөтү 2018-жылдан тарта башталмакчы.

Финансы базарын жөнгөрүү жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Санжар Мукамбетов 7-февралдан тарта ыктыярдуу түрдө камсыздандыруу башталарын билдирди:

- Өз эркиңер менен камсыздандырууга укугуңуздар бар. Эгерде кандайдыр бир себептер менен жол кырсыгына учурап, күнөөлүү болуп калсаңыз, чыгымды камсыздандыруу компаниясы төлөп берет.

Санжар Мукамбетов милдеттүү камсыздандырууну киргизүү автоунаалардын кагылышуусунан кийинки соттошууларды азайтарын кошумчалады. Анткени камсыздандыруучу компания маселени чечип, соттошуунун кажети жок болуп калат.

Ал эми турак жайды камсыздандыруу ыктыярдуу мүнөздө болот. Айыл жергесинде камсыздандыруунун бир жылдык акысы 600 сом болсо, шаарда 1200 сом болот. Өкмөт бул үчүн мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түзүүнү аяктоо алдында турганын өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов маалымдады:

- Учурда мамлекеттик камсыздандыруу уюмун түзүү боюнча бардык иштер аткарылып бүтүп калды. Анын уставдык капиталы 50 млн. сом болот. 1-февралдан тарта ал ишке кириши керек.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча республикада 295 миң квартира, 847 миңден ашуун жер үй жана 3,5 миң барак үлгүсүндөгү үйлөр бар. Камсыздандырылган үйлөргө табийгат кырсыгы, өрттөн зыян тарткан учурда чыгымына жараша 500 миң сомго чейин төлөнүп берилери кабарланган.

У.Ботобеков Кыргызстандан чыгып кетти

Узап бараткан жумада “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү, саясий активист Уран Ботобеков Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Ал интернет аркылуу тараткан маалыматында "Президент Алмазбек Атамбаев менен анын кеңешчиси Икрамжан Илмиянов сын айткан эркин журналисттерди сот аркылуу миллиондогон сом айыпка жыгып, сөз эркиндиги менен адам укугун орой тебелеп жатканын менин жан дүйнөм кабылдабайт. Ак үйдүн тапшырмасы менен соттордун мага карата чыгарган мыйзамсыз чечимдерин тааныбайм. Менин өлкөдөн чыгып кетишим «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматовго, анын жакын туугандарына жана партиянын активдүү мүчөлөрүнө каршы жүрүп жаткан репрессияны кескин түрдө айыптаган саясий кадам болуп саналат", - деп белгилеген.

саясий активист Уран Ботобеков
саясий активист Уран Ботобеков

Буга чейин сот президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу жана азыркы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Уран Ботобековду 1,8 миллион сом айып пулга жыккан эле.

2015-жылы 30-апрелде “Кабар Ордо” интернет порталына журналист жана коомдук ишмер Уран Ботобековдун «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн айланасындагы абал боюнча маеги жарыяланган. Икрамжан Илмиянов маекте келтирилген ага байланыштуу тогуз мисалды абройуна шек келтирүү катары кабыл алып, сотко берген.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов Уран Ботобеков чындыкты бурмалап сүйлөгөнү үчүн ушундай абалга кириптер болду дейт:

- Уран Ботобеков дайыма чындыкты бурмалап сүйлөп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогон адам. Бул жолу да кандайдыр бир статус алуунун амалын ойлоп жатса керек...

Уран Ботобековго чейин “Улуттар Биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов да Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ага да Ош шаарынын мэри болуп турган мезгилде финансылык мыйзам бузууларга барган деп, кылмыш иши ачылган. Мелис Мырзакматов мунун баарын саясий куугунтук деп баалаган.

2015-жылы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” патриясынын лидери Өмүрбек Текебаев Мелис Мырзакматов саясий кызматташууга барып, “Ата Мекендин” шайлоо тизмесине Мырзакматов жана анын партиялаштарын кошкон. Бул союз Мырзакматовдун Кыргызстандагы саясий ишмердүүлүгүн жандантууга шарт түзчүдөй болгон. Бирок шайлоодо “Ата Мекендин” аз добуш алуусу, ал эми Мелис Мырзакматовдун БШК тарабынан тизмеден чыгарылуусу андай максаттын ишке ашуусуна тоскоолдук кылды.

Кыргызстандагы белгилүү юрист жана саясатчы Мукар Чолпонбаев “Улуттар биримдиги” партиясынын активисти Уран Ботобековдун окуясы өлкөдө саясий куугунтук бар экенин тастыктайт дейт. Ал эми Жогорку Кенештин мурунку депутаты Өмүрбек Абдырахманов журналисттерди, саясий оппоненттерин соттомой, ошол соттор аркылуу олчойгон айып пул салмай авторитардык өлкөгө мүнөздүү көрүнүш деген ойдо.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG