Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Чоң пансионаттар салыкты аз төлөп жатышат


Көлдөгү эс алуу жайы.
Көлдөгү эс алуу жайы.

Ысык-Көлдөгү ири пансионаттар мамлекеттик кичи пансионаттарга караганда аз салык төлөп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетиндеги жыйында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди:

-Статистика комитетинин кичинекей пансионаты бар. Биз байкоо жүргүзсөк, “Солнышко”, “Витяз” деген чоң пансионаттарга караганда көп салык төгүптүр. Чоң пансионаттар аз төлөгөн.

Сооронбай Жээнбеков төлөнгөн салыктардын суммасы тууралуу ачык айткан жок. Жемкорлуктан улам, ушундай абал жаралганын белгилеп, өкмөт башчы атайын топ бул маселени иликтеп жатканын кошумчалады. (SE)

XS
SM
MD
LG