Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

Багдаддагы теракттан жети киши өлдү


Багдад
Багдад

Ирак борборунун батышында 25-сентябрда жанкечти тарабынан жасалган теракттан жети киши набыт болду. Маалыматка караганда, жардыруу жергиликтүү тургундар диний Ашура майрамына даярдык көрүп жаткан учурда жасалды. Андан жыйырмадай киши жарадар да болду. Теракт үчүн эч кайсы тарап жоопкерчилик ала элек. Бирок шииттерге каршы жасалган жардыруулар үчүн “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюм көбүнчө жоопкерчиликти алып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG