Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай эл республикасында сапар менен жүрөт. Сапар учурунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу талкууланары белгиленген. Кыргыз бийлиги тарабынан бирде колдоого алынып, бирде четке кагылып келаткан темир жолдун тагдыры оң жагына чечилеби?

Президент Алмазбек Атамбаевдин 31-августтагы сөзүнө караганда, анын Кытайга сапары учурунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүү болот. Белгилүү болгондой, президент Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы 1-сентябрда Кытайга барды.

Кыргыз делегациясы эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүүгө байланыштуу сүйлөшүүлөрдөн сырткары Кытайдын Жапония менен согуштагы жеңишин майрамдоо боюнча салтанатка да катышат.

Кытай сапарынан кийин Алмазбек Атамбаевдин Иран ислам республикасына сапары белгиленген. Иран сапарында да Иран-Тажикстан-Кытай темир жолу боюнча сүйлөшүү болору айтылды. Иран-Тажикстан-Кытай темир жолун куруу боюнча бир нече багыттар каралып жатканы маалым. Анын бири боюнча темир жол Кыргызстан аймагынан да өтөт. Бирок бул темир жолду куруу боюнча иштер жасала элек.

“Кыргыз Темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Долбоорлоо жана куруу боюнча департаментинин башчысы Канат Абдыкеримовдун билдирүүсүнө караганда, Иран-Тажикстан-Кытай темир жолунун Кыргызстандан өтө турган бөлүгү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме жасала элек. Маселе изилдөө деңгээлинде турат.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун техника-экономикалык негиздемеси аяктоо алдында турат дейт Абдыкеримов:

- Бүгүнкү күндө биз техника-экономикалык негиздемесин аяктап атабыз. Ушул айдын аягына карай толук бүтүрөбүз. Багыты боюнча айтсам, Торугарттан кирет. Торугарт-Ат-Башы ГЭСи-Макмал-Жалал-Абадга түшөт.

Канат Абдыкеримовдун айтуусунда, бул биринчи жана негизги вариант. Экинчи вариант боюнча Торугарт-Арпа-Жалал-Абад багытында болот. Бул багыттардын баары иликтенип, Кыргызстан үчүн эң ыңгайлуусу тандалып алынат.

Кыргызстандын унаа жана байланыштар боюнча мурунку министри Калыкбек Султанов баштаган кыргыз делегациясы быйыл февраль айында Бээжинге барып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келген. Анда Кытай тарап темир жолдун эни 1 метр 52 сантиметр болушуна макул болгон. Мындай стандартта КМШ мамлекеттеринин поезддери жүрөт. Буга чейин темир жолдун эни Кытай стандарттына ылайык болот деп болжолдонуп, ал Орусиянын кескин каршылыгын жараткан. Мына ошонун айынан 2013-жылы кыргыз тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга кызыкпай калганы маалымдалган. Президент Алмазбек Атамбаев анын ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия багытында темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок аны каржылоого эч ким чыккан эмес.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга сапары.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун Кытай өкмөтү каржылоого даярдыгын билдирип келет. Кыргызстан болсо долбоорго жер участогун берүү менен катышат. Февраль айындагы Калыкбек Султановдун Бээжинге сапары Кыргызстан өкмөтүнүн позициясы өзгөргөнүнөн кабар берет.

Саясат таануу илимдеринин доктору Аалыбек Акунов темир жолдун курулушуна оң баа берет:

- Бизге темир жол аябай эле керек. Анын биз аркылуу өткөнү жакшы. Улуу Жибек жолу деле биз аркылуу өткөн. Жол өткөн жер өнүгөт. Темир жолдун жээгине кампалар курулат, инфраструктура өнүгөт. Биз деңиз жолуна чыкпайбыз. Мындай шартта кандай варианты болсо деле темир жол бизге жакшы.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандагы бөлүгү 2012-жылдагы эсепте 430 чакырым келип, баасы 6 млрд. доллардын тегерегинде деп болжонгон. Андан кийин жолдун багыттары жана пландары өзгөртүлгөн. Ошондуктан техника-экономикалык негиздеме даяр болгондон кийин темир жолдун баасы, аны куруунун жана өзүн-өзүн актоонун мөөнөттөрү айкын болмокчу.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG