Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Узап бараткан аптада жарандык коомдун өкүлдөрү Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыкты. Кумтөр кенине тиешеси боло турган Суу кодексине өзгөртүү киргизүү парламентте талаш-тартыш жаратты.

Ал эми саясий партиялар шайлоо алдында командаларын бекемдөөнүн үстүндө иш жүргүзүүдө.

Конституциялык реформа кайрадан талкууга түштү

Кыргызстанда жарандык коомдун өкүлдөрү жана айрым оппозициялык саясатчылар Конституцияны өзгөртүүгө каршы 25-июнда акция өткөрүштү. Жүздүн тегерегинде адам катышкан бул акция оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрүнүн акыркы мезгилдеги биринчи жолу биргелешкен орчун акциясы болду. Акция Жогорку Кеңештин жана фракция лидерлеринин көңүлүн буруп, конституциялык реформа боюнча талкууну кайра жандантты.

Конституцияны өзгөртүүнү президент жана Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция лидерлери да каалап, алар күзгү парламенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүүнү көздөөдө.

Өзгөртүүлөрдүн маңызына келе турган болсок, ал президент, өкмөт башчы жана партия лидерлеринин бийлигин, таасирин бекемдөөгө багытталган. Маселен, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, президенттин бийлиги Коргоо кеңешинин Коопсуздук кеңеши болуп түзүлүшүн жана Жогорку Соттун жетекчилигин дайындоого талапкерди сунуштоо укугу менен күчөйт.

Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик башчыларын кызматтан алуу укугуна ээ болот. Ал эми партия лидери партия чечими менен депутатты фракциядан чыгаруу укугуна ээ болот. Фракциядан чыгарылган депутат автоматтык түрдө депутаттык мандатынан ажырайт. Бул конституциялык талап экени белгилүү.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков конституциялык реформанын максаты - бийликти бекемдөөгө багытталганын тастыктайт:

- Мамлекеттик деңгээлде айрым иштердин аткарылбай калганы, премьер-министрдин күчү алсыз болуп, акимдерди башкара албаганы, иштен ала албаганы айтылып келген. Ошондуктан премьер-министрдин укугун күчөтүү керек деген маселе жаралган. Өзгөртүү киргизүү демилгеси сот реформасынын аксап атканынан, нааразылыктын дале көп болушунан улам аларды кантип жакшыртабыз дегенден келип чыкты. Президентке байланыштуу эч нерсе деле жок. Бир гана Жогорку Соттун төрагасына талапкерди Жогорку Кеңешке президент көрсөтөт деген эле нерсе бар.

Аксаган сот реформасын жылдыруу үчүн Жогорку Соттун президиумун түзүү жана жетекчилигин президент жана парламент тарабынан шайланышына жетишүү каралып жатат. Бирок бул теңирден тескери натыйжа берет, сот бийлиги президент жана парламенттен ого бетер көз каранды болуп калат деген пикирлер айтылууда. Эң башкысы башкаруучу коалиция лидерлеринин арасында да сунушталган өзгөртүүлөр сот реформасын ийгиликке алып келеринен күмөн санайт.

Ал эми кезинде Жогорку Сотту жетектеген, азыркы кездеги парламент мүчөсү Курманбек Осмонов конституциялык реформа сот системасындагы реформаны ийгиликке алып келбейт деди:

- Бул жалпы соттук реформага эч кандай таасир этпейт. 2010-жылкы Конституцияга чейин президенттин сунушу менен парламент он жылга шайлап келген. Убагында 2004-жылы мен он жылга шайлангам. Ошондой эле тартипте орун басарлар, судьялар шайланчу. Эми шайлоонун мөөнөтүн жана тартибин өзгөртүп койгондон реформа алдыга жылып кетпейт да.

Курманбек Осмонов сотторду эл аркылуу шайлоо аларды президент, парламентке болгон көз карандылыктан чыгарууга боло турганын айтат.

Курманбек Осмонов сунушталып жаткан реформалар сот бийлигинин көз карандылыгын күчөтүүгө алып келет деп эсептейт. Ал муну Конституциялык палатанын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруучу орган эмес, кеңеш берүүчү органга айлантуу аракетинен да көрүнүп турат деп негиздейт.

Конституциялык реформа маселеси Жогорку Кеңештин комитеттериндеги жыйындарда да кызуу талаш-тартыш жаратып, депутаттар Исмаил Исаков, Мыктыбек Абдылдаев бийликти бекемдөө максатындагы Конституциялык өзгөртүүлөр буга чейин эмне менен аяктаганын Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин эсине салышты.

Кыргызстанда сот системасына сын Кошмо Штаттар тарабынан да айтылды. Мамлекеттик департаменттин 2014-жылдагы адам укуктарынын сакталышы боюнча докладында Кыргызстанды бейтарап системасы жок деп сынга алган.

Мына ушундай сындардан жана каршылыктан кийин Жогорку Кеңештеги үч фракция лидерлери президенттин өтүнүчү менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жазылган мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Бул тууралуу КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков мындай маалымат берди:

- Президент бизге атайын кат менен кайрылды. Анын кайрылуусун эске алуу менен биз да бул мыйзамды "бүгүнкү күн ушуну талап кылып жатса, токтото туралы" деген бир чечимге келдик. Акыркы кезде коомчулукта айтылган пикирлерди эске алуу менен эми бул маселени кийинки парламенттин кароосуна калтырдык. Жаңы парламент муну карайбы, же жокпу ал өз убагында билинет. Негизи биз мындай чечимди коомчулуктун гана кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алдык.

Жерүйдүн акчасы бөлүндү

Жерүйдү иштетүү боюнча конкурсту утуп алган Орусиянын "Востокгеолдобыча" компаниясы узап бараткан жумада Кыргызстанга 90 млн. доллар которуп бергени маалым болду.

Компания май айында конкурсту жеңер замат 10 млн. доллар которуп берген эле. Мына ошону менен “Востокгеолдобыча” конкурстун негизги шарттарынын бирин аткарды.

Эми кыргыз бийлиги Жерүйдү иштетүүгө Зия Бажаевдин компаниясына мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Таласта болсо Жерүйдү иштетүүгө калктын каршылыгы арбын. Алар “Ата Мекен” партиясы тарабынан саясий колдоого да ээ болушту. Ошондуктан Жерүйдүн айланасында татаал жана талаштуу жагдай түзүлүп турат.

Бийликке болсо Жерүйдү иштетүүгө шарт түзүүгө караганда, түшкөн 100 млн. долларды тезирээк бөлүштүрүү оңой жана пайдалуу. Ошондуктан акча толук түшө электе эле ал бөлүштүрүлө баштаган. Маселен, буга чейин өкмөт башчы Темир Сариев акча келип түшөр менен жол, мектеп курулуштарына жумшаларын айтса, 25-июнда мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев да Жерүйдүн акчасына мектеп салынарын тастыктап чыкты.

Бийлик менен “Ата Мекен” фракциясы Жерүй эле эмес, Кумтөр маселесинде, тагыраак айтканда, Суу кодексине өзгөртүү киргизүүдө да карама-каршы келүүдө.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев Суу кодексине өзгөртүү киргизүүдө коррупция бар деп, өкмөт жана депутаттар кылмышка барып жатканын айтты:

- Бул мыйзам долбоорун өткөрүүнү кылмыш деп эсептейм. Ушуну колдогон өкмөт мүчөлөрүн “Центерра голд” ​компаниясына сатылды деп эсептейм. Кечээ эле баатыр болуп, беш жылда беш чечим кабыл алып, мурдагы иштерди териштиргиле деп Башкы прокуратурага тапшырма берген парламент депутаттары кайра өздөрү бүгүн ушул кылмыштуу мыйзамды өткөрөлү деп чуркап жүрүшөт. Бул - чыккынчылык. Келечекти талкалай турган бул мыйзам өтүп кете турган болсо алардын бардыгы кийин жоопко тартылат.

Өкмөт өз кезегинде Суу кодексине өзгөртүү киргизилбесе, Кумтөрдө 6-июлдан тарта иш токтойт, ал финансылык эле эмес, экологиялык да кырсыкка алып келет деп коркутууда.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова бул мурдатан жашырылып келген деп айыптады:

- Мына, "Давыдов болбой калды, карьерди басып калганы үчүн аны башка жерге көчүрөбүз" деп бүгүн айтып атабыз. Биз эмне үчүн элди алдашыбыз керек? Жөн эле айтпайлыбы, болору-болду боёсу канды. Давыдов мөңгүсү бүттү, эрип түшүүдө. Лысый мөңгүсү жок болду. Карьерди басып калбаш үчүн, аны иштетүү үчүн мөңгүнү четинен кесип, ар жакка ыргытып жатабыз деп.

Суу кодексине өзгөртүү киргизилиши менен мөңгүлүү аймакта кен казуу иштерин жүргүзүүгө уруксатты өкмөт өз алдынча бере баштайт. Ошондуктан мыйзам күчүнө кирер замат Кумтөрдүн айланасындагы мөңгүлөрдү талкалоого өкмөт уруксат берет деген чочулоо күчтүү.

Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров

Андан сырткары кодекске өзгөртүү киргизүү менен Кыргызстан буга мөңгүлөр буга чейин мыйзам негизинде талкаланган дегенге жол ачат. Бул “Центеррага” экология боюнча коюлуп жаткан доолордон баш тартууга барабар экени да айтылууда. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

- 1992-жылдан берки кыргыз бийлигинин кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу, адалдаштыруу, изин жашыруу максатында кабыл алынып жатат. Эмне үчүн дегенде ошол жылдан берки бийлик жалаң гана канадалыктардын кызыкчылыгын коргоп келатат. Мен 2012-жылдан бери айтып келатам, бул Жогорку Кеңеш тараганга чейин Бакиевдер 2009-жылы түзүп, мыйзамдаштырып кеткен келишимди бузбайт. Ошондой убада беришкен. Тиешелүү акысын алышкан. Ошондуктан тийбейт. Мына ошол туура экени иш жүзүндө аныкталууда.

Белгилүү болгондой, азыркы өкмөт башчы Темир Сариев башында турган өкмөттүк комиссия “Центерра Голд” Кумтөрдү иштетүүдө Кыргызстан экологиясына абдан оор зыян келтиргенин жазып чыккан. Бирок өкмөттүк комиссиянын корутундусунан да, экологиялык зыян боюнча доодон да эч кандай жылыш байкалбайт. Өкмөт жана бийлик эң негизги максат катары Кумтөр кандай болбосун иштесин деген гана позицияда туруп келатат.

Өкмөт жана бийликчил депутаттардын күчү менен 26-июнда кодекске өзгөртүү киргизүүнү парламент экинчи окууда жактырды. Эми анын үчүнчү окууда жактырылышына күмөн жок.

Партиялар бир айлампа чуркап келишти

Күзгү парламенттик шайлоо алдында саясий партиялар үгүт иштеринин биринчи, бейрасмий айлампасын жүргүзүштү. Бул айлампада бийликтеги КСДП мамлекеттик медицина кызматкерлерин региондордо калктын ден соолугун текшерүүгө пайдаланды. Андан сырткары Аалы Карашев, Икрам Илмиянов сыяктуу ишенимдүү адамдарын штабдарга отургузуп, алдыртадан даярдык ишин активдүү жүргүзүүдө.

“Ата Мекен” партиясы көйгөйлүү маселелерди көтөрүү менен бирге катарына салмактуу саясатчыларды, таанымал инсандарды тартуу үстүндө активдүү иштеп жатат. Алардын жаңырыгы катары маалымат каражаттарында Чубак ажы Жалилов, Мелис Мырзакматов жана башка таанымал инсандардын “Ата Мекенге” ыктаганы тууралуу маалыматтар чыгууда.

“Бир бол” партиясы биринчи ролго Марат Султановду чыгарып, ал партиянын жүзүнө айлана баштады. Кыязы, Ош аэропорту жана андагы акча тоноолордо Алтынбек Сулаймановдун ысымы тескери жагы менен көп аталгандыктан, партия Сулаймановду көшөгө артында туруп турууга көндүргөн окшойт. Сүйлөшүү, тил табышууда Марат Султанов ийкемдүү болуп, бул партиянын катарына Акылбек Жапаровдун өткөнү маалым болду. Ошондой эле Мыктыбек Абдылдаевдин ыктап жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Албетте, булардан сырткары “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек”, “Республика Ата-Журт”, “Прогресс-Өнүгүү” партиялары пиар өнөктүктөрүн жүргүзүп, калктын көңүлүнөн түнөк алууга аракеттенүүдө. Алардын бири шаарга лампочка илип жатса, экинчиси бузулган жолду оңдоого салымын кошууда. Бирок коомчулукта мындай бейрасмий үгүт иштерин жүргүзүү мыйзамга канчалык туура келет деген суроолор да жок эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева партиялардын азыркы аракеттерин партиялык иштерин жүргүзүү катары гана бааланат деп билдирди:

- Шайлоо мөөнөтү башталганда, үгүт иштерин катталган партия гана жүргүзө алат деген жобо бар. Азыр болсо өзүнүн партиялык ишин өткөрүп атышат.

Партиялардын азыркы ишин андан башкача баалоого мыйзамдык база жоктугун Журабаева кошумчалады. Ал эми КСДПнын медицина кызматкерлери менен жер-жерлерди кыдыруусунда административдик ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгүн прокуратура кызматы иликтеши керектигин Журабаева белгиледи.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG